Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Айыл чарба көйгөйүн мамлекет жакынкы жылдары чече албайт го...”

“Айыл чарба көйгөйүн мамлекет жакынкы жылдары чече албайт го...”

14-сентябрь, 09:00
371 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстан айыл чарбасына ылайыкташкан өлкө болгонуна карабай, азык-түлүктөр менен өзүбүздү камсыздай албай келебиз. Бул көйгөйдү канткенде чечсек болот?

Уланбек Качибеков, айыл чарба илиминин кандидаты:

-- Бул маселени ооздорун насос менен үйлөп, көптүрүп сүйлөшсө дагы, биздин мамлекет жакынкы жылдарда чече албайт го... Ар бир өндүрүш, өзгөчө айыл чарба, өзүнчө бир тирүү организм болот. Айыл чарба тармагы, продукциясын өстүрүү жана өндүрүү өзгөчө түйшүк. Негизгилерин алганда, булар жер (топурак), анын азыктуулугу, минералдык жана органикалык семирткичтер менен камсыз кылуу; топуракты иштете турган керектүү техникалар жана шаймандар; специализация, азыр “кластер” деп атап алышты, кайсы региондо кандай өсүмдүктөрдү канча гектар жерге жайгаштыруу жана кайсы түрдөгү малды багуу, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалар (бул чарбалар айыл чарбанын негизин түзөт); өсүмдүктөрдү которуштуруп айдоо жана прогрессивдүү сугат менен камсыздоо. Булар адамдын алты санына окшош болуп эсептелет. СССР учурунда 488 колхоз-совхоз саат сыяктуу чыкылдап иштеп, азык-түлүк продукциясы менен элди, өндүрүштү сырьë менен камсыз кылып турчу. Тилекке каршы, 30 жылдын ичинде (ачуу чындыкты айтыш керек) жогоруда айтып жаткан позициялар түп-орду менен талкаланды! Жайыттардын (жайлоолордун), кайра иштетүүчү фабрика менен заводдордун жана айыл чарбасы боюнча илим изилдөө институттардын акыбалын айтпай эле коëюн. Мурдагы колхоз менен совхоздун, бригада же бөлүмүндөй болгон анча-мынча өнүгүп жаткан айыл чарба компаниялар бар, бирок алар өндүрүп жаткан айыл чарба продукциялары жетишсиз, өлкөнү азык-түлүк менен толук камсыздай алышпайт!

Манас Саматов, фермер:

-- “Камсыздоо” деген сөздөн баш тартып, “жокчулуктан токчулукту көздөй кеткен кыска жол кайсы?” деп маселени кабыргасынан койсок кантет? Өлкөдө өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын 98%ын үй-бүлөлүк фермердик чарбалар өндүрүшөт.

Азык-түлүктүн айрым түрлөрү гана жетишсиз болгону менен көпчүлүк продукциялар ашыгы менен өндүрүлүп, былтыркыга салыштыра келгенде бир аз да болсо арзандай түштү. Бирок "арзандады" деген сөздүн артында чоң терс жыйынтык да бар. Фермерлер өндүргөн продукциясын арзан сатууга мажбур болсо, анда өндүрүш өзүн-өзү актабай калат, фермер банкротко учурайт. Ички-сырткы миграция күч алат. Ошондуктан жалаң эле айыл чарба министрлиги эмес, жалпы эл да фермерлердин эмгегин баалай билиши шарт. “Кымбаттап кетти, министрлик иштебей жатат” деп ызы-чуу көтөргөн маргинал адамдарга айтарым, мамлекет же фермерлер сиздин дасторконго бекер же арзан оокат ташып келип берүүгө милдеттүү эмес! Бул эми узун сөз...

Акжол Келгенбаев, жеке ишкер:

-- Кыргызда “Көч бара-бара түзөлөт” деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, учурда мамлекет тарабынан айыл чарба жагына көңүл бөлүнө баштады. Алсак, акырындап болсо да кандайдыр бир стратегияны иштеп чыгып атышкандай. Дыйкандарга, фермерлерге, комплекстүү чарбаларга каражат жагынан болсун же материалдык жагынан алалы, өкмөткө сунушуңарды бергиле. Өкмөт болсо өз учурунда келген сунуштарды четке какпастан, тыкыр иштеп, чыгынууга батыл киришет деп айтылып жатканын билем. “Москва бир күндө курулган эмес” дегендей, жылдан-жылга алдыга карай эч коркпостон жыла берүү керек. Биз сырттан келген азык-түлүк продукциясына караганда, өзүбүздөн өндүрүлгөн продукция жүз эсе артык экенин жонтерибиз менен сезишибиз кажет. Андыктан, жогору жактагылар “канткенде өзүбүздүн элди өзүбүздүн продукция менен камсыз кыла алабыз?” деген маселени кабыргасынан коюп, күн-түн дебей изденип, тынымы жок иш алпарусун өтүнөт элем.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер