Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » "Мени муунтканда балдарым “апамды өлтүрбө” деп ыйлашчу" (Жабыркаган аялдын окуясы)

"Мени муунтканда балдарым “апамды өлтүрбө” деп ыйлашчу" (Жабыркаган аялдын окуясы)

13-декабрь, 17:08
2 409 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Балдарым кыйкырып, "ата! Апамды өлтүрбө!” деп ыйлаганда аларды ыргыта чаап, “баргыла, бөлмөңөрдөн чыксаңар, силерди да өлтүрөм!” дечү” дейт Майрам.

Майрам үч баласы менен күйөөсүнөн качып чыккан. Коңшулары "Сезим" кризистик борбору тууралуу билип, жардам беришкен.

"Жабыркаган келиндин психологиялык травмалары бар. Ал аябай кыйналды, эки күн төшөктөн туралбай жатты" дейт "Сезим" кризистик борборунун кызматкери Анара Омуркулова.

"Крокодил учабы?" деп сураганда "учат" деп турушум керек болчу да. Анан "сиздики туура, жаным" деп жата калып таманынан өбүшүм керек болчу. Ошого да баргам" деп Майрам окуясын улантты.

Дарыгерлер Майрамдын жана анын балдарынын бир нече жери сынганын аныкташты. Бардык балдардын мээси чайкалып калган. Учурда алар дарыланып жатышат.

"Кыргызстанда күндө аялдарды уруп, зордукташат. Статистика боюнча көп учурда жакындар сабашат. Алар бардыгына чыдап, зомбулук көрсөткөн жакындары менен бирге жашоого аргасыз" деп коалициядан маалымдашты.

“Кактус кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер