Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азиза АБДРАСУЛОВА, укук коргоочу: “Түштүк регионунда чек ара маселеси негизги көйгөй болуп, элди кыйнап атат”

Азиза АБДРАСУЛОВА, укук коргоочу: “Түштүк регионунда чек ара маселеси негизги көйгөй болуп, элди кыйнап атат”

06-декабрь, 13:05
418 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азиза эже, өткөн айда түштүк жергесин түрө кыдырып келген турбайсыздарбы. Эл менен жолугушкан учурда кандай көйгөйлөрдү айтышты?

-- Ооба, түштүктөгү үч облусту тең кыдырдык. Ала-Букадан тартып, Лейлекке чейин бардык. Эл менен жолугушуу учурунда паспорт, жер, чек ара сыяктуу маселелер айтылды. Ошолордун ичинен чек ара маселеси беш-алты райондо көтөрүлдү. Ала-Букадагы жергиликтүү депутаттар катышкан жолугушууда Баймак өткөрүү пунктундагы проблемалар тууралуу айтышты. Ал КПП аркылуу Чаткал, Ала-Бука, Аксынын тургундары өтүшөт экен. “Ал жерде биринчиден, шарт жок. Кышында кар, жазында жамгыр жаап жатканда, ал эми жайында болсо күн ысыкта турабыз. Эң башкысы, акча алып өткөрүшөт. Аксыда да өткөрүү пункту бар. Аны ачып койсо кыйла жеңилдейт эле” дешти. Муну карапайым эл айтты. 

-- Андан аркы райондордочу?

Ноокен, Базар-Коргондун эли Маданият аркылуу өтүшөт. “Өзбекстандан көп проблема болбойт, баардык процедуралар эки мүнөттө бүтөт. Өзүбүздүн Кыргызстандан өтүшүбүз азап” дешет. Ош, Кара-Суунун эли менен да бөлүнүп-бөлүнүп жолугуштук. Кара-Суудагы жолугушуунун дээрлик жарымы “Достук” өткөрүү пунктуна арналды. Бүт баары бир ооздон “акчасы жок өтө албайбыз” деп айтышты. Кадамжайдагы жолугушууда Пүлгөн өткөрүү пункту жөнүндө сөз болду. Лейлек, Кызыл-Кыядан бери келишет экен. “Бул жакка жетишибиз бир күндүк, аерде дагы бир күн турабыз. Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга келсе, каттоого турбай беш күн жүргөнгө уруксат берилет. Ал эми Өзбекстандыкы болсо үч эле күн” дешет. Лейлектик бир аксакал киши “Ташкентте карындашым жашайт. Ошонукуна барыш керек болуп калды. Эми элестетип көргүлө. Лейлектен Пүлгөнгө келип, ал жерде бир күн туруп, дагы бир күн Ташкентке жетип, карындашымдын үйүндө болгону төрт эле саат болдум. Биздин өкмөт алар менен сүйлөшүп, бизге деле беш күн кылып койсо болбойбу?” дейт.

-- Мындай көйгөйлөр жогорку жетекчилерге жетиш керек да...

-- Ооба. Мен ошол сапардан келгенден кийин эле ооруп калып, элден уккан көйгөйлөрдү тийешелүү кишилерге жеткиргенге мүмкүнчүлүгүм болбой жатты эле. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, элдин үнүн силердин гезит аркылуу угузуп коёюн. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер