Өлкөдө 100 миңден ашык бала жетим болсо, кантип тирүү басып жүрөбүз?!
“Коррупцияга каршы күрөшөм, Лениндин изине түшөм” депсиз кымбаттуу Каныбек Черикбаев. Ой-пикириңиз, кылган далалатыңыз абдан туура. Бирок Лениндин изине түшсөңүз, сиз кетип баратканда бир бутуңузду байлар кесип таштайт. Аксаңдап кайда барасың? Анткени, Ленинге каршы күрөшкөн адам, адамдын эмгегин эксплуатациялап, капитализимди кулаткан социалисттик коом өзү дагы 70 жаш курагында бейиши болбодубу. Демек, бүгүнкү күндө үстөмдүк да, коррупциянын тамыры да байлардын колунда. Коррупция – кыргызча айтканда, сары чырмоок. Бул чырмоок кыргыздын ой-тоосун бүт каптап кеткен. (Көпчүлүк эл чындыкты түз айтпай, тескери көрүнүштөрдү сылап, тарап, жымсалдап сүйлөп, коррупцияга, жеп-ичкендерге өзүбүз жол ачып жатабыз).
“Мамлекет үчүн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдей иштегендерди көргөн эмесмин” депсиз. Мунуңуз бир чети туура болгону менен кошоматчылык оркоюп көрүнүп турат. Райымбек Матраимовду бийликтегилер түрмөгө камап, коркутуп-үркүтпөй эле, кайра өздөрүнө тартып, “биз сенин байлыгыңа, акча-тыйыныңа тийбейбиз. Кыргыз жигити болгондон кийин элиңе кызмат кылып, өзүң ишенген үч-төрт жигитти жаныңа жолдош кылып алып, булгаары заводду жаңы технологиялар менен калыбына келтир. Карачы, бешиктеги баладан тартып баары резина бут кийим кийип жүрүшөт. Тамандан сыз өтүү бара-бара ден соолуктун бузулушуна алып барат. Төрт түлүк малдын териси бизде ит кечпей жатат. Элиңди булгаары бут кийим менен камсыз кылып, артканын экспортко чыгар. Булгаары завод өзүңүздүн менчигиңиз болуп калат. Кеткен ыгым-чыгымды соодадан таап аласың” дешсе, Райымбек өз элине баа жеткис кызмат кылат эле.
Сөздүн удулу келип тургандыктан “Азия Ньюс” газетинин “Өлкөнүн өнүгүшү үчүн эмне кылуу керек?” деп жалпы элге суроо салганын да белгилей кетишибиз керек. Ошондо мен сыртынан багып жүргөн, баардык маселе боюнча өзүнүн жеке көз карашы бар Мавлян Аскарбеков “чет өлкөнүн көзүн карай бербей, өзүбүздүн ички инвесторлорду ишке тартуу керек” деп таамай айтканын эстеп калгам. Ушуга улай, Нурлан Сулаймановду бийлик өзүнө тартып, колунда бар, элим-жерим деген улуттук сезимдүү жигиттерди кызматташууга чакырып, союз убагындагы жип ийрүү, токуу фабрикасын калыбына келтирүүнү колуңа ал” десе мамлекеттик ишкана жолго коюлат эле. “Ардангандан киши өлбөйт” деген чын. Байпакка чейин чет өлкөдөн сатып алып жатабыз. Пахта өз колубузда турат. Аскар Акаевдин “Агенти” чачыратып жок кылган уяң жүндүү ак койду өстүрүүнү колго алсак, ак кой бат эле көбөйөт. Тоолуу өлкө Кыргызстандын ак кой үчүн баа жеткис жайыты бар. СССРдин убагында Совет өкмөтү ак койго өзгөчө мамиле кылган. Башкасын айтпаганда да Кыргыз ССРинин мамлекеттик бюджетин ак койдун жүнү толтуруп турган. Ушул жерде көзгө жаш алып туруп эстей турган нерсени “Азия Ньюс” гезити (2-август, 2024-жыл) “СССРдин учурунда балдарга камкордук көрүлсө, азыр кордолгондор көбөйүп кетти” деп (Баргы Кусейинов) көзгө сайып белгилептир.
“Учурда 90 миңге жакын балдардын ата-энелери чет өлкөдө иштеп кеткени кабарланды, эсепке алынбаганы канча?” дейт гезит. Демек, өлкөдө 100 миңден ашык бала тирүүлөй жетим экен да! Ушундан кийин кантип тирүү басып жүрөбүз?!
Эгер фабрика иштесе, чет өлкөдө ар кимдин эшигин сагалап, ирегесинде жүргөн кыз-келиндерибиз өз жерибизде иштемек. Жетим балдар болбойт болчу.
“Слова столетию Октября” деген партия ачтым” депсиз Каныбек мырза. Билип турам, бул партияны сиз катыңың экөөң, кайната-кайнене, бажа-балдыз, алыскы-жакынкы туугандарың жана башка кыйбастарың менен түздүң. Себеби, бүгүнкү күндөгү саны 200гө жеткен партиялардын тажрыйбасынан улам айтып жатам. Бирок булар партия эмес. Алар эртең “Жогорку Кеңешке депутаттык шайлоо болот экен” деген күнү ар ким өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн суунун үстүндөгү көбүк, үйлөп койсоң, учуп жок болуп кетет. Эгер ишенбесең Садыр Жапаров партиянын лидерлерине саясый айып тагып (сынамакка) калп каарданып камакка алсынчы, 200 партиядан эки күндө бирөө да калбай жок болот.
Жогорудагыдай “көбүк партиянын” кесепетинен бүгүнкү күндөгү мамлекетти башкаруунун маанилүү бир бутагы болгон Жогорку Кеңеш базар болуп калды.
“Азия Ньюс” гезитинин билдиргенинен улам жыйырма чакты депутат дипломду сатып алгандар болуп чыкты. Ошолордун бири биздин ысык-көлдүк Максат Сарыбагышев экен. “Уялбагандан өзүң уял” деп өткөн ата-бабаларыбыз бекеринен айтпаган тура. Мындай жалган депутаттар жетишпей жаткансып, “биз саясатка аралашпайбыз” деп теспесин тартып көзүн жумуп, селдесине чок түшкөн молдокелер “Ыйман нуру” деген чапанды кийип алышып, жетекчиси Нуржигит Кадырбеков баш болуп Жогорку Кеңештин төрүндө отурушат. Булар “пайгамбарыбыз айтты” дегенден башка эмне берет? Эң жийиркеничтүүсү, Жогорку Кеңештин төрагасы баш болуп көбү чаласабаттар экен. Медербек деген депутат оозунда сөзү жок балык болуп отурат.
Баарыбыз “президент өзү чуркайт экен” дейбиз. Жок, коррупцияга каршы күрөшүү анын иши эмес. Элдин, жердин келечегин сактоо – президенттин эң ыйык милдети! Коррупционер сыяктуу ууру-кески, кылмышкерлер менен мыйзам чыгаруу органы – Жогорку Кеңеш күрөшөт. Депутаттар же эл өкүлдөрү коррупциянын өлчөмүнө жараша жазалоо тартибин иштеп чыгышат. Эң ашынып кеткенине өлүм жазасын берет.
Жогорку Кеңеш өз милдетин так, абийирдүүлүк менен аткаруу үчүн эл өкүлүн партиялык тизме менен шайлоону эртең эмес, бүгүн жок кылышы керек. Жогорку Кеңешке илим-билимдүү, ар-намыстуу адамдык абийир менен иштеген нукура кыргыздын уул-кыздары келиши керек. Ал үчүн депутаттын санын 70 кылып, бир мандаттуу округдардан шайлоо өткөрүү зарыл. Эл өкүлдүгүнө талапкерлигин койгон адамды округдун шайлоочулары кыргыз тилинен жазуу жүзүндө, көркөм адабият менен тарыхтан оозеки, булардан тышкары жалпы билим деңгээли боюнча сыноодон өткөрүп, “5” же “4” деген баа алганы шайлоо бюллетенине киргизилсин (!) деген талапты күн тартибине коюш керек. Ошондо гана сабатсыздар менен диплом сатып алган арсыздарга бөгөт коюлат. Шайлоочунун добушун сатып алуу деген өзүнөн өзү жок болот.
Черикбаев Каныбек мырза, сиз экөөбүздүн бул сунушубузду “силер кимсиңер?” деп Садыр Нургожоевич кабыл албайт. Эгерде биздин сунуш кыргыз мамлекети менен кыргыз элин улут катары сактап калууну өзүнө милдет кылган болсо, бул боюнча республиканын белдүү адамдары академик Жамин Акималиев, академик Дүйшөнбек Камчыбеков,
“Ачкөздөр алтын казбай гүл тереби?
Сен мезгил айтчы, ушундай күн келеби?
Же жерди тытып ийген ачкөздөргө,
Асмандан токтот деген үн келеби?” - деп “жерден жарака кетсе акындын жүрөгү аркылуу өтөт” дегенди өзүнүн төрт сап ыры менен далилдеген Кыргыз Эл жазуучусу Сейит Жетимишев, Бишкектин тургуну Жайчыбек (фамилиясы эсимен чыгып кетти), жаштардын өкүлү Мавлян Аскарбеков, “Ысык-Көл ынтымагынын” жетекчиси Досубек Касымалиев, бостерилик Чолпонбек Жылкыбаев сыяктуу жана башка ак ниет адамдар өз ойлорун ортого салып, гезит аркылуу эл алдына чыгышса, сунушту көпчүлүк талкууласа, жалпынын жүрөгүн өйүп жүргөн маанилүү маселе оң жагына чечилет эле.
Садыр Жапаровдун кемчилигинин бири – элден алыс экен. Элге жакын болуп, тамырын тартып сүйлөшүп, айтылган сын-пикирлерден жыйынтык чыгара билсе, көп утушка ээ болот эле.
“Каныбек мырза, сары чырмоокту жулуп бүтө албайсың” деген макалада жаңы парламентти шайлоо боюнча менин сунушума академиктер Жамин Акималиев, Дүйшөнбек Камчыбеков, активист Мавлян Аскарбеков жана башка кишилердин аты-жөнү бир, ошолорго Бишкектен Нуркамил Асаев, Кетмен-Төбөдөн Анарбек Тагаев өз ойлорун айтса болот эле.
Муканскиф Усубакунов, Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы, Кан Кошой көчөсү №17