Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айгүл Айдарова, ЖК депутаты: “Тергөөчүлөрдүн жетишпеген себеби, айлык акылары аз”

Айгүл Айдарова, ЖК депутаты: “Тергөөчүлөрдүн жетишпеген себеби, айлык акылары аз”

15-сентябрь, 21:49
489 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айгүл айым, ички иштер министринин орун басары тергөөчүлөр аздыгын, Бишкек шаарынын өзүндө эле тергөөчүлүк орундардын 30 пайызы бош экенин айтты. Бир кезде тергөөчү болуп иштеп, бул кесипти ичтен билген адис катары айтсаңыз, алардын таңкыстыгынын себеби эмнеде?

-- Мен төргөөчү болуп иштебей калганыма эки жарым жылдай болду. Бирок, кесиптештерим менен дале тыгыз байланыштамын. Алардын кандай көйгөйлүү маселелери бар экенин билип турам. “Мурда колубузда 20дан кылмыш иши болсо, азыр 40-50дөн. Анткени, тергөөчүлөр жетишпейт. Кетип калышат. Кеткен себеби, айлык акылар аз” дешет. Өзгөчө жаштар көп кетип атыптыр. Алар аз айлыкка иштегилери келбейт экен. Кайсы бир тергөөчүнүн келинчеги төрөп, аны төрөт үйүнөн чыгарыш керек болсо, гүл алыш үчүн “500 сом берип турчу” деп бирөөдөн карыз сурайт. Бул нерсе кимдир бирөөлөр үчүн жомок сыяктуу сезилиши мүмкүн, бирок бул жомок эмес. А4 форматындагы кагазды өздөрү сатып алышат. Анан элестетиңиз, анын пачкасы 450 сомдон. Андан бир эле пачка кетпейт, 5-6 пачка кетет. Канцтоварларды бүт өздөрү сатып алышат... 

Экинчи себеби, тергөөчүлөрдүн саны азайган сайын калгандарынын жумушу көбөйө берет. Жогоруда айтылгандай, мурда бир тергөөчү 20 ишти карачу болсо, азыр 40-50 ишти карайт. Мындай нагрузкага адистердин баары эле чыдай бербейт. Жалгыз эле тергөөчү эмес, участковый, оперлерде деле ушундай көйгөй.

-- Бул нерсе тергөөнүн сапатына деле таасир этсе керек?

-Албетте. Каралган, ачылган иштердин пайызы аз болсо, начальник жогору жактан тил угат. Тил укпаш үчүн эптеп-септеп эле эки барак кылмыш иши менен сотко айдай беришет. Натыйжада, камалбай турган адам камалып, камалчу адам калып калышы мүмкүн...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер