Бүтүк көз Жыргалбек Турускулов кыздардан бетер сурма жасатканда
Бүгүнкү күнү көпчүлүк келбетине, дене-түзүлүшүнө өзгөртүү киргизгилери келишет. Адистер пластикалык операциялардын өнүгүүсү менен Кыргызстанда муну жасатуу өтө оңой болуп калганын айтышат. Айрыкча адистерге эриндерин, көкүрөгүн чоңойткусу келген ырчылар кайрылышат. Бирок, денесинин кайсы бөлүгүнө өзгөртүү киргизгендерин ачыктагылары келишпейт. Булардын арасында саясатчы, депутаттар да бар экени айтылып жүрөт. Аты-жөнүн жашыруун калтыргысы келген пластикалык хирург оозун, көкүрөгүн чоңойтуп, же сурма жасатышы ыктымал (!) деген белгилүүлөрдүн мурдагы жана азыркы сүрөттөрүндөгү айырмачылыктарды салыштырды.
-- Жакын арадан бери Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Жыргалбек Турускуловдун сурмасы пайда болгонун байкадык. Баштагы сүрөттөрүндө Жыргалбек мырзанын көзү бүтүк болуп, көзүнүн үстүндөгү териси ылдый түшүп турчу. Сурма чыгаруу процедурасы өлкөдө аябай өнүккөн, аны эркектердин да жасатып жатканы кадимки көрүнүш. Ал операция жолу менен аткарылып, блефаропластика деп аталат. Баалары он беш миң сомдон жогору.
“Азия Ньюс” гезити