Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Вирустан өзүбүз сактаналы, өкмөттү сөккөндөн пайда жок!”

“Вирустан өзүбүз сактаналы, өкмөттү сөккөндөн пайда жок!”

31-октябрь, 20:22
491 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирус жайылып, ооругандар арбып баратат. Өлүмдөр көбөйүүдө. Ал эми той-аштарды ээн-эркин өткөрүп жатышат. Буларды көзөмөлдөгөн орган жокпу? Эмне үчүн пандемияга карата өкмөт алгылыктуу иштебей калды?” деп собол узаттык. 

Мелис Карыбеков, парапсихолог:

-- Бул пандемия бүткүл дүйнө жүзүн каптады. Апаат башталгандан бери 42 миллиондон ашык адам оору жуктуруп алып, анын 1 млн. 140 миңден ашууну өмүрү менен кош айтышты. Ооругандар ири держава аталган АКШда 8 млн. 400 миңден ашып, 223 миңден ашууну көз жумду. Экинчи орунда Индия мамлекетинде 7 млн. 700 миңдей адам ооруга чалдыгып, 117 миңге жакыны о дүйнөгө кетти. Кыргыздарды ушул сандар кооптондурса жакшы эле болгону турат, бир ууч элбиз. Анткени, карантин бүткөндөн бери баары жайылып кетти. Шайлоонун үгүт иштеринде, андан кийинки митингдерде, анысы аз келгенсип, адатка айланып калган күз айларындагы той-аштар күчөдү. Биздин мамлекет, анын ичинде өкмөт күн сайын телерадио, ЖМКдан самырдай какшап, “ой сактангыла, беткап кийгиле, аралыкты кармангыла, той-ашты токтото тургула” деп эле атат. Ага эч ким кулак түрүп койгон жок. Эми өкмөт ар бир адамды көзөмөлдөй албайт, ага күчү жетпейт. Алар азыр башка нерселер менен алапайын таппай турган чактары. Мындай учурда бир эле айтарым, коронавирустан бизди Кудай эле сактасын!

Дамира Ниязалиева, коомдук ишмер:

-- Пандемия күч алды. Башка мамлекеттерди айтпай тек коёлу, бизде бери дегенде 400-500 адамдан күнүгө чыгып атат. Бул эми текшерилгени, ал эми жеңил формасын көтөрүп, симптомдорун байкабай жүргөндөрдүн саны мындан 4-5 эсе көп. Өкмөттүн пандемияга убактысы жок болуп атса керек. Анткени саясый кырдаал күчөп турган чак. Баары эле баягы бийликке жанталашып атышат. Пандемия унутта калып аткансыйт. Опурталдуу кырдаалда жашап жатабыз. Ансыз да экономикабыз аксап турганда карантинге жабуу андан да опурталдуу экенин билебиз. Кыргызстандын элине “бийликтин, байлыктын эмне кереги бар, эгерде өмүрүң үзүлүп атса, ден соолугуң жок болуп, абдан кыйналып турсаң эчтекенин кереги жок!” деп чакырык таштагым келип атат. Бул чакырыгым, биринчиден, бүгүнкү күндө бийликти талашып аткандарга тийешелүү. Биз пандемияны унутпасак. А саламаттык сактоо министрлиги баягы эле “5000 койка дайындап койдук, дары-дармектер алынды, дарылоо протоколу даяр” дегенди эле саймедиреп атышат. Бирок, саламаттык сактоо тармагындагы миңдеген көйгөйлөрдү чечип, элибизге толук кандуу, талапка ылайык сапаттуу медициналык жардам берүү колдорунан келбейт. Бир эле мисал, өткөнкү толкунда “кызыл аймакта” иштеп, ошол эле учурда илдетти жугузуп алган дарыгерлер алигүнгө чейин кошумча акчаларын жана компенсацияларын алыша элек. “Тез жардам” станциясында бүгүнкү күнү 50% дарыгер жетишпейт. Өкмөт каражат маселесин тез чечпесе, өтө опурталдуу жагдай түзүлүшү мүмкүн. Тилекке каршы, тийешелүү ооруканалар салынган жок. Реанимациялык бөлүмдөр көбөйгөн жок. 100 койкалык инфекциялык орун дайындалганын билебиз, бул өтө аз, жетишсиз. Чечим кабыл ала турган жетекчилер саясатка эпсиз аралашкандын ордуна элди да ойлоп коюшса жакшы болмок. 

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер:

-- Пандемиядан өкмөт да, эл да коркпой калды окшойт. Биринчи шок өтүп кетти көрүнөт, бирок этият болушубуз керек. Өкмөт менимче, мурдагыга караганда жакшы эле даярдангандай. Кошумча ооруканалар салынды, дары-дармектин запасы түзүлдү, медиктерде тажрыйба болуп калды, эл дагы паникага алдырбай, кичине кооптонуп калды. Экинчи толкунга даярдык бар, маселе элдин жүрүм-турум маданиятында болууда. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок оорусак эл ооруйт, өкмөт эмес. Чыгым болсо да ошондой. Бул маселе боюнча өкмөткө ишенбегенибиз туура болотЖан ар бирибизге керек. Жеке гигиенаны ар бирибиз сактаганыбыз оң. Өкмөттү сөгүп-саккандан эч пайда жок. Андан көрө той-аштарды токтотуп, көчөдө көп чогулган элдерге аралашпай, беткапты беттен түшүрбөй, аралыкты сактоо менен гана пандемиядан арылабыз. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер