Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мейкинбек Абдалиев, ЖК депутаты: “Аял кишини капаланткан туура эмес, мен Чолпон Султанбекованы сыйлайм”

Мейкинбек Абдалиев, ЖК депутаты: “Аял кишини капаланткан туура эмес, мен Чолпон Султанбекованы сыйлайм”

23-июнь, 16:28
404 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Мейкинбек Акимович, кечээ жакында Ноокен районунда сел жүргөн турбайбы. Эл-журт аман бекен, кырсыктан сырткарыбы?

-- Элдин айтуусу боюнча, Момбеков айыл өкмөтүндөгү Бостон айылынын жогору жагында он-он беш мүнөттүн ичинде аябай көп көлөмдө жамгыр жааган. Эң таң калычтуусу, бир колотко өзгөчө көп жаап, анын натыйжасында пайда болгон селден көп үйлөр жабыркап, бир бала каза болду. Элдин мүлкү, мал-жандыктары зыянга учурады.

-- Азыр эле ошол айылдагы селден сактагыч тосмо бетондон эмес, топурактан жасалганы айтылды. Кандай дейсиз, эгер бетондон жасалганда, балким, зыян анчалык болбойт беле?

-Мен элден укканым боюнча суроо берсем, ӨКМ орун басары: “Сел башталганда биринчи ылай, таш келет. Андан сактагыч ошону кармап калуу максатында курулат” деп жооп берди. Андыктан, муну тийешелүү адистерден дагы такташ керек. “Бүгүнкү бөлүнүп жаткан каражаттардан дагы ошол жактын коопсуздугу үчүн иштетсек болобу?” десек, уксаңыз керек, “болот, кийинкисин бетондон салабыз” дегендей айтты.

-- Ушу тапта селдин кесепеттерин жоюу боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатыптыр?

-- Менин шайлоочуларым “ӨКМдин кызматкерлери техникалары менен өтө тез келишти, атүгүл облустун губернатору да бүт ишин таштап келди. Азыр баары тикесинен тик туруп, селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жасап жатышат” деп айтышты.

-- Баса, кечээ комитеттин отурумунда Чолпон Султанбекова экөөңүздөр бир аз кер-мур айтышып калдыңыздар көрүнөт?

-Мен депутат катары өзүмдүн сунушумду бердим. Себеби, ал мыйзам долбоорун биз биринчи окууда концепциясын караганда чоң талкуу болгон. Ошондон улам өзүмдүн сунушумду берсем, төрайымыбыз бир аз туура эмес мамиле кылып, бир сөздү айтып ийди. Бирок, экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Биздин жумушубуз ушундай, сөзсүз талаш-тартыш болуш керек. Бизди ошон үчүн шайлаган. Аял киши менен капалашкан туура эмес болот. Мен ал кишини сыйлайм.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер