Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Поэзиядагы жана илимдеги дилетантизм

Поэзиядагы жана илимдеги дилетантизм

22-октябрь, 22:08
1 202 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн сандарда)

“60-жылдардагы аялдар поэзиясындагы идеялык-тематикалык жана стилдик изденүүлөр” деп аталган 2-параграф өнө боюпоэзиядагы орто деңгээлден өйдө көтөрүлө албаган акын Н.Жүндүбаеванын жалпы чыгармачылыгын сыпаттоо менен башталып, андан кийин З.Сооронбаеванын ырларын “талдаганга” өтөт. “З.Сооронбаева акын болуп калыптандыбы?” деген маселе изилдөөчүнү кызыктырбайт. З.Сооронбаеванын 1966-жылы жарык көргөн “Достук” ырлар жыйнагы тууралуу сынчы С.Карымшаков “Жыйнак беттериндеги заметкалар” аттуу макаласында “Жыйнактагы ырлардын баардыгы үстүртөн, жеңил-желпи жазылган. Мындай ырларга кайсы “формуланы” колдонсок болор экен? ” (“КМ”, 10-июль 1968-жыл) деп катуу сындап, З.Сооронбаеванын калеминин төшөлө электигине, чыгармачылыкка жоопкерчиликсиз мамилесине жана адабий сабатсыздыгына байланыштуу суроолорду кабыргасынан койгон. Ал эми автор З.Сооронбаеванын бир-эки ырынын мазмунун калыпка салып кайпытып кайталоо менен көшөрүп, аны акын катары көрсөткүсү келет, тилекке каршы,ушундан А.Эгембердиеванынхалтура менен чыныгы поэзияны ажырата албай турганы айкын көрүнөт.

Андан кийин изилдөөчү чыгармачылыгында айрым бир ийгиликтерди, табылгаларды эске албаганда, поэзияга жаңылык алып келбеген,сапаттык жаңы бийиктиктерге жетпеген С.Абдыкадырова, М.Буларкиева, М.Абылкасымова, Ж.Тынымсейитова сыяктуу авторлордун соцреализмдин алкагындагы саясый-граждандык темадагы ырларынжогорудагы даяр калыптарга салып,сыпаттаганга өтөт. Алардын чыгармаларынын жалпылыгы, же айрымачылыгын конкреттүү талдоолордун негизинде көрсөтө албайт. “70-жылдардагы медитативдик лирика”деп аталган параграфта С.Акматбекова, Р.Карагулова, Ш.Келдибекова, А.Узаковалардын чыгармачылыгы тууралуу үстүртөн жалпы сөз болот. Автор С.Акматбекованын чыгармачылыгына токтолуу менен анын ырларын коммунисттик идеологиянын догмаларына таянып сындаган О.Ибраимовдун “Сентименталдык саптарга саякат” (О.Ибраимов “Көз караш”, Ф., “Кыргызстан”1985, 90-115-беттер))аттуу макаласына “Убагында Пушкинди Белинский кандай ачып берсе, С.Акматбекованын чыгармачылык ажарын дээрлик бир беткей терс сындаганы менен сынчынын аталган макаласы оң жагынан ачып берген” деп бийик баа берген. Логикалык жагынан чаташкан бул сүйлөм окурманга түшүнүксүз, “Пушкиндин феноменин Белинский ачып бергендей ачып берсе, анда Ибраимов С.Акматбекованын поэзиясын терең изилдеген турбайбы” деген жыйынтыкка өзүнөн өзү келебиз, бирок автор анысын кайра жокко чыгарып, “С.Акматбекованын чыгармачылык ажарын дээрлик бир беткей терс сындаган” деп биринчи сүйлөмдөгү аныктамасына каршы чыгып, төгүндөгөн, кайра өзүнүн сөзүнө өзү чалынып, “сынчынын аталган макаласы оң жагынан ачып берген”деп жыйынтыктайт. Бири-бирин жокко чыгарып, үч башка маани берген бул үч сүйлөм автордун пикиринин калпыс, негизи жок экенин күбөлөп турат.Совет эли коммунисттик идеалдарга ишенип жашап жаткан 80-жылдары О.Ибраимов С.Акматбекованын поэзиясындагы символизмди кабыл албай, жерип, лирикалык каармандын экзистенциялык абалын чагылдырган символдорду тескери интерпретациялап, “...идеялык-эстетикалык кунарсыздык... өз кайгы-касиретинен башка бу кенен дүйнөдөн эч нерсени көргүсү да, уккусу да келбеген поэтикалык кереңдик...аргасыздык, бейопачылык жөнүндөгү пессимисттик ноталар” дегенидеялык дооматтарды коюп, эрдиктерге шыктандырган социалисттик гуманизмдин жоктугу үчүн акынды күнөөлөп, “...бечара пессимизмди, “ным менен сууктун”, “нестик менен үмүтсүздүктүн” поэзиясын мактай да, жактай да албайм” деп коммунисттикрежимдин идеяларына сугарылган сынчы позициясын ачык,так айтып, “С.Акматбекованын элегиялык поэзиясы ички интеллектуалдык жигердин мажестигинен, чабал личносттук дараметтин айынан, ыксыз сентименталдуулуктун кесепетинен качан болсо каран түндү, терезеден телмирүүнү, муздактыкты, нестикти, дене чыйрыктырган кара жамгырды ырдап келет” деп идеялык айып тагып, коммунист-цензордун көзү менен карап жатса, ал кайдан жүрүп Белинский Пушкиндин чыгармачылык генийин ачкандай С.Акматбекованын көркөм-эстетикалык дүйнөсүначкан болот? Тескерисинче, саясый айыптарды тагып, идеялык дооматтарды коюп, соцреализмдин программасынын нормативдерин талап кылып, мазмуну социалисттик адабиятка С.Акматбекованын пессимисттик мотивдери жат көрүнүш экенин белгилөө менен акындын символизминин күлүн көккө сапырып,жокко чыгарган. Сынчы О.Ибраимовдун идеологиялык догмаларга таянган, соцреализмдин принциптерин бекем туткан критерийлери поэзиянын имманенттик ички мыйзамдарын, эстетикасын танып, баркын кетирип, баасын түшүргөн дооматтарына оң маани берем менен убара болгон А.Эгембердиева С.Акматбекованын көркөм феноменинин эстетикалык маңызын,семантикасын, поэтикасын ачып бере алган эмес. Бул главаны ушул параграфжыйынтыктайт. Ошентсе да О.Ибраимов “История кыргызской литературы ХХ века” (2013) аттуу китебинде С.Акматбекова менен Р.Карагулованын чыгармачылыгы боюнча 80-жылдары жарыялаганполемикалык макалаларын эскерүү менен эки акынды кыргыз поэзиясындагы импрессионизм агымынын лидерлери катары көрсөткөнүн, өзүнө өзү каршы чыгуу, мурдагы жаңылыш идеялык дооматтарын, аша чапкан сын пикирлерин төгүндөөкатары кабыл алалы. 

60-жылдардан кийинки доордун башталышы менен поэзиядагы жаңы ыргактар, жаңы образдар, формалык изденүүлөр70-жылдардын адабий сынында кеңири сөз болуп, А.Токтогулов, К.Даутов, С.Тургунбаев, С.Карымшаков, А.Эркебаев, К.Эдилбаев сыяктуу сынчылардын программалык, проблемалык, обзордук макалаларында, ошондой эле 1968-жылы “Кыргызстан маданияты” жумалыгы уюштурган талкууда, андан кийин 1976-жылы “Ала-Тоо” журналында жүргөн поэзия боюнча талкууда кеңири каралып, жалпы адабияттын контекстинде өнүгүү тенденциялары аныкталып,проблемалары терең изилденген. Ал эмгектерде жана талкуулардаС.Эралиев, О.Султанов, Р.Рыскулов, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов, С.Тургунбаевдердин ырларындагыидеялык-көркөмдүк, философиялык, формалык изденүүлөр кыргыз поэзиясында жетектөөчү мүнөзгө ээ болуп, негизги тенденцияга айланганын конкреттүү эстетикалык талдоолордун, ынанымдуу жыйынтыктардын негизинде көрсөтүлгөн. А.Эгембердиева изилдеп жаткан темасына түздөн-түз байланыштуу,адабий процессти сын элегинен өткөргөн бул олуттуу материалдарды көрмөксөн-билмексен болуп айланып өтөт да, ошол кездеги жандуу адабий процесстин контексинен “жулуп” алып,С.Абдыкеримова, Н.Жүндүбаева, Ж.Тынымсейитова, З.Сооронбаева, Т.Адышева, М.Абылкасымова, М.Буларкиева, Г.Момунова, Д.Жамансартовалардын чыгармаларын өзүнүн теңдемечил, примитивдүү усулдарына салып, мазмунун жондотуп кайталоо менен чектелген. 

Жалпы жылдыз биригип,

Жарыгы жалгыз айдай жок, - деп улуу Токтогул ырдагандай орто деңгээлден өйдө көтөрүлө албаган аталган акындардын жеке чыгармачылыгындагы чекене табылгаларды кыргыз поэзиясында символизмди негиздеп, жаңы агымга чыйыр салган Сагын Акматбекованын көркөм феноменине салыштырууга болбойт. Анан калса, модернизмдин белгилери 60-жылдары эле С.Эралиев, О.Султанов, Ж.Мамытов, С.Тургунбаевдердин жаңычыл поэзиясынан байкала баштаган. Ушул адабий агымдын кыргыз поэзиясында пайда болушу, өнүгүүсү, көркөм кубулуш катары изилдөөнүн негизги предмети болбостон, экинчи пландагы, ортозаар акындардын чыгармачылыгын жондотуп сыпаттоо изилдөөнүн башкы максатына айланган.

Диссертациянын 3-главасы “80-жылдардагы кыргыз поэзиясындагы модернисттик тенденциялар жана аялдар поэзиясы” деп аталып, “80-жылдардагы новаторлук (жаңычылдык) тенденциялар аялдар поэзиясында” деген параграф менен башталат. А.Эгембердиева 80-жылдардын поэзиясындагы жаңылыкты С.Абдыкадырова, М.Буларкиева, Н.Жүндүбаева, А.Дегенбаева, Ш.Мамбетаиповалардын ырларынан издеп табууга аракет кылат. Алардын чыгармалары адабий процеске таасирин тийгизбесе, өзгөрүштөрдү алып келбесе, жаңылык кайдан жаралсын? Жаңычылык А.Эгембердиева көрсөткөндөй айрым бир саптар, уйкаштар, салыштырууларда эмес, ой жүгүртүүдө, образ түзүүдө, өзүнчө поэтикалыкжаңы дүйнө жаратууда болот. Аталган акындардын ырлары 80-жылдары кыргыз поэзиясына жаңылык алып келген деген маселени А.Эгембердиева тайыз сыпаттоолорунда далилдеп бере алган эмес. “80-жылдардагы поэтикалык импрессионизм” (С.Акматбекова, Р.Карагулова ж.б.) деген параграфта аталган акындарга Ш.Келдибекова, А.Узаковалар кошулуп, ырлары сыпатталат. А.Эгембердиева импрессионизмдин аныктамасына шилтемебергени менен эң негизги, кыргыз топурагында бул агым кантип жаралды, анын жаралышына кандай тарыхый-маданий шарттар түзүлгөн (?) деген маселеге жооп бере албайт.Импрессионизмдин мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн белгилөө, чыгармачылыгы кыргыз поэзиясында этаптык мүнөзгө ээ аталган акындардын бири-бирине окшобогон поэтикалык дүйнөсүн ачып көрсөтүү, алардын ырларындагы импрессионисттик кубулушту конкреттүү талдоолордун негизинде көрсөтүп,теориялык жыйынтык чыгаруу ишке ашпай, максатына жетпей калган. 

“Постсоветтик доордогу аялдар поэзиясы” деген төртүнчү главада эгемендүүлүк жылдарында китеби чыккан аял авторлордун ырларына үстүртөн обзор берилип, тизмектелип саналып, А.Эгембердиеванын теңдемечил усулу апогейине жеткен. Китептин дагы бир негизги кемчилиги – акындардын калыптануу, изденүү жолдорундагы прблемалар, ырларындагы мүчүлүштөр, алардын себептери кылдат талданып көрсөтүлбөй, бир жактуу, карандай мактоолор басымдуулук кылат.

Жыйынтыктап айтканда, А.Эгембердиева “аялдар поэзиясы” деген көрүнүштүн көркөмдүк табиятын, тарыхый өнүгүшүн, идеялык-стилдик өзгөчөлүктөрүн тарыхый-адабий процесстин жүрүшүндөгү оош-кыйыштардын, татаал байланыштардынконтексинде иликтеп, теориялык жактан негиздеп, концептуалдуу жыйынтык чыгара алган эмес. Анткени автор “аялдар поэзиясы” деп маселени жалпы адабий процесстен бөлүп алып, аял акындар адабиятка качан келген, канча китеп чыгарган дегенмаселени биринчи планга коюп, терип-тепчип, алардын эсебин алуу менен убара болуп, эмпиризмден өйдө көтөрүлө алган эмес. Мисалы, китептин 18-бетинде 18 ыр китеп, 40-бетинде 16 чыгарма, 100-бетте 10 автор 28 ыр китеп, 129-бетте 22 автор, 46 ыр китеп, 178-бетте 32 автор 59 ыр китеп, 217-218-беттерде 30 автор 69 ыр китеп жөн эле тизмектелип саналат. А.Эгембердиева ысымдары аталган авторлордун өзгөчөлүгүн, чеберчилигин мүнөздөп, ийгилик-кемчиликтерин талдап отурбайт, сыягы алар “ушул тизмеге кошулганына ыраазы болушсун” дейт окшойт. Ошентип бири-бирине окшобогон, алтургай салыштырууга арзыбай турган акындар даяр калыптарга салынып, бир “желеге” байланып “көгөндөлөт”, анткени монографиянын негизги изилдөө усулу – аялдар чыгарганкитептердин бирин калтырбай тизмектеп, каттоодон өткөрүү. “Ишимде аялдар поэзиясынын тарыхы хронологиялык тартипте – совет мезгилине чейинкиси, совет учурундагысы, постсоветтик учурдагысы иликтөөгө алынган. Кимдир бирөөгө жакпайт эле деп анын ичинен кайсы бир акындарды көрбөй кетишим керек беле?”деп А.Эгембердиеванын терең ишеним менен айтып, бизге койгон дооматтары айкын көрсөтүптургандай, китеп чыгарган аялавторлордун ысымдарын тизмектөө, китептерин саноо, фиксациялоо – анынизилдөөсүнүн башкы максатына, негизги критерийинеайланган. Автор негизинен ыр жазган акындарды дембе-дем атап, кайталоо менен алек болгондуктан, диссертацияга толгон-токой фактыларды шыкай берип, аларды орду-ордуна коё албай, жалган методдун артынан жетеленип кеткен. Автор ошол майда-барат фактыларды иргеп, негизгилерин илимий-теориялык багытта чечмелеп, жалпылаштырып, жыйынтык чыгарган эмес.Адабий процескетаасирин тийгизип, поэзияга жаңылык алып келген, өзүнүн поэтикалык дүйнөсүн жараткан авторлордун чыгармачылыгына эстетикалыкталдоо жүргүзүү, индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн ачып берүүгө илимий-теориялык даярдыгыжетпей калган. “Китеби чыккан эле автор изилдөөнүн предмети болот, же адабият тарыхына сөзсүз кирет” деген “теорияны” А.Эгембердиева кайдан таап алган?Илимий угуту жок ушундайжасалма “теория” диссертацияда фактография чайлап-коолап кетишине жол ачкан.Лирикалык каармандын экзистенциялык абалын терең чагылдырып, сергек боёктору,өзүнүн көркөм дүйнөсүн жаратып, поэзиядагы жаңы агымга негиз салган,адабият тарыхында өзүнүн орду бар С.Акматбековаиндивидуалдуу стилин таба элек, көптүн арасында саналып жүргөнышкыбоз автор Ш.Мамбетаипова менен бир деңгээлде каралып,ортосунда асман менен жердей айырма бар, бири-бирине коошпогон ушундай эстетикалык кубулуштар бир калыпка салынып, бир катарга коюлган. Мындай теңдемечилик мамиле совет мезгилинде Жазуучулар союзунун съезд, пленумдарында акыркы беш-он жылда жарык көргөн китептердитизмектеп санаган отчет-баяндамаларында колдонулуучу анахронизмге айланган методдуаргасыз эске салат.

Сыртынан караганда, китепте кыргыз адабиятынын 80-90 жылдык тарыхы камтылган, бирок эмгекте бул мезгил аралыгында доорлор алмашып, тоталитардык режимдин, эгемендүүлүк жылдарындагы социалдык-экономикалык, каржылык кризистин адабияттын көркөм-эстетикалык өнүгүүсүнө кандай таасир тийгизгендиги, дегеле поэзиянын өнүгүү тенденцияларын коштогон татаал тарыхый-адабий процестин жүрүшү, ички мыйзамдары, проблемалары каралбай, изилдөөнүн сыртында калган. Китеп илимий стилде жазылган эмес, негизинен публицистикалык стиль басымдуулук кылат, мисалы, “С.Абдыкадырованын “Алыкул” поэмасы атайын өтө чакан китепче катары жарык көрүп, Алыкул сыйлыгына көрсөтүлүп, бирок аны алган жок. Негизи эле аталган китеп көбүнесе адабий сыйлыкты алуу жагдайындагы аракеттин жемиши болгондугу байкалып калды” деп жазганы гезиттик кабарга окшоп турганы, же “Акын Россиядан Бишкекке аз күнгө келип, кайра эртең менен учуп кетем деген түнү телефондон биз иштеген, ыйык жерлерди иликтеген уюмдун ишине байланыштуу маек жүргүзгөн элек” деп, жасаган иштери жөнүндө берген маалыматтарыгезиттин стили экенин өзү эле кашкайта далилдеп жатат. Ушундай эле М.Абылкасымовага жолукканы, С.Акматбекова менен да телефон аркылуу сүйлөшкөнү сыяктуу китептин көлөмүн көбөйткөн майда-барат маалыматтар огеле көп. Бул китепти автор монография катары мүнөздөгөнү менениш анын илимий талаптарына жооп бербейт, илимий изилдөөнүн элементардык эрежелери сакталбаган. Козголгон проблема теориялык жактан негизделип чечилген эмес. Китеп адабий-эстетикалык талдоолорго чукак болгондуктан, ырлардын мазмунун супсак кайталаган баяндоолордон, эмпирикалык деңгээлдеги тайыз, кыска обзорлордон турат,чачкын фактылар системага салынбай, жалпылаштырылбай, илимий-теориялык, философиялык-эстетикалык жыйынтык чыкпай калган. Ушундан улам “автор илимге жаңылык алып келди, же салым кошту” деп айтканга эч кандай негиз жок. “Алагушту атынан атай” келсек, бул ишилимдеги дилетантизмдин кашкайган үлгүсү.

Акыркы 30 жылда мындай илим сымак, жарабаган диссертациялар жалаң эле адабиятта эмес, педагогика, лингвистика, философия, тарых, юриспруденция, экономика адистиктери боюнча миңдеген изденүүчүлөр ишин коргоп, илимдин кандидаты, доктору даражаларына ээ болушту. Ошон үчүн Кыргызстан окумуштуулардын саны боюнча дүйнөдө 51-орунду ээлеп (Билим берүү жана илим министри К.ИманалиевдинЖогорку Кеңеште берген маалыматы. 22.05.2023, “Кутбилим”, 07,08.2023), ал эми сапаты жана илимий натыйжалары боюнча 130-орунга сүрүлүп,өнүккөн өлкөлөрдү мындай коёлу, КМШмамлекеттерининчаңында калып отурат. Бул, албетте, кейиштүү көрүнүш, анткени Кыргызстандын окумуштууларынын саны көп болгону менен сапатынын төмөндүгү дүйнөлүк коомчулукка да белгилүү экен. Демек, илим деградацияга жетип, илимий даража, наамдардын кадыр-баркы кетип, девальвацияга учураган өлкөдө илимий адистерди даярдоо жааты да кардиналдуу реформага муктаж экени ушундан айкын көрүнөт.

Кыргыз адабияты боюнча илимий иштердин баардыгы ушундай төмөнкү деңгээлде деп айтууга болбойт. Алсак, адабиятчылар А.Кадырмамбетова, Д.Асакеева, Сардарбек кызы Нурайымдын докторлук илимий даражаны изденип алуу үчүн жазган диссертациялык иштери жогорку илимий-теориялык деңгээли, адабият таанууга алып келген жаңылыгы менен башкалардан айырмаланып турат. Ал эми таланттуу окумуштуулар Н.Бекмухамедованын “Эпос “Манас”: Проблемы онейротопики и визионотопики” (структура, функции, символика),И.Жумабаевдин “Алгачкы кыргыз прозасындагы көркөм мезгил жана мейкиндик”, Р.Эшматовдун “Адабий түштөрдүн көркөм табияты” деп аталган монографиялары чымырканган көп жылдык изденүүлөрүнүн жемиши. Аталган китептер филологияилиминдеги акыркы жетишкендиктерге таянып, кыргыз адабият таануусун бийик деңгээлге көтөргөн,омоктуу, баалуу эмгектер болуп саналат. 

Илимдимансап, карьера үчүн пайдаланган көз боёмочулук, коррупция,протекция, конъюнктуралардын арааны жүрүп жаткан азыркы заманданагыз окумуштуулар гана академиялык илимдинысыгына күйүп, суугунатоңуп, жарыбаган маяна менен утурумдуккыйналганына карабай толгоосу жеткен илимий проблемаларды кабыргасынан коюп, маселени теориялык өңүттөн чечүү максатында кызылдай мээнеткылып, тогуз толгонуп, изденип, акыйкат үчүн жан аябай күрөшүп, жаңы концепцияларды иштеп чыгып, жаңы багыттардыачкан нукура илимий эмгектерди жарата берерине ишенем.

Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер