Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Пандемиядан эл кырылабы? Бийлик качан ойгонот?

Пандемиядан эл кырылабы? Бийлик качан ойгонот?

30-октябрь, 14:47
548 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эсиңерде болсо керек. Пандемия жаңы башталганда коопсуздук кеңеши өткөрүлүп, элдин ден соолугу үчүн өкмөт кам көрүп, “даярдык начар” деп вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, министр Космосбек Чолпонбаев иштен алынып, курмандыкка чалынып, жазаланган. Ал кезде бир да адам көз жумган эмес. 

Андан кийин эпидемия күчөп, 1500 киши кайтыш болуп, кийин өкмөт уялбай анын санын азайтышып, миңге түшүрүшкөн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов, министр Сабыржан Абдукаримов эч нерсе болбогондой кызматтарын тапшырып кетишти. Алардын ишке болгон шалаакылыгынан канча адамдар оору жуктурушту, азап чегишти. Миңден ашык мекендештерибиз дүйнөдөн өтүштү го? Үйүндө жатып оорушуп, өтүп кетишкендери канча? Июнь, июль, авуст айларындагы эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп, апаат болгону үчүн кимдер жооп беришет? Азыр болсо күндөн-күнгө абал оорлоп баратат, бул үчүн дагы күнөөлүүлөрдү тизмектейбизби?         

Азыркы бийлик, коомчулук улам курчуп бараткан эпидемиологиялык абалдын камын көрбөй, кресло талашып, саясый оюндардын кумарына батып, реалдуу коркунуч жараткан дарт менен күрөшүүнүн ордуна “эл-жер” деп куру убадаларды берип, карапайым калктын башын калп эле айландыра беришеби?      Өлкөдөгү кыйындап бараткан эпидемиологиялык кырдаалга шашылыш чаралар көрүлбөсө, анын аягы өкүнүчтүү трагедиялар менен коштолушу мүмкүн.     

Өзбекстандын 33 миллион калкы бар, эли бизден алты эсе көп, эпидемия башталгандан бери 65763 киши оору жуктуруп, 554 киши каза болду. Кыргызстандын 6 миллион элинин 56738 киши оору жуктуруп, 1136 киши көз жумганы расмий айтылган. Өзбекстан ар бир адамдын өмүрү үчүн күрөшүп жатат, Кыргызстанда болсо момундай башаламан заманда экс-вице-мэр В.Мозгачева айткандай, ар ким өз ден соолугуна кам көрбөсө, бийликтегилерге эл кырылып калса деле баары бир окшойт? Бийликтин саясаттан башка кылар иши жоктой түр көрсөтүп жатат. Кокус эпидемиологиялык кырдаал жайындагыдан да күчөп, апогейине жетип, эл кырылып кетсе, анда калкыбыздын убал-сообун кантебиз? Кимдер жоопкер болушат?


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер