Мамлекеттик катчынын «куржуну»
Сүйүнбек Касмамбетовдун удаасы менен үч китеби чыкты. “Жол санат”, “Ой санат” жана “Нарк куржун” деп аталган жыйнактар. Буга макалалар, маектер, ой-пикирлер, кайрылуулар жана бир шилтемдер кирди. Мындай жазма эмгектер ойду жүгүртөт, сезимди козгойт жана жыйынтык чыгарганга үндөп, “катарсис” деген нерсени пайда кылат – бул “адамдын ички дүйнөсү тазаланат” деген түшүнүк. Мурунку малекеттик катчылар мындай китептерди жазган эмес. Алар “идеологиялык хартияларды” эксперттерге жаздырчу, анысы “моральный кодекс строителей коммунизма” деген насааттарга окшоп турчу. Анан мамлекеттик гезит менен эркин гезиттерди салгылаштырып, ажолорду “кыйроого” жеткиришти. Ошондой кырдаалда ажолор өлкөдөн качып кетишкен. “Катчылардын” бирөөсү гезиттин редактору менен соттошкон. Сүйүнбектин китептери кыргызча жазылган. Бир гана “Жол санатында” орус тилинде берген интервью жанрдагы материалдар жана өзүнө арналган замандаштардын пикирлери орусча берилди. Эми көңүлдү китептердеги орчундуу маселелерге бурайын.
Автор аймактарды кыдырып, эл алдына чыгып, ошол жерден чыккан тарыхый инсандардын мурасын айтып берип, жергиликтүү журтту ыраазы кылды. Кыргыздын оозеки байлыгын “кодекс” деп атаганы да туура. Ооба, бул бизге түбөлүктүү “кодекс” болуп калды. Автор унутуп бараткан окуяларды эске салып, китепке киргизди.
Мына, мисалдар, цитата. “Бир айыл жоодон түгөл кырылат. Аман калган бир киши баласын учкаштырып алып качат. Алдынан кансырап турган агасы чыга калат. “Аба, учкашыңыз, ала кетейин” дейт. “Иним, ыраазымын, үчөөбүзгө атыңдын алы жетпейт. Сендей адамдан тукум калсын, менден көрө балаңды куткар” деп батасын берет. Мына сага, кыргыздын менталитети, келечек үчүн, балдар үчүн өзүн өзү курмандыкка чалуу, адамгерчиликтин укмуштай үлгүсү! Мындай нерсеге комментарий берүүнүн кереги жок. Талдоонун да кереги жок. Жөн эле угуп, эсиңе түйүп ал. Бул ага менен ининин (аке менен үканын) жашоо “кодекси”. Так ушундай нерселерден идеология деген түшүнүк курулат.
“Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө, бөлүнгөндү бөрү жейт” деген лакапты баары билишет. Ушуну дайыма айтып келатабыз. Туура, кылымдан кылымга айтабыз. Ар бир ажобуз саясатын ушу менен баштайт. Акаев “Кыргызстан – наш общий дом” деп баштады, бирок анан ал “Государство – это я и моя семья” дегенге айланып калды. Бешинчи президент Садыр Жапаров минтип айтып атат: “Бирдиктүү эл – өнүккөн өлкө”. Ооба, ушундай эле болсун, “семья” дегенге ооп кетпесе эле болду.
Болгария деген өлкөнүн бир жомогу эске түшүп жатат. Сюжети белгилүү. Бир баланы айылдын койлорун кайтартып коюшат. Ал тентек экен. Элдин “кыймылын” текшерейин деп “жардамга, карышкыр келди!” деп бакырат. Эркектер тез жетип келсе, ал “силерди мен алдап койдум” деп каткырат. “Антпей жүр, чечек” деп чекеге чертип, тарашат. Бир жумадан кийин дагы ушинтет. Дагы жүгүрүп келишет, ал дагы каткырат. Бул жолу баланы төпөштөп коюшат. Анан үчүнчү жолу чакырганда, эч ким келбейт, себеби ишенимден чыкты. Бирок бул жолу карышкыр чын эле келип, баланы жеп кетет. Бул окуядан биз үчүн чыккан мораль мындай: элдин койлорун кайтарган ажолорго этият мамиле кылалы, ашыкча мактап, “булар миң жылда бир келчү адамдар” деген чакырыктарга ишенбейли. Мындай кылсак, ит эле болобуз.
Элибиздин дагы бир эски сөзү бар, “бектер кетет, эл калат”. Бул илгертен бери айтылып келатат, бирок XXI кылымда буга кескин түрдө өзгөрүү кирди. Эми муну “бектер качат, эл калат” деп азыркы кыргыздар айта алат. Буга тарыхый негиз бар. Бул мамкатчынын китебинде жазылган эмес, менин сөзүм, учуру келгенде айтып атам да. Китепте болсо мындай сөз жазылган: “Кан бийлигинен калкы күткөн нарк күчтүү”. Ооба, күчтүү.
“Жети аке” деген түшүнүк бар. Бул XVII жана XIX кылымдарда пайда болгон. Ысык-Көл аймактан чыккан “акелер”. Сүйүнбек өзү көлдүк болгондон кийин, ушулардын тарыхын кантип жазбай кетмек эле? Жазды. Ооба, жети даанышман. Биринчиси Карга аке (1718-1828), жашы боюнча бир кылымдан ашыптыр. Жетинчиси Кыдыр аке (1843-1926). Башка аймактарда так ушундай “акелер” жок, ал жактан башка асыл адамдар чыкты. Түштүктөн датка айымдар, Таластан төкмө акындар, Чүйдөн генералдар, Кеминден жетекчилер, Нарындан бизнесмендер чыкты. Өлкөгө топ келишти.
Уруу жагынан алсак, жети акенин бешөө бугулардан, бирөө саяк (Садыр аке), дагы бирөө дөөлөс (Сарт аке). Булар эми өзүнчө феномен. Көлдүн дагы бир касиети бар – ошол жерден легендарлуу манасчылар чыкты. Тилекмат акенин (1800-1863) нарктуу сөздөрү китепте басымдуу түрдө берилиптир. Бул “бугунун белек тукумунан” чыккан акылман. Сөзү болсо мына. “Бири-бирибизге кол салбай, жол салалы”. Дагы бир цитата: “Дүйнөдө жети жетим бар. Биринчиси, тыңшабаган сөз. Экинчиси, чөп чыкпаган жер. Үчүнчүсү, багылбаган мал. Төртүнчүсү, кемпири жок чал. Бешинчиси, бойго жетип эр албаган кыз. Алтынчысы, элинен кеткен эр. Жетинчиси, башчысы жок эл”. Жалгыздыктан, алсыздыктан, камсыздыктан чыккан көйгөйлөр.
Акындардан мамкатчынын китебине Байдылда Сарногоев кириптир. Ал улуу сатириктин момундай саптарын келтирди. Үзүндүлөрдү берели:
“Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны”.
“Уйкашы менен арсылдайт,
Ити да ырчы кыргыздын”.
“Көз жеткенде келбес жайга жөнөрмүн.
Ошондо да жыйып соңку күчүмдү,
Аял сени бир жалт карап өлөрмүн”.
“Манас” эпосу жөнүндө китепте кенен айтылыптыр, манасчынын баласы кыскартып кантип айтсын? Өзү дагы “эпосту аткарууга жөндөмүм бар” деди, эми өнөрүн элге көрсөтөт го деп туралы. Бул жерден бир нерсени айтып кетейин, Темирбек Токтогазиевдин “Айкөл Манас – тарыхый инсан” деген китебине мамкатчы, өзү айткандай, абдан “ынаныптыр”. Буга байланыштуу мамкатчыга жана окурманга маанилүү нерсени тактап берейин. Эстеликте жазылган ысымдарды Токтогазиев тескери чечмеледи. Кутлуг-каганды бул Манас кылып, Капаган-каганды Семетейге, Бильге-каганды Сейтекке эмнеге айландырып салганын “ит билет”... Тонюкук деген акылманды Бакай кылды (Токтогазиевдин китебинен 68-69 беттерин карасаңар көрөсүңөр).
Таштарда жазылган тексттерде минтип турат: “Кул-Тегин кыргыздарга чабуул жасап, алар уктап жатканда чаап алган”. Билге-кагандын сөзү мына: “Мен кыргыздарга каршы жөнөдүм. Алар уйкуга берилгенде, баарысын кырдым”. Булар уктап калган кыргыздарды жайлаган экен да. Темирбек мырза да жазууларды чечмелегенде, “уктап” калыптыр. Аталган тарыхый инсандардын баарысы Түрк каганатынын өкүлдөрү – так ушулар Кыргыз каганатын талкалашкан. Токтогазиев болсо жыйынтыкты минтип чыгарды: “Айкөл Манас атабыз Улуу Түрк каганатын түптөгөн Куту Улуг Эл Төрөсүнүн өзү. Ал VIII кылымда элин азаптан куткарып, душмандарды айдап чыккан”. Ооба, так ушул жоокер кыргыздарды айдап чыккан. Анан бул кантип Манаска айланып калат? Манас болсо эмнеге Түрк каганатын түзөт?
Дагы бир жерин (Токтогазиевдин китебинен) келтирейин. “Манастын тарыхын биринчи болуп Жайсаң Умет уулу эпоско айландырган экен, анан аны Бүбү Мариямга кайып катары “сюжетти” айтып бериптир, ал болсо муну кагазга түшүрдү”. Токтогазиев Бүбү менен Жайсаңдын “фанаты” экен, анан ушуга мамлекеттик катчы “суктанабы”? Ушул жерден токтоп эле калайын. Жетишет го. “Ынана турган” булак эмес. Сүйүнбек мырза ушул “тактоону” эске алат го дейм. Бул “Ой санат” китебине тийиштүү (312-бетин карагыла).
“Нарк куржун” деген китепте С.Касмамбетов “Кыргыз наркы” деп аталган бөлүмүндө “баяндардын түрмөгүн” бериптир – торгой жөнүндө, элчи, ак келечек, көч, абийир, ынтымак жана башка баяндар. Бул абдан керек “куржун”, пайдасы көп. Эки баянга көңүлдү бурайын. “Дос” дегенге. “Коон үзгөндө дос элек, бозо сүзгөндө алыстадык” дейт кыргыздар. Автор буга минтип жазды: “Досуңду көрсөт, анан мен сенин ким экендигинди аныктайм” деген орус макалы да бир эсептен сүйүндүрсө, бир четинен көпчүлүгүн ойго салат. Ооба, салат. Эрнест Хэмингуэйди ойго салган, анан ал “Иуданын досу мыкты болгон” деди. Анын досу Иисус Христос болгон.
“Мугалим” деген баянында автор бир укмуштай эпизод берди. Муну деталдуу түрдө айтыш керек. Көчөдөн улгайган мугалимге мурунку окуучусу учурашып, “агай, мен дагы мугалим болдум, сиз таасир болдуңуз” дейт. “Кандайча?” деп сураганда, болгон окуяны эсине салат. Мына: “Бир жолу классташым саат тагынып келсе, мен аны уурдап алгам. Ал ыйлап, сизге кайрылды. Сиз баарыбызды доскага чыгарып, “көзүңөрдү жумгула” дедиңиз. Жумдук. Чөнтөктөрүбүздү аңтарып, менден саатты алып, токтоп калбай, катардын аягына чыктыңыз. Анан “баары жакшы, саат табылды” деп, менин абийиримди сактап калдыңыз, мени эстедиңизби эми?” деди шакирти. “Жок, балам, мен дагы көзүмдү жумуп аңтаргам болчумун да” деп жооп берди. Ушундайга эмне дейсиң? Бул мугалимдин баа жеткис ыкмасы да. Ууру ким экенин балдарга көрсөтпөй, анан муну өзү да көрбөй туруп саатты тапкан ыкма – бул педагогиканын туу чокусу. Высший класстын классикасы!
Китепте дагы бир абдан эле орчундуу маселе козголгон, “люстрация” деген түшүнүккө тийешелүү. Автор буга карата минтип айтты: “Люстрация маселеси бери дегенде 2005-жылдан баштап байма-бай козголуп келет, бирок бир жаңсыл чечилген эмес. Азыркы бийлик люстрация маселесин чечүү ишаратын элдин өзүнө койду”. Буга “ладно” дейли, бирок муну бийлик чечпесе, эл чечпейт, себеби мамлекеттин кызматтарына кадрларды койбойт да. Бул бийликтин иши. Буга карата атайын мыйзам кабыл алыш керек. Ушуга биз жетпей калдык, себеби, депутаттар мындай мыйзамга жол бербеди. Учурунда Польша мамлекетинде ушундай мыйзамды кабыл алып, коммунисттерди бийликтен четке чыгарышкан. Люстрация жыдыган аткаминерлерге каршы турган нерсе – бир жолу жыдысаң, экинчи мамлекеттин кызматына жолобойсуң. Бизде болсо бийликте “жыдыгандар” чейрек кылымдан бери отурушат. Арасында жасалган (фальшивый) диплом алгандар да бар – “түбөлүктүү” аттарга минип алышкан. “Майли” дейли.
Эми жыйынтык чыгаралы. Сүйүнбек Касмамбетовдун китептери элге пайдасын тийгизе турган олжо. Коомго бийликти “ляппай” деп колдогон “агитация” менен тырыхты “приватизациялаган пропаганданын” кереги жок. Мындай нерселерди кыргыздар “арзыматчылык” жана “тазбайматчылык” деп аташат. Коомго улуттун “куржунун” толтурган нарк керек. Азыркы малекеттик катчы ушундай “куржунду” көтөрүп чыкты. Баракелде!