Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арслан Койчиев: “Өнүгүүнүн конкреттүү пландары иштелип чыгууда”

Арслан Койчиев: “Өнүгүүнүн конкреттүү пландары иштелип чыгууда”

09-апрель, 20:34
694 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Арслан мырза, сизди тажрыйбалуу журналист, тарыхчы, жазуучу катары билебиз. Учурда президентке кеңешчи, спичрайтер болуп иштеп атасыз. Чыгармачылыктан оолактап, мамлекеттик кызматка иштөөнүн маңызына токтоло кетсеңиз?

-- Ата журт алдындагы милдетим катары эсептегенден улам, президенттин кеңешчиси, спичрайтери болууга макулдугумду бердим. Бийликти сындоо оңой, колкабыш кылуу оор. Мамлекет тарыхтын бурулуш учуруна кептелди. Жоопкерчиликти алгандардын мойнунда татаал, бирок сыймыктуу миссия турат. Алардын ошол миссияны аркалашына көмөк көрсөтүүнү туура таптым.

-- Отуз жылдан бери бийликтегилер Кыргызстанды өнүктүрүүнүн ар кандай моделдерин айтып келишти. Тилекке каршы, мамлекет артка кетип, коррупцияга батып, саздан чыга албай отурабыз. Канткенде элибиздин жашоосун оңдой алабыз? Алдыга карай үмүт, план, программа барбы?

-- Биринчи кезекте өлкөгө туруктуулук, тынчтык керек. Өнүгүүнү камсыздоонун эң негизги шарты ушул. Өңгөнү кой, өзүбүздүн эле отуз жылдык тажрыйбабыз ушуга далил болду го. Программалар жайына келсек, президенттин алгачкы жарлыктары жакынкы келечектеги ориентирлерди аныктады. Эми аларды деталдаштырып, өнүгүүнүн конкреттүү план-программалары иштелип чыгууда.

-- Мурдагы бийликтердин учурунда инвесторлорду кордогон, жергиликтүү тургундар тарабынан ишканалары өрттөнгөн көрүнүштөр арбын болду. Бул жаатта эми өзгөрүүлөр барбы? Инвестицияны тартууда элге дагы пайдалуу шарттарды камтыган, деги эле ортодогу алтын сызыкты табууга мүмкүнбү?

-- Инвесторлорду кордоо жакшы эмес. Талаш-тартышы болсо мыйзам талаасында чечкенди үйрөнүшүбүз керек. 

-- Жакында эле сиздин Мисмилдирик” деп аталган чыгармаңызга карата орус басылмасы сын жазыптыр. Негизи мындай сыпаттоо эмнеге байланыштуу болушу мүмкүн?

-- Ал роман орус тилине оодарыла элек. Чала-була кыргызча билген киши деле анын мазмунун түшүнүшү арсар. Бирөөлөрдөн сын жазууга заказ түшсө керек. Аны ким жазганын, кимдер менен байланышы бар экендигин деле билдим. Кыскасы, кыргыздын ыркын кетирип, өз ара чабыштырууга багытталган макала.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер