Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Патриот чалыш Гүлжигит Исаков кыйтырлана “пост” жазып турбаса башы ооруйт

Патриот чалыш Гүлжигит Исаков кыйтырлана “пост” жазып турбаса башы ооруйт

10-апрель, 09:12
680 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Патриот чалыш Гүлжигит Исаков аттуу блогер бар. Фейсбукта өтө сабаттуу пост жаза албаса да таанылып келатат. Өзүн өтө акылман карыядай сезип алганы күлкү келтирет да. Жаңы бийлик келгени Гүлжигит кызматка илинбей калып, ички бугун Садыр Жапаровдон чыгарууну адатка айландырып алгандай. Конкреттүү түрдө деле сын жазбайт, тек гана каймана, кыйтыр, кайытма маанисине салуу менен бирдемелерди чүргөп, тийише берет. Бута катары президентти алып алган. Эзилип бүтмөй болду. Олуттуу пикири, сунушу жок, кыжынып эле Садыр Жапаровду жектей бергени түшүнүксүз. Алгылыктуу сын айтуу үчүн мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүп, кайсы бир маселени тереңден билүү зарыл эмеспи. Таңгаласың. Тилекке каршы, учурда көпчүлүк жаштар ойдогудай болбой калыптыр. Образдуу айтканда, дароо эле жакадан алууга ашыгышып, жомоктогудай тездик менен өзгөртүү жасоону талап кылышат. Мына ушундайлардын бири Гүлжигит Исаков. Соцтармакта келекелей жазып, кыйкым издеп турбаса кыйналып, жашоосу тарып кетет окшойт. 

Ооба, бизге оппозиция керек, бирок омоктуу ой калчаган, орошон күрөштү салгандар карып калганы өкүндүрөт. Мисалы, Кулов, Атамбаев, Текебаев ж.б. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер