Расул Тулеев, экономист: “Келерки жылда экономикалык өсүшкө үмүт жок”

-- Келерки жылга экономиканын өсүүсүнө, өнүгүүсүнө үмүт барбы?
-- Экономикада жылыштар болду, бирок алар мыйзамдуу жылыштар десе болот. Эгер өкмөт эч нерсе кылбаса деле жыл сайын элдин күчү менен 1,5-3%дын тегерегинде экономикалык өсүш боло берет. Тилекке каршы, өкмөт экономиканы дагы деле тескей албай жатат. Коррупция, аткезчилик, саясый куугунтук ж.б.у.с. нерселер экономикалык өнүгүүгө чоң тоскоол болууда. Келерки жылда экономикалык өсүшкө жана өнүгүүгө, менимче, эч кандай түрткү да, үмүт дагы жок болуп турат. Ал үчүн аябагандай көп каржылоо керектелет. Бизде болсо андай каражат булактарын өкмөт сунуштаган жок, тышкы каражатты тартып келүүгө дагы эч кандай кам көрүү болгон эмес. Тышкы инвесторлор азыркы саясый абалды көрүп, биздин экономикабызга өз каражатын алып келгенден шектенет. Ошондуктан, экономикабыз өнүгө албайт жана аны өнүктүрүүгө иш аракеттер жасалбагандыктан, “чоң жылыштар болот” дегенден алысмын.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити