Акыркы кабарлар
» Коом » COVID-19 менен жаз эмес, жайдагы аптап күрөшө алышы ыктымал
COVID-19 менен жаз эмес, жайдагы аптап күрөшө алышы ыктымал
06-апрель, 14:06
627 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жазында күндүн жылышы коронавирус инфекциясынын тарашына кандайдыр бир таасирин бере албайт. Мындай пикири менен медицина илимдеринин доктору, профессор Анатолий Альштейн бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.
"Менин оюмча, азыркы аба ырайы эпидемияга таасир этип же аны кармап тура албайт", - деген вирусолог.
Альштейн белгилегендей, эшиктин жылуу боло башташы коронавирустун жайылуу темпин азайтып дагы, өтө эле көбөйтүп да жибербейт. Анын айтымында, COVID-19 менен жайдагы аптап күрөшө алышы ыктымал.