Валимжан Таңырыков: “Бишкек шаарындагы транспорт көйгөйүн эч ким чечкен жок”

Каарманыбыз 86 жаш куракта. Азыркы кыштын катаал күндөрүнө карабай Дөлөн Өмүрзаков атындагы шаардын борбордук стадионуна таң эрте бир сааттан ашык басат. Кээде жолукканда ар кыл темада кобураша кетебиз. Бу жолу кыргыздын “көйгөй” деген сөзүнө токтолдук.
-- Валимжан аке, акыркы кезде “көйгөй” деген сөз көп айтылчу болду. Муну сиз кандай чечмелейт элеңиз?
-- Адамзатты жараткан күндөн баштап Алла Таала көйгөйдү кошо бергендир. Адамзат коомунун өсүп-өнүгүү жолунда көйгөй да өсүп-өнүгүп, коом татаалдашкан сайын көбөйүп, ашып-ташып отурса керек. Өзгөчө коом катмарларга бөлүнүп, эл бийлеген төрөлөр, байлар-кедейлер, жакырлар-жалчылар пайда болгондо, көйгөй акыркылардын тагдыры болуп калгандыр. Азыр да көйгөй колунда жок жардылардын, жетим-жесирлердин, алы жок карылардын, айласы жок майыптардын үлүшү.
Мен Б.Б.Миллердин персидско-русский сөздүгүн карап [ху] жана [хуй] деген сөзүн таптым. Мунун мааниси “характер, нрав, привычка, наклонность” дейт. Кыргыз адабиятында көптөгөн жазуучулар ушул сөздү колдонушат. Мисалы, Шабданбай Абдраманов “жаңы чөйрө, жаңы турмуш, жаңы шарт андан жаңыча кадамдарды, жаңыча мамилелерди, жаңыча пейил куйду күтүүнү талап кылары жалган беле?” (“Тагдыр” китебинде).
“Көйгөй” деген сөз кыргыз тилинин сөз жасоо мыйзамына ылайык кайталоо менен кош сөз жасалса керек. Бирок, эмне үчүн экинчи бөлүгү “г” болуп алынган? Бул маселе тилчилердин оокаты. Кыргыз тилине бул сөз маанисин өзгөртүп, адамды кыжалат кылганга, кейиткенге, муңдантканга, кыйналтканга, зарлатканга, мүгдүрөткөнгө мүнөздүү кайталанып турчу маселе катары кабылданса керек. Эгер башка бирөө ушул сөздүн тамырын чечем десе, аракет кылсын, жакшы болмок.
-- Валимжан аке, ушундан улам сиздин жеке көйгөйүңүздү да уга кетсек кандай болот, каршы эмессизби?
-- Менин жеке көйгөйүм: биринчиден, биздин бийликтин аскер адамдарын өгөйлөгөнү. Мен 25 жыл 6 ай аскерде кызмат кылдым. Сирия, Араб өлкөсүндө беш жыл кызмат өтөдүм, СССРдин башкы аскер кеңешчисинин (главный военный советник) котормочусу болуп иштедим. Ал киши Белоножко Степан Ефимович, генерал-полковник, Хафез Асаддын кеңешчиси болчу. Хафез Асад Фрунзедеги военное летно-техническое училищени бүтүргөн. СССРге кайтып келгенде ушул училищеде кызмат кылдым. Чет мамлекеттен келген курсанттар жана офицерлер менен иштедим. Баардык күчүмдү, тажрыйбамды, илимимди Кыргызстанды ошолорго тааныштырганга жумшадым. Азыр Бишкек мамлекеттик университетинде кызмат кылып жатам.
Кыргыздардын дарегине ушул окуу жайда бүткүл дүйнөнүн 36 мамлекетинен келген курсанттар жана угуучулар: учкучтар, авиаинженерлер, авиатехниктер, авиамеханиктер жана аскер башкармалыгынын адистери даярдалган. Алардын ичинен Сириянын президенти Хафез Асад, Египеттин презденты Хосни Мубарак, Индиянын космонавты Ракеш Шарма, Монголиянын космонавты Гуракча, Индиянын аба куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Дильбах Сингх, Түштүк Африка Республикасынын аба куралдуу күчтөрүнүн башкы командачылары Фабиан Мсиманг, Вайсман Мбомба, Түштүк Йемендин аба куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Ахмад Хулен окушкан. Кыргызстандын жана Россиянын космонавты Салижан Шарипов Токмок гарнизонунда чет мемлекеттен келгендерди окуткан. СССРдин номер экинчи космонавты Андриан Николаев окуп бүткөн. Венгриянын согуш-аба транспорт авиациясы Токмок шаарында түзүлгөн. Мен ушул аталган офицерлердин көпчүлүгү менен командирдин саясый-тарбия иштери боюнча орун басары болуп кызмат өтөгөм.
Садыр Жапаров бийликке келгенден бери пенсияны эки жолу көтөрдү. Бирок, аскер ардагерлериникин көтөргөн жок. Бакиев эки жолу көтөргөн. Ал аскер адамдарын өгөйлөгөн эмес. Акылбек Жапаров транспортко “безналичный” төлөөнү киргизди. “Тулпар” карта берет” деди. Мен Биринчи Май соцфондуна барсам, татынакай келин отуруптур. Өз көйгөйүмдү айтып, түшүндүрүп, “картага келдим” деп пенсиялык күбөлүгүмдү көрсөттүм. Келин менин документтеримди карап чыгып, “вам “тулпар” не положено” деди. Ме сага! “Эмне үчүн?” десем, “аскер ардагерлерине акча жок” деп жогорудан айтышты” деди. Жокко суроо жок. Мамлекет башчысы менен өкмөт башчысы аскер ардагерлерине “тулпар карта жок” десе, тиги татынакай келин эмне демек эле? Мен сөгүнүп коюп, 15 сом маршруткага, 11 сом автобус менен троллейбуска төлөп коюп жумушка барып келип жүрөм.
Жумушка баруу да, жумуштан үйгө келүү да көйгөй. Автобус, троллейбус, маршруткалар эртең менен тыгылыш, кыйкырык, бири-бирин түртүшмөй, сөгүшмөй, кээ бир эректер учурдан пайдаланып аялдарды кысып коймой... Университетке ачууланып, жарык дүйнөнүн баарына нааразы болуп барасың, кээде кечигесиң, студенттер да ошол абалда. Кыргызстан өнүгүп-өсүп жатат, эл жыргап жатат дейсиңби? Бишкек шаарынын мэри ким гана болбоду, бирок 30 жыл ичинде транспорт көйгөйүн эч ким чечкен жок. Баардык мэрлер “автобус, троллейбус алабыз” деп жолун таап, бөлүнгөн бюджеттин жарым-жартылайын өз чөнтөгүнө урушту го?..
Кыргыздар отуз жыл башкаруучуларга жарыбады. Баары ант берип, “жыргатам” деп убада беришет да, убадасын унутушат. Ким гана президент болбоду Кыргызстанда: окумуштуу, дозатор, философ, алкаш, сөөлжан, физкультурник... Арабдар айласы жокто “йаа салаам” дешет. Кудай сактасын Кыргызстанды!