Дарыгер: “Кавасаки синдрому боюнча тынчсызданууга негиз бар”

Анткени, чет элдик маалымат булактарында жана коңшу Казакстанда кавасаки оорусу коронавирустан кийин өрчүп кеткендиги кездешип жатат. Кыргызстанда азырынча жок болгону менен буга даярдык көрүш керек экендигин Камчыбек Узакбаев билдирди.
«Коронавирус оорусунан кийин кавасаки синдрому кабылдап кетсе, кандай дарылоо керектиги боюнча атайын клиникалык протоколдорду тактап койдук. Керектүү дарылардын тизмесин түзүп, өтүнмө бердик. Жакынкы арада алардын баарын даярдайбыз. Чет өлкөлөрдө кавасаки оорусунан сакайгандар көп. Бирок, дарыгерлер менен ата-энелер чогуу даяр турушубуз керек. Бүгүнкү күндө медицинада кавасакини дарылоо методдору жетиштүү жана ийгиликтүү дарыланууда» дейт Узакбаев.
Узакбаев коомчулукта «коронавирус менен ооруган балдарда кавасаки синдрому пайда болот» деп кооптонгон маалымат боюнча тынчсыздануунун ордуна өздүк гигиенаны катуу көзөмөлгө алууга чакырды.
“Марал”