“Кыргызстанда диний анархияга берилгендер көбөйүп кетишти”
-- Диний чектөөлөр, караңгылык менен үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын айкалышын көп учурда байкап келебиз. Бул чийеленген жолдун чечилүү мүмкүндүгү барбы?
Жийде Асанбек кызы, журналист:
-- Дин өзүнчө бир чоң философия. Динди түшүнүү үчүн адам биринчи билимдүү, илимдүү болушу керек. Илгертеден ата-бабаларыбыз кандай сонун кийимдерди кийишкен! Кыздарыбыз чачын кырк өрүп, кош этек көйнөк кийип, көркөмүнө көз тойчу. Азыркы учурда прогресс менен жүрүү керек. Бирок динди да ашынбай алып жүрсө болот. Беш маал намазын окуп, Кудай жолу менен жүргөндөр бар. Бирок хиджапты кийип алып тамеки тартып, ичип, жаман ишке барып жүргөндөрү чектөөбү? Капкара кийиндирип, көздөрүнө чейин жаап алгандары кандай? Куранда деле “капкара кийинип жетеленип кал” деген жери жок болсо керек. Пакистандын кийимин шалбыратып кийип алып, айылдарда даават айтып жүрүшөт. Балдары болсо үйдө ачка отурушат. Ушул кыргыз жигиттерине жарашчу мүнөзбү?
Адегенде билимдүү болуп, ар бир улут өз өзгөчөлүктөрүн, каада-салтын сакташы керек. Динди мажбурлоого эч кимдин акысы жок. Мен өзүм күбө болгон окуяга токтолсом: кыз тубаса сологой экен. Бой жетип турмушка чыгат. Күйөөсү “сол колуң менен арам тамак бересиң” деп сол колун байлап, сабап жүрүп бир кызы менен акыры ажырашып тынышты. Жашоодо мындай окуялар көп. Ошондуктан, чектөөлөрдүн да чеги болот!
Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:
-- Диний маданияттуулуктун жана диний караңгылыктын айырмасын билиш керек. Кыргызстанда диний анархияга берилгендер көбөйүп кетишти. Өзүбүздүн каада-салт, улуттук кийимдин баркын кетирбей, ар бир кыргыз бул жаатта туура жүрүүсү, туура ойлонуусу зарыл.
Жазгүл Мадинова, журналист:
-- Азыркы учурда бул абдан курч маселелердин бири болуп турат. Мындай чийеленген жолду чечүү үчүн сабаттуу коом тарбияланышы керек. Коомдун аң-сезими өзгөрүп, сабаттуулугу толук калыптанып, мыйзам толук иштегенде гана биз бул терс жолдон арыла алабыз. Тилекке каршы, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун арты өлүм менен аяктаган учурлар жок эмес. Буга караңгылык, сабатсыздык, диний чектөөлөр түздөн-түз таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок, жакында эле ушул зомбулуктун алдын алуу боюнча президенттин жарлыгы чыкты. Эми зомбулуктан жабыркаган тарап тосмо арыз жаза албайт. Мен ойлойм, бул жарлык зомбулуктун алдын алууга жакшы мүмкүнчүлүк. Болгону мыйзам жакшы иштеши керек.