Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жылкынын айынан чырактай кыз каза болду

Жылкынын айынан чырактай кыз каза болду

24-ноябрь, 12:13
2 586 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 19 жаштагы кыз каза болду. Мындан тышкары үч жаран жаракат алганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Адам өмүрүн алган автокырсык 23-ноябрь күнү саат 22:10до Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 243-чакырымында (Төлөк айылы) катталган. Анда “Дэу Нексия” унаасынын айдоочусу трассадан жылкыны сүзүп, жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши (2001-жылы туулган) каза болуп, 3 эркек адам жабыркаган (1993-жылы туулган, 1997-жылы туулган, 1999-жылы туулган).

Жерине куткаруучулар тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, “тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

“Супер кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер