Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек шаары “кызыл зонага” кирди

Бишкек шаары “кызыл зонага” кирди

06-апрель, 12:02
622 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирус күчөп жаткандыктан Бишкек шаары «кызыл зонага» киргизилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү, эпидемиолог Зуридин Нурматов билдирди.

«Үч күндөн бери Бишкек шаары «кызыл зонада» турат. Чүй аймагы «сары зонага» кирип калды. Калган региондордо абал дурус» деди Нурматов.

Министрлик илдетке чалдыккан адам өзү жүргөн чөйрөсүндө канча адамга жугузду деген көрсөткүч менен өлчөп турат. Эгерде бир адам 50дөн ашык адамга жугузган болсо, ал аймак “кызыл зонага” өтөт.

Пандемия башталгандан бери оорууну жугузуп алгандардын жалпы саны 89 миң 153кө жетти. Ал эми 1507 адам бул ооруудан каза болду.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер