Жамалбек Ырсалиев: “Эркин Мамбеталиев менен келинчегим бир тукумдан тараган...”
Бишкек шаарынын вице-мэри менен маек.
-- Кызмат ордуңуз кут болсун, Жамалбек мырза!
-- Саламатсыздарбы! Чо-оң рахмат!
-- Ишти эмнеден баштадыңыз?
-- Биздин тармак турак жай коммуналдык чарбасы болгондуктан, ишти чарба иштери менен кошо Бишкек суу канал жана Бишкек жылуулук тармагындагы иштерди, кышка даярдык кандай болуп жатканын, кандай кемчилиги, кандай артыкчылыгы бар экендиги менен таанышып жана кемчиликтерин жоюу менен алектенип жатам.
-- “Жамалбек Ырсалиев жумушка чыгып эле соцтармак аркылуу өзүн пиар кылып атат” деген мааниде сын-пикирлер айтылып атат. Угуп атасызбы?
-- Социалдык тармактардан элдин сын пикирлерин угуп, ишибиздин кандай жүрүп жатканын көрсөтүп турбасак да болбойт экен.
-- Айтмакчы, сизди Эркин Мамбеталиевдин аркасы менен кызматка келгениңизди божомолдошуп, анын күйөө баласы катары жазып чыгышты. Кандай жооп кылат элеңиз?
-- Эркин Мамбеталиев Ысык-Көлдүн Өрнөк айылынан. Менин келинчегим Чоң-Сары-Ой айылынан болот. Ооба, баардыгы Беш Бакачы деген тукумдан тараган. Ал эми кайын журт жагынан алсак, жыйырма жылдан ашты да, мен Көлгө күйөө бала болгонума...
-- Сыр болбосо айтсаңыз, кызматка кандайча келип калдыңыз?
-- Эч кандай жашыра турган сыр эмес. Бул кызматка “Мекенчил” партиясынын жетекчилиги менен сүйлөшүп, элдин колдоосу аркылуу “Чоң казат” партиясынын балдары аркамда турушту. Баарыңыздар көрүп, окуп жаттыңыздар. Кандай татаал учурда ишке келдик. Ошондуктан ишеним көрсөткөн элибиздин ишеничин актайбыз. Сиздерге таазим кылып, терең ыраазычылык билдирем!
"Азия Ньюс" гезити