Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Тынаев: “Талапкерди ашыкча мактоо – журналистке шек келтирет”

Азамат Тынаев: “Талапкерди ашыкча мактоо – журналистке шек келтирет”

21-сентябрь, 07:57
622 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда шайлоодогу үгүт иштерине байланыштуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн көпчүлүгү өздөрүнүн социалдык баракчалары аркылуу кайсы бир талапкерди жерге-сууга тийгизбей мактап жатышат. Мындай көрүнүш коомчулук  жана ушул эле тармактагы айрым кесиптештер тарабынан сынга кабылды. Медиа эксперт Азамат Тынаев журналисттердин үгүт ишине тартылышы партиянын шайлоо фондунан каржыланганда гана аткарылыш керек (!) деп эсептейт.  

-- Айрым кесиптештердин талапкерлерди ашыкча мактаганы сынга кабылып жатат. Негизи шайлоо өнөктүгү учурунда журналисттер партия же талапкерлер менен кантип иш алып барышы керек? 

-- 4-сентябрдан тартып расмий үгүттөө кампаниясы башталган. Биздин шайлоо жөнүндөгү мыйзамга конкреттүү чектөө киргизилген. Ага ылайык, баардык үгүт иштерине партиялардын шайлоо фондунан акча төлөнүшү керек. Журналисттердин үгүт иштерине катышуусунун бир эле шарты ушул. Эгерде кайсы бир талапкерди же партияларды мактай турган болсо, ал аны сөзсүз легалдуу жол менен тийиштүү редакциянын прайсына жараша аткарышы зарыл. Ошондо да баардык партияларга бирдей шарт түзүлүшү абзел. Бир партияныкын чагылдырып, “экинчисине уруксат бербейм” дегенди журналисттер чечпейт. ММК өкүлдөрү башынан эле ушундай талаптар менен иштеп көнгөнбүз. Бирок, тилекке каршы, кээде айрымдардын ашыкча аракеттерин, мыйзамга туура келбеген кадамдарын байкап жатабыз. Өзгөчө социалдык тармактарда мактоо иретинде жазылган посттор, талапкерлер менен чогуу түшкөн сүрөттөр байма-бай жарыяланууда. Албетте, бул журналисттердин жеке тандоосу, ошондой болсо да журналисттин этикалык кодекстери бузулбаса жакшы болмок. Биз дайыма объективдүүлүктү, ар тараптуулукту камсыз кылышыбыз керек. Талапкерге билдирген жылуу пикири окурман, көрөрмандарда журналисттин объективдүүлүгүнөн шек жаратышы ыктымал. 

-- Журналист үгүт маалында мактаган талапкерди кийин кайсы бир ишиндеги кемчилиги үчүн сындай бергени нормалдуу көрүнүшпү? 

-- Бул өтө эле татаал суроо. Бирок, албетте, суроонун татаалдыгына карап мындай суроолор берилиши керек, такыр унчукпай койгонго болбойт. Негизи талапкерлер депутат болуп шайланып калгандан кийин мындай принциптер иштебей калат. “Мен муну убагында мактадым эле, эми уруша албайм” деген нерсе жок. Анткени саясат татаал нерсе, жашоо бир орунда турбайт. Мисалы, талапкер Жогорку Кеңешке келгенден кийин “добуш бергендер” же “бербегендер” деп ылгап отурбайт. Депутат – бүтүндөй кыргыз элинин өкүлү. Саясатчылар менен болгон жакшы мамилени гана ойлосок, бизде журналисттик сапат калбайт. Журналисттин алдаганы, маалыматты бурмалаганы, өтө эле колдоп, мактап жатканы элге сонун эле билинип турат. Ошондуктан, акча табуу максатында топтогон аброюн жоготуп албашы кажет. Абийирди эч ким акчага сатып ала албайт. Журналист өзүнүн мээнети, иши менен гана аброй чогулта алат.  

-- Айрым эксперттер шайлоого аттанган кээ бир партиялар фейк аккаунттардын армиясын жалдап, кызуу иштетип жатканын айтышууда. Боттор коомчулуктун пикирин өзгөртүүгө канчалык таасирин тийгизет?  

-- Фейктер бир эле Кыргызстанды эмес, дүйнө жүзүн каптаган учурда жашап жатабыз. Аларга каршы эч нерсе кыла албайбыз. Негизги курал – коомдун медиа сабаттуулугун арттыруу болуп эсептелет. Жасалма аккаунттарда айтылган нерселер коомдогу пикирге сөзсүз таасирин тийгизет. Ошон үчүн медиа эксперттер социалдык желедеги троллдордун ролун ар дайым талкуулап жатабыз. Медиа сабаттуулук, тилекке каршы, элге кеңири жайыла элек. Эскиче түшүнүктү карманып, баардык маалыматтарга ишене бергенден али арыла элекпиз. Сын көз карашы жок, дароо көңүлүнө алгандар арбын. Фейктерге тынымсыз каршы иш алып барышыбыз зарыл. Кээде укмуштуудай ушактар жазылат, биз ойлойбуз, “жазса жаза берсин, ага ким ишенет?” деп. Бирок, мындайга ишенгендер көп экен. Мына негизги көйгөй ушунда болуп жатат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер