Камила Талиева, ЖК депутаты: “Сузактагы бул кырсык шалаакылыктан болду”
-- Камила Абдыразаковна, сиз кечээ ооруканага барып, Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдардан кабар алып келдиңиз. Алардын акыбалы кандай экен?
-- Кудайга шүгүр, жакшы. Бирок, биз күнөөлүүлөрдү качан иш өткөндөн кийин издеп калабыз. Профилактика, алдын алуу деген дайыма болуш керек. Биз, коомчулук бат эле унутабыз. Түмөн түйшүк, көйгөй менен байкуш ата-энеси калат. Кудай шыпаасын берип, балдар жакшы болуп кетишсин. Бирок, сөөктөрү сынып, мээси чайкалып, оор жарат алгандар бар.
-- Биздеги маалыматтар боюнча, Бишкекке он баланы алып келишиптир. А калган балдарчы?
-- Биз аларды да сураштырып атабыз. Орто, оорурак абалдагылар да бар экен. Бир үй-бүлөдөн эки бала: тогуз жана он бир жаштагы эки бир туугандын бири Бишкекте, бири Сузакта жатат. Мен уккан маалымат боюнча, жаш организм болгон үчүн балдарда жылыш жакшы. Бирок, чынында чоң кырсык болду. Отуз бала деген оңой эмес да! Муну түздөн-түз шалаакылык катары кабыл алыш керек. Мындай чоң иш-чара тоонун башында өткөрүлүп аткандан кийин бүт коопсуздук эске алынышы зарыл эле.
-- Сиз учурунда жетекчи кызматтарда иштегенсиз. Балдар катышкан мындай иш-чара эреже боюнча жабык имараттарда өткөрүлүшү керек да, туурабы?
-- Көп окуучу, же студенттер катышкан учурда биз иш-чараларды стадиондо, же филармония, клуб сыяктуу коопсуздук сакталган жерлерде өткөзчүбүз. Күч органдарынын өкүлдөрү бүт турчу да ал жерде. Коопсуздук катуу каралчу. Андай болбосо болбойт да. Андыктан, дагы бир жолу кайталагым келет, Сузактагы бул кырсык шалаакылыктан болду.
"Азия Ньюс" гезити