Бийлик. Кылмыштуулук. Коррупция. Сот адилеттиги
“Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт”
(Кыргыз эл макалы)
Мен бул макаланы жазайын деген деле оюм жок болчу. Коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөр жана бийликтин акыркы аракеттери боюнча пикиримди, сунуштарымды айтпай, журналисттердин суроолорунан баш тартып жүргөнүм менен бийлик өкүлдөрүнүн Жогорку Кеңеште, андан кийинки айткан маалыматтары жана өздөрүнө берген баалары ушул макаламды жазууга түрткү болду.
Кокусунан жакын туугандарыбыз же тааныштарыбыз ооруп калса, анын көңүлүн көтөрүп, жакшы болуп сакайып кетишин каалап, доктурга барып көрүнүшүн айтабыз. Ооруп калган таанышыбыз, тууганыбыз айткан сунушту кабыл алыппы, же адистерге көрүнүүнүн зарылчылыгынанбы, иши кылып, аягында доктурга барып көрүнөт. Албетте, доктур анын кан басымын, жүрөгүн, өпкөсүн текшерип, кандын жалпы жана биохимиялык анализиндерин алып, заарасы менен заңына чейин тактап, иликтегенден кийин гана диагнозун коюп, “ушундай ооруңуз бар экен” деп дарылоо процессин баштайт. Анализдерин текшербей же аныкталган анализдерин бурмалоо жолу менен дарылоонун аягы ошол адамдын трагедиясына алып келет. Анын арты – майыптык же өлүм.
Мамлекет деле адамдын организминдей ооруйт, сакаят... Аны сакайта турган доктурлар – бийлик жетекчилери жана активдүү коом. Бүгүн биздин өлкөбүз дагы ар кандай оорулар менен ооруп жаткан учуру. Доктурлардай эле бийлик төбөлдөрүбүз өлкөбүздүн оорусу боюнча адистер менен ар тараптан иликтеп, анализдеп чыгышып, оорунун диагнозун тактап, андан кийин дарылоо ыкмалаларынын протоколун (программасын) коомго түшүндүрүшүп, ошол протоколдун (программанын) негизинде коомдун колдоосу менен иш алып барса, мамлекетибиздин дени сак, элибиздин жашоо турмушу жакшы болмок, ишибиз дагы туура нукта, туура багытта кетмек. Тилекке каршы, бийлик жогоруда айтылгандай мамлекеттин оорусун ар тараптан терең анализдеп, иликтеп, анын негизинде диагнозун коюп, андан кийин гана дарылоонун стратегиясын аныктагандын ордуна, “чү” дегенде эле аткарылбай турган убадаларды берип, бийлик бутактарын түзүүдө каталарды кетирип, милдеттенме алган эл аралык келишимдерге жана мыйзамдарга анчейин деле “көңүл бурбай”, мааниси жок майда-чүйдө иштерди тоодой көрсөтүп, пиар жакка көбүрөөк басым жасап, сын-пикир айткандар менен жарандык коомду кысымга алып, эркин журналист, блогерлерди жана эркин ЖМКларды куугунтуктап, кээ бир коңшулар менен мамилелерди бузуп, чатакка жол бердирип, кылмыштуу топтордун таасирлеринин күчөшүнө түз жана кыйыр мүмкүнчүлүк түзүп, анын кесепетинен коррупциялык көрүнүштөрдүн өнүгүшүнө жол берилип, кадрларды тандоодо дагы каталарды кетирип, сот адилеттүүлүгү камсыз кылынбай, коомубуз дагы активдүү болуп талапты катуу койбой, кайдыгер мамиле кылып, оорубузду сакайткандын ордуна кайрадан күчөттүк. Жыйынтыгында, жарандардын өлүмү менен коштолгон эки жолу куралдуу чек ара конфликти чыкты (2021-жылы 28-30-апрелде жана 2022-жылы 14-17-сентябрда).
Ошол эки конфликттин кесепетинен 100гө жакын жараныбыз курман болсо, жаракат алгандардын саны 300гө жетти. Талкаланган, өрттөнгөн турак жайлар, социалдык, аскердик жана административдик объекттер 900дөн ашса, 600гө жакын айыл чарба жана башка объекттер жок болду. 70тей автомобиль жана ар кандай техникалар, анын ичинде аскер техникалары күйдү, өрттөндү, талкаланды. 200 миңден ашык жаран конфликт зонасынан чыгарылса, кээ бирлери үйлөрүн таштап качууга мажбур болушту. Алар малдары менен мүлктөрүнөн дагы ажырашты. Ошентип, Баткен облусунун жана Чоң-Алай районунун эли моралдык, психологиялык, каржылык жана мүлктүк тараптан жабыр тартып, мамлекет менен бирге ондогон миллиард чыгымдарга дуушар болду. Анысы аз келгенсип кылмыштуулук күчөп, коррупция болуп көрбөгөндөй тамырын жайды...
23-ноябрда Жогорку Кеңеш 2024-жылдын бюджетин карап жатканда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы төлөмү 117,4 млрд. сом болгонун, үч жыл ичинде капиталдык вложениеге 49,7 млрд. сом бөлүнгөнүн, 1724 соцобъект, 106 суу менен камсыздоо объекттер бүткөнүн, эки жылда 1386 км жолго асфальт төшөлгөнүн, 298 даана жол куруу техникаларды сатып алгандыгын, ал эми 2026-жылы 700 даана техника сатып алына тургандыгын баса белгилеп, президент Садыр мырза бийликке келгенден бери Баткен облусуна 3 млрд. 726 млн. 900 миң сом берилгенин, жалпысынан 634 объект анын ичинен 55 мектеп курулганы боюнча маалымат берди. Андан башка экономиканын өсүп жаткандыгы боюнча айтып, 2021-жылдан тартып 2023-жылдын 31-октябрына чейин кепилдик (гарантийный) фонд 5507 гарантияны, 5,36 млрд. сомго бергенин, мамлекеттик банктын уставдык фонду 16,6 млрд. сомго көбөйтүлгөнүн жана эки жылда ЗАО “Кыргызиндустрия” 20 ишкананын ишке киргизгенин (арматура, фарфор, электроника, принтер, копировалдык жана ККМ аппараттарын чыгаруучу, кирпич, бетон, жер семирткичтер).
“2022-жылы түзүлгөн туризмди өнүктүрүү фонду азыр 19 долбоорду ишке ашырып жатат” деп аткаруу бийлигинин жемиштүү иштерине токтоп, саясый коррупциянын демонтаж болгонун да белгилеп кетти. Ошону менен бирге чек арада таланган үйлөргө компенсация төлөмдөрү болбосун, аларды соцобъекттерди бүткөндөн кийин гана карап көрүшөрүн айтканы жана өзүнүн түздөн-түз конституциялык милдеттеринин (Конституция, 91-берене) аткарылышы боюнча сөз кылбай, аны көмүскөдө калтырганы, тагыраак айтканда, мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, аймактын бүтүндүгүн кантип коргогондуктарын, баа жана тариф саясатын кантип жүргүзгөндүгүн жана жарандык коом менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылып жаткандыгы жана башкалары боюнча унчукпаганы коомдун ага болгон ишенбестигин күчөтүп, “оозго салган халвасынын” даамы туздай эле болуп калды. Ал эми социалдык тармакты тейлеген орун басары Эдил Байсалов мырза жакырчылыктын 25 пайыздан 28 пайызга жогорулаганын (ачык, расмий маалыматтар боюнча жакырчылык 2022-жылы 33.2%ды түзгөн) кыргыз эли “оптимизм менен келечекти карайт” деп улуу орус сүрөтчүсү А.Ивановдун “Явление Христа народу” деген картинасында элдер талаада келе жаткан Христосту карап таңыркап тургандай, Байсалов мырза кыргыз элин келечекти оптимизм менен каратып, баарыбызды таңыркатты.
А.Эйнштейн “баары салыштырмалуу” дейт. А.Жапаров менен Э.Байсалов мырзалардын айткандарын жана цифраларын, өзүбүздүн турмушубуздун реалдуу акыбалы менен жана эл аралык уюмдардын ушул эле жылдын башы менен ортосундагы бизге берилген жана ачык жарыяланган баалары менен салыштырып көрөлү.
·Коррупция боюнча (“Транспренси интернэшнл”) 185 өлкөдөн 140-орунду ээлеп, эң коррупционер өлкө катары бааландык (2022-жылы дагы 140-орунду ээлеген элек). “Кустуруу-мустуруу” кампаниясы дагы жардам бербеди.
·Кылмыштуулук боюнча (Портал “Numbeo”) 142 өлкөдөн 38-орунду ээлеп, эң кылмыштуу өлкө статусуна ээ болдук.
·Сөз эркиндиги боюнча (“Freedom House”) 180 өлкөдөн 122-оорунду ээлеп, эркин эмес деген баа менен Сомали, Түркмөнстан, Түндүк Корея өлкөлөрүнүн катарына кошулдук.
·Демократия боюнча (“Economist Intelligence Unit”) 167 өлкөдөн 116-орунду ээлеп, Конституцияда бекитилген демократиядан тайып, «авторитардык режимдүү” өлкөгө айландык.
·Саясый жана жарандык эркиндик боюнча (“Freedom House”) 210 өлкөдөн 159-орунду ээлеп, эркин эмес өлкө катары бааландык.
·Экономикалык эркиндик боюнча 100 баллдан 55,8 балл менен 116-орунду ээлеп, экономикалык эркин эмес өлкө статусуна ээ болдук.
Бул көрсөткүчтөргө кошумча, күнүмдүк колдоно турган товарлардын жана дары-дармектердин баалары асманга чыгып, 100 пайыздан 400 пайызга чейин көтөрүлдү, инфляция 10%га жакындады (9,5%) ал эми кээ бир эксперттердин баасында 14%дан ашты. Баалардын өсүшүнө жана инфляцияга жараша айлык акы менен өзгөчө пенсия-пособиеге күзгүлүү индексация болбогондуктан жакырчылык 33%дан өсүп, жакырлардын саны 2 миллиондун тегерегине жетсе, мамлекеттин карызы 2020-жылы 5 млрд. 925 млн. долларды түзсө, 2023-жылы 6 млрд. долларга жетти (5 млрд. 987.01 млн. $). Мындайча айтканда, үч жылда карыз 1 млрд. долларга өстү.
Кадрларыбыздын деңгээли мышык ыйлай турган акыбалда. Үч жылдын ичинде беш министрлик эки жолу алмашылды (коргоо, тышкы иштер министрлиги, адилет, маданият, эмгек жана жаратылыш ресурстары жана экология), үч министрлик үч жолу (санариптик өнүктүрүү, саламаттык сактоо, транспорт министрлиги), энергетика министрлиги төрт жолу, билим берүү министрлиги алты жолу (ар бир алты айда) алмаштырылса, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары беш жолу алмашылды. Пара алып же пара талап кылып,
төрт министр кызматтан кол жууду. Анын бири кайтып келди. Айга-күнгө теңеген Теңгиз Бөлтүрүгүн көрдүк. Калгандары өзүнчө маселе.
Коомубуз бузулду, улууну урматтабай, кичүүнү сыйлабай калдык. Бири-бирибизге болгон мамиле мышык менен чычкандай. Аял кишилерге болгон сый-урмат, үрп-адат, каада-салт, нарктуулук быякта эле калып, жигиттерибиз аялдарды бычактап, мурду менен кулактарын кессе, кыздарыбыз төрөгөн балдарын таштандыга ыргыткан деңгээлге жеттик... Куугунтук, өлкөдөн күч менен чыгарылуу, “төңкөрүш, башаламандыкты уюштуруу” деген “дүжүр күнөө” менен камоолор чөнтөк уурулардай эле болуп калды. Сот адилеттигин камсыз кылуу тоокту күлдүргөндөй акыбалда...
Мен бул жерде бийлик төбөлдөрүн сындоодон, алардын абройлоруна шек келтирүүдөн жана аларды “кетсин” дегенден алысмын. Андай ой таптакыр жок. Анткени, ушундай акыбалдын орун алышына барыбыз күнөөлүүбүз... “Өз маалында акылга келип өзүңдү осол акыбалдан сактай алгандан өткөн өнөр жок” дегендей, акылыбызга келип, мамлекеттин, коомдун оорусунун диагнозун, акыбалдын реалдуулугу менен чындыкты ар бирибиз билели, апыртмаларыбызды токтотолу, туура тыянак чыгаралы дагы, барыбыз биргелешип ушул кырдаалдан чыгалы!
“Өзүн сындай албаган киши өзүнүн ким экендигин толук билбейт. Анын ийриси – түз, кемтиги – бүтүн” деп бекер айтпаптыр биздин ата-бабалар. Ийрибизди түз, кемтигибизди бүтүн деп өзүбүздү сооротпой, акыбалга “кызгылт” көз айнексиз карап, туура баа берип, мамлекетибиздин келечегин ойлойлу!
Мына ушуга байланыштуу, уюмдашкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан бийликтин учурдагы саясатын (уюмдашкан кылмыштуу топтун анабашчысы К.Көлбаевдин правосудияга берилбей жөн эле атып өлтүрүлүшүнүн жолунан башкасын) жапатырмак колдоого алып, мүмкүнчүлүктөрүбүзгө ылайык жардам берип, көмөк көрсөтүшүбүз керек. Мындай саясат коомду жана мамлекетти кылмышкерлер менен коррупционерлерден тазалоого багытталган туура саясат. Мындай саясаттын алкагында УКМК жетекчиси тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин жакынкы перспективадагы жыйынтыгы – кылмыштуу топтордун жоюлушуна, алардын бизнес чөйрөсүндөгү таасирлерин жокко чыгарууга жана мамлекеттик органдардагы кылмыштуу топтор менен алака түзүшкөн чиновниктерден тазаланышына алып келсе, алыскы перспективада өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана инвестициялык акыбалдын жакшырышына, ишкерлердин, компаниялардын атаандаштыгына жол ачылып, коомдун тазаланып өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна, жарандардын укуктарынын корголушуна жана улуттун коопсуздугуна келтирүүчү коркунучтарды жана чакырыктарды минималдаштыруусуна шарт түзүүсү шексиз.
Эгерде президент Садыр мырза баш болгон, негизги “кыймылдаткыч” жана аткаруучу УКМК төрагасы Камчы мырза төш болгон бийлик төбөлдөрү азыркы иш-аракеттеринен жана аёосуз күрөшүү багыттарынан тайбай, айткан сөздөрүнөн, берген убадаларынан кайтпай, “ушул оорудан” өлкөнү сакайтып, кылмышсыз жана коррупциясыз коом түзүүнү чын дилдери менен каалашса, анда “аппетит тамак ичүүдө ачылат” дегендей, учурдагы аткарып жаткан иштерине кошумча кылмыштуулук жана коррупция менен системдүү түрдө күрөшүнүн механизмдерин түзүп, концептуалдуу иш-чараларды аткаруулары зарыл. Биз дагы активдүү түрдө көмөк көрсөтүп, жардам берип, туура иштерин колдоп, туура эмесин айтып, андайларына жол бердирбешибиз керек. Ансыз жогорудагы айтылган жыйынтыктарга жарым-жартылай жетсе жетип, жетпесе жетпей, “отоо чөптөрдү тамырын калтырып кыркып алгандай” же мурункудай эле “шоу кампанияга” айланып, элдин үмүттөнгөн мүдөөлөрү аткарылбай калат. Ал үчүн төмөнкү концептуалдуу иш-чаралар сөзсүз аткарылышы керек.
Биринчи мөөнөттө:
1) Жогорку Кеңештин төрагасы Шакиев Нурланбек мырза октябрь айынын орто ченинде Нарындагы иш сапарында айтканындай, кылмыштуу топ жөнүндө мыйзамды катаалдаштыруу максатта тез арада “Уюмдашкан кылмыштуу топко каршы аракет тууралуу” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Кандай? Мисалы: уюмдашкан кылмыштуу топ жөнүндө аныктама киргизүү менен анын уюштуруучусуна өзүнчө, мүчө болгондугу үчүн гана өзүнчө жазалоо норма киргизүү керек. Ошону менен бирге “мыйзамдагы ууру” статусуна ээ болгонго, кылмыштуу топтун чогулушуна катышкандарга (участие в сходке), аларга ачык (публично) колдоо көрсөткөндөргө, алардын идеяларын ачык даңазалагандарга жана алардан жардам же көмөк сурап кайрылгандарга өзүнчө жазалоо нормаларды Кылмыш-Жаза кодексине киргизүүнү тездетүү. Максималдуу жазалоо санкциясы 15-20 жыл, минималдуу 3-5 жыл эркинен ажыратуу менен мүлктөрүн конфискациялоо нормаларын киргизүү. Биздин мыйзамдарда мындай нормалар жок.
2) Коррупция жөнүндө түшүнүктөрдү эл аралык стандартка шайкеш келтирүү менен жогорудагыдай ыкма менен “Коррупцияга каршы аракеттенүү” мыйзамын толугу менен оңдоп-түзөө зарыл. Биздин Кылмыш-Жаза кодексиндеги (КЖК) жана мыйзамдагы нормалар, 2005-жылдын 6-августунда №128 мыйзам менен ратификациялаган БУУнун коррупцияга каршы конвенциясына шайкеш келбейт. Анда коррупциялык көрүнүштөргө 10 берене кирет. Анын баары так жана абдан түшүнүктүү чагылдырылган. Сот процессинде “буйтап-суйтап”, “эшигин жапсаң терезеден, терезесин жапсаң форточкадан, форточкасын жапсаң мордон чыга” турган “жылчык-мылчыгы” биздикиндей калтырылган эмес. Алар: кызмат адамынын пара алуусу; кызмат адамы тарабынан мүлк уурдоо, мыйзамсыз ыйгарып алуу, же мүлктү максатсыз колдонуу; таасирин кыянатчылык менен жеке кызыкчылыгына колдонуу; мыйзамсыз баюу; кылмыштуу кирешелерди адалдоо; кылмыштуу жол менен алынган мүлктөрдү жаап-жашыруу; сот адилеттигин ишке ашырууга тосколдук кылуу. Ал эми биздин Кылмыш-Жаза кодексинин 42-главасында коррупцияга бир эле 336-берене “Коррупция” кирет. Ал эми пара алуу 342-берене, коррупциялык кылмыштарга кирбей башка кылмыштарга кирет. Кыскасы, башаламан. Мыйзам боюнча так стандарттын жана түшүнүктүн жоктугунан, деңгээлибизге ылайык коррупцияга киргенин дагы, кирбегенин дагы “оптом” коррупция деп, коррупция беренеси менен соттолбогондорго “коррупционер клеймосун” басып, ага жана анын жакындарына моралдык сокку урганыбыз аз келгенсип, прокурор, тергөөчү жана соттордун каалагандай чечмелегендерине шарт түзүп, шордуу элдин шорун бергенге мыйзамдар аркылуу жол берилип калган.
Эң кызыгы, “коррупция менен кармалды” деген аткаминерди адилеттүү соттоо, “коррупция” беренеси менен соттош мүмкүн эмес. Анткени мыйзамдагы мүчүлүштүктөр ошондойго жол ачып койгон. Ошондуктан ушул “өлүк” иштебеген “коррупция” беренесин алып таштап, БУУнун коррупцияга каршы конвенциясындагы беренелерди КЖКнин Коррупциялык кылмыштар главасына толугу менен шайкеш келтирүү керек.
3) Аткаруу бийлигиндеги коррупциялык иш-аракеттерге аралашкан жана уюмдашкан кылмыштуу топторго тийешеси бар чиновниктерден тазалап, андан кийин аларды мындан ары мамлекеттик кызматтарда жок дегенде 10-15 жыл иштөөлөрүнө чектөө жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү.
4) Прокуратура, сот жана укук коргоо органдарындагы кылмыштуу топ менен байланышы болгон жана аларга көмөк көрсөткөн, алардын мыйзамсыз иштерин аткарган “погончон оборотендерди” иликтеп, аларды кызматтарынан четтетүү менен чектелбестен, дагы жазалоо менен бирге жок дегенде 7-10 жыл мамлекеттик кызматтарга иштөөлөрүнө тыюу салууну мыйзам менен бекитүү. Алардын аты-жөндөрү менен тизмелерин кыргыз коомуна жарыялап, ачыкка чыгаруу. Эл “өз баатырларынын” аты-жөндөрүн билиш керек. Мындай кадам учурда кызмат өтөп жаткандарга жана келечектеги муунга таасирдүү сабак болору шексиз. Ошону менен бирге мындай кадам эл талап кылган “люстрацияга” мыйзамдуу жол ачмак.
5) Коррупциялык көрүнүштөрдү минималдаштыруу үчүн дагы бир маанилүү иш – жыл сайын айлык акы, пенсия-пособиелерди инфляцияга жараша “күзгүлүү индексациялоо” боюнча өзүнчө мыйзам кабыл алып, реалдуу түрдө ар жылы системдүү түрдө айлык акы, пенсия-пособиелерди индексациялоо. Ошону менен бирге мамлекеттик кызмат адамдарынын айлык акыларын бизнес чөйрөсүндө иштеген кызматчылардын ээлеген кызматтарынын айлык акыларына теңдеп туруу механизмин киргизүү.
6) Жарандык коомдун иштешине жана өнүгүшүнө шарт түзүп берүү. Жарандык коом – жалпы элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эң керектүү жана демократиянын көрсөткүчтөрүнүн маанилүү институту. Бийлик аларга шарт түзүү менен эле чектелбестен, укук коргоо органдары менен алардын кызматташууларын камсыз кылуулары зарыл. Жарандык коом – кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүүнүн эң негизги факторунун ачкычы. Алар айкындыкты, ачыктыкты камсыз кылып, аргументтүү талкуу менен коомдун колдоосун күчөтөт. Ачыктык – кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүүнүн, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоонун, мыйзам бузууларга каршы туруунун эң мыкты инструменти. Ошондуктан жарандык коомдун ролу абдан чоң жана мамлекет үчүн өтө пайдалуу. Ушул иштин алкагында “Ино агенттер” жөнүндөгү мыйзамды четке кагып, авторитардык өлкөлөрдүн тажрыйбасын кайталабай, аны кабыл алуудан баш тартуу керек.
7) Сөз эркиндиги боюнча. Учурдагы болуп жаткан кемчиликтерди оңдоо менен жарандардын эркин ой-пикирлерин билдирүүлөрүнө толук кандуу мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Бул бийликтин негизги милдети жана конституциялык нормалардын кынтыксыз аткарууларын камсыз кылуулары. Жарандар эркин ой-пикирлерин билдирүүлөрү менен кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөштүн талкуусуна активдүү катышышып, өздөрүнүн сунуштарын беришет. Ал эми эркин жана көз карандысыз ЖМКлар элге маалыматты берүү менен бийликтин отчет берүүсүн камсыз кылышып, коомдун кызыкчылыктарын сактоонун “кароолчулары” катары чоң ролду ойношот. Мына ушулардын алкагында камактагы “кемпир-абадчылардын”, А.Мадумаровдун, О.Шакирдин жана башка журналист-блогерлердин баш коргоо чараларын өзгөртүү менен ачык жана адилеттүү соттук процессти камсыз кылып берүүлөрү өтө маанилүү.
8) Бийлик өкүлдөрүнүн өзүмбилемдиктерин ооздуктоо боюнча кетирилген мүчүлүштүктөрдү дагы оңдоо зарыл. Анткени, мурунку Конституциянын 5-беренесинин 3-бөлүгүндөгү “...мамлекеттик кызмат адамдар мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт” деген норма эмнегедир алынып, өзүмбилемдикке жол ачылып калган, азыркы Конституциянын 5-беренесиндеги “Мамлекеттик бийликти узурпациялоо - өзгөчө оор кылмыш” деген норма боюнча бийликти узурпациялап, каалагандай калчаганга шарт түзүлүп, өзгөчө оор кылмыш жасаган аткаминерди жазалоо нормасы КЖК менен мыйзамдарда дагы эмнегедир “унутулуп”, кабыл алынбай калган. Ал эми КЖКнын “Мамлекетти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу” (326-берене) бийликти узурпациялоону чагылдырбайт жана таптакыр иштебей турган “өлүк” норма. Узурпациялоо – бул күч менен, мыйзамсыз бийликти басып алуу же ыйгарым укуктарды мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алгандыгы (насильственный, противозаконный захват власти либо незаконное присвоение властных полномочий). Кыскасы бийликти “узурпациялоого” барган аткаминерди жазалап, тормозун токтоотуучу механизми жок. Тормозу жок, бир убакта аварияга учурабас үчүн тормозун кармоочу механизмин КЖКга киргизүү зарыл.
9) Сот адилеттигин камсыз кылуу. Албетте, бул маселе бүгүнкү “темир-бетон” болуп бышыкталган катуу вертикал бийлик учурунда бийлик адамдарынын өзүмбилемдиктери орун алган шартта, жарандык коом менен сөз эркиндиктерине болгон басымдын күчөшүндө “жыйылган чөп арасынан ийнени издегендей” сот адилеттигин камсыз кылуу чоң көйгөй, өзгөчө саясый өңүттө кармалгандар боюнча практика түрүндө өтө оор. Ошондуктан, сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана сот адилеттигин толук кандуу камсыз кылуу үчүн сот бийлигин, сот системасын кардиналдуу түрдө өзгөртүү керек. Ал үчүн конституциялык реформага баруу талап кылынат. Реформанын маанисин, маңызын бийлик төбөлдөрү эле эмес, жалпы кыргыз коому түшүнүп, бышып, жетилиши үчүн талкууларды өткөрүп, көп иш-аракеттерди аткаруу зарыл. Ага дагы убакыт керек. Ошондуктан, ал иш экинчи мөөнөттө гана аткарылышы мүмкүн...
Экинчи мөөнөттө аткарыла турган иш-чаралар Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен ишке ашырылат. Ал үчүн:
1) Жогорку Кеңештин укуктарын кеңейтип, аткаруу бийлиги менен тең салмактуулукту сактап, бири-биринин тизгинин тарта турган нормаларды киргизүү. Мисалы, Жогорку Кеңешке өзгөчө кылмыштарды иликтөө боюнча убактылуу прокурор менен тергөөчүлөрдү дайындоо, коргонуу жана коопсуздук маселесин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын жана кол башчыларын профилдик комитеттин макулдугу менен кызматка дайындоо, акцизди, пошлинаны жана салыктын түрлөрүн аныктоо жана бюджетти толтуруучу мамлекеттик органдарын жетекчилери менен орун басарларын дайындоону жана алардын аткарган иштерин көзөмөлдөөнү Жогорку Кеңештин карамагына өткөрүп берүү ж.б. Ошону менен бирге АКШнын президентине импичмент жарыялоо нормасындай, президентке импичмент жарыялоону жөнөкөйлөтүү. Мындай норма бир жагынан президенттин өзүнө пайда. Анткени ал кызматтык милдетин мыйзамдардын негизинде так жана этияттык менен аткарып, өзүмбилемдикке барбай, ал үчүн өзүн өзү сактай турган механизм пайда болмок. Экинчи жагынан 2005-2010-жана 2020-жылдардагыдай төңкөрүш жолу менен бийлик алмаштырууларына бөгөт коюлмак. Үчүнчүдөн, албетте Жогорку Кеңештин аткаруу бийлиги менен тең салмактуулукту камсыз кыла турган механизми пайда болмок. Андан башка бир мандаттуу депутаттарды шайлоо ыкмаларын өзгөртүү. Ал эми аткаруу бийлигинин адилет министрлигин бир эле убакта башкы прокурор милдетин аткаруучу кылып, өзүнчө тергөө кызматын түзүү.
2) Административдик аймактык реформаны улантып, айыл өкмөттөрдөн кийин райондорду ирилештирип, облустарды жоюп, райондук кеңешти толук кандуу калыбына келтирүү. Аларга шаардын жана райондун бюджеттерин бекитүү менен анын сарпталышын көзөмөлдөөдөн башка, акимдин сунушу менен анын орун басарларын, айылдык округдардын, поселканын башчыларын жана алардын орун басарларын көпчүлүк добуш менен кызматка дайындоого макулдук берүүлөрү. Ал эми шаардын мэрин жана райондун акимдерин түз шайлоо менен шайлоо же президенттин сунушу менен депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен кызматка дайындоо. Шаардын жана райондун башка кызмат адамдарын кызматка дайындоону мэр менен акимдин прерогативасына өткөрүп берүү нормаларын киргизүү.
3) Сот адилетүүлүгүн эл аралык стандарттын негизинде камсыз кылуу менен сот системасын төмөнкүдөй түзүү зарыл:
-- жергиликтүү сотторду райондук жана шаардык соттор түзөт. Мисалы: аларды райондун жана шаардын жетекчилеринин сунушу менен шаардык жана райондук кеңештердин депуттарынын 3/2 добуштары менен кызматка дайындоо нормасын киргизүү жана ошондой эле добуштары менен кызматтан четтетүү. Ошону менен бирге жергиликтүү соттор караган жеңил категориядагы иштер акыркы жана даттанууга жатпай турган болуш керек. Аларды дайындоо критериялары: 35 жаштан 65 жашка чейин, 10 жылдан кем эмес юридикалык стажы бар. Мындай кадам жергиликтүү соттордун борбордук бийликтерден көз карандысыздыгын камсыз кылып, бийлик өкүлдөрүнүн аларга болгон таасирлери жокко чыгарылат. Экинчиден, жеңил категориядагы иштер азыркыдай Жогорку сотко чейин жетип, бир нече жылдап карала турган шарттан бошолот. Үчүнчүдөн, жергиликтүү соттордун аброю жогорулап, алардын жоопкерчиликтери күчөп, апелляциялык соттордун судьяларын даярдоо мектеби болуп калат.
-- апелляциялык соттор. Мисалы: ирилешкен райондордун жарандарын тейлөө үчүн аймагыбызда көп болсо 6 апелляциялык сотторду түзүү. Мисалы, түндүк жана түштүк региондордо үчтөн. Апелляциялык сотторду Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин сунушу менен Жогорку Кеңеш шайлайт. Апелляциялык соттор караган орто категориядагы иштер акыркы жана даттанууга жатпайт деген норманы киргизүү – Жогорку соттун жүгүн жеңилдетип, жарандардын убакытын, каражатын дагы үнөмдөп, сот адилеттүүлүгүнө ишеним арттырат. Кызматка дайындоо критериялары: 45 жаштан 75 жашка чейин, 7 жылдан кем эмес жергиликтүү соттордо судьялык стажы бар. Мындай кадам апелляциялык соттордун бийлик бутактарынан көз каранды болбой турганын камсыз кылат. Экинчиден, апелляциялык соттордун абройлору жогорулап, профессионалдуу судьяларды Жогорку соттун судьялыгына даярдоо мектеби болуп калат.
-- Жогорку сот. Конституциялык сотту жоюу менен анын функциясын Жогорку сотко өткөрүп берүү. Алардын санын 7-9 судьяга чейин кыскартуу. Салыштырмалуу 330 миллиондон ашык калкы бар АКШда болгону 9 эле судья. Конституциялык сот аларда жок. Мындайча айтканда, 36 млн. 400 миң кишиге бир эле судья, же алты Кыргызстандын элине бир судья! Бизде Конституциялык жана Жогорку соттун судьялары биригип 40тан ашык судья же 136 миң 500 кишиге бир судья. АКШнын соттору өмүр бою, пенсия деген жок. Бизде 70 жашка чейин олчойгон айлык акы, 70 жаштан кийин дагы олчойгон пенсия! АКШда ИДП бир кишиге 63 миң доллар, бизде ИДП бир кишиге 2020-жылы 1173 доллар болсо, 2022-жылы 1212 доллар болчу. А.Жапаровдун кечээ жакындагы маалыматы боюнча быйыл 1900 долларга көтөрүлүптүр. (Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча ИДП 1425 доллардын айланасында).
Эми аларды кызматка дайындоо боюнча. Жогорку соттордун судьяларын президент дайындайт жана кызматтан четтетет. Ал эми жашы боюнча 65 жаштан 80-85 жашка чейин же өмүр бою. Мындай кадам мамлекеттин чыгымдарын кескин кыскартат. Экинчиден, бийликтин башка бутактарынан көз каранды болбой, туруктуу иштеген система түзүлөт, сот адилеттигин камсыз кылуучу адилетүү судьялар пайда болот. Үчүнчүдөн, Жогорку соттун аброю жогорулап, оор жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого багытталган маанилүү иштерди караганга мүмкүнчүлүк ачылып, ал иштерди терең, ар тараптуу, калыс караганга шарт түзүлөт. Бул система азыркыдай Жогорку соттун жергиликтүү жана облустук сотторго болгон кийлигишүүсүнө, текшерүүсүнө бөгөт коюлуп, соттордун чыныгы көз карандысыздыгы камсыздалат. Ошону менен бирге оор жана өзгөчө оор кылмыштар элдик заседателдердин катышуусунда өтүп, чечим алардын көпчүлүгүнүн добуштарынын негизинде сот вердикт чыгаруу норманы ишке киргизүү дагы керек.
Мына ушул иш-чаралар, азыркы аёосуз күрөш менен катар реалдуу түрдө ишке ашырылса, өлкөбүздүн аброю жогорулап, көрсөткүчтөрүбүз жакшырып, өнүккөн өлкөлөр тарабынан инвестиция кылууга шарт түзүлүп, инвесторлордун коркпой келип иштешине мыйзамдуу жол ачылат. Экинчиден, укуктук, демократиялык жана социалдык багытыбызга кайрадан бурулуп, Конституцияда бекитилген багытка түшүп, тең салмактуу бири-биринин тизгиндерин тарта турган башкаруу бийлик системасы түзүлөт. Булардын бардыгы биригип өлкөбүздүн өнүгүшүнө, элибиздин бакубат жашоосуна шарт түзүп, мамлекеттин коопсуздугуна жараткан коркунучтар менен чакырыктар минималдаштырылып, күчтүү кадрлардын туруктуу системанын негизинде тепкичтен тепкичке жогорулап өсүшүнө ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол ачат.
Албетте, жогоруда айтылган кардиналдуу өзгөрүүлөргө баруу боюнча берилген сунушту элибиз, өзгөчө бийлик өкүлдөрүбүз “түшүнбөшү” мүмкүн, каалабай сындашы дагы мүмкүн. Кыскасы, баары мүмкүн... Бирок, эртеби-кечпи баары бир ошого барууга мажбур болобуз, ансыз эч качан өнүгүү жана адилеттүүлүк, өзгөчө сот адилеттиги камсыз кылынбайт. Көз карандысыз, укуктук, демократиялык жана социалдык мамлекет дагы кура албайбыз. Орусча айтканда бесполезно! Авторитардык, тоталитардык жана репрессия менен башкарган бийликтин эле эмес, элининин дагы тагдыры трагедия менен бүтөрүн тарых тастыктап жатат, алар бизге сабак болушу керек.
Мурда айтылган сунуштардын тууралыгы боюнча бир мисал: чек ара маселесин чечүү жолун 1991-1994-жылдардагы мыйзамдаштырылган эл аралык келишимдердин негизинде гана чечиш керектигин бийлик өкүлдөрүнө 2000-жылдан тартып сунуштап, айтып, укпагандарды сындап, туура жолго түшүрүүгө аракет кылып келген элем. Канчалаган каршылыктар, түшүнбөстүктөр, мени сындап жамандагандар болду. Азыр союздан тараган өлкөлөрдүн арасындагы чек ара чырын жогоруда айтылган документтердин негизинде чечүүнү дүйнөлүк коом таанып, мыйзамдуулугуна акцент жасап жатышат. Мына, Азербайжан Тоолуу Карабахты ошол документтердин негизинде кайтарып алды, аны баары колдошту, тууралыгына макул болушту. Ага Армениянын премьери моюн сунду. Биз дагы чек ара маселеси боюнча башында түшүнбөстүк болгону менен азыр ошол мыйзамдуу жолго түштүк. Убагында “түшүнбөстүктөр” болуп, убакытты текке өткөргөнүбүз менен азыр биздин айткан жолдун тууралыгы тастыкталууда. Ошондуктан, баары бир жогоруда айтылган системаны курууга барабыз. Ал – убакыттын гана иши. Канчалык эрте курсак, ошончолук кыргыз элине жакшы болуп, эркин жашап, эркин өнүгүшүбүзгө шарт түзүлөт. Элдин укуктары менен эркиндиктерин жана сот адилеттигин камсыз кылбаган, мыйзамдар баарына бирдей иштебеген, билимине, жөндөмүнө жана тажрыйбасына карабай, таанышына жана капчыгына караган, үй-бүлөлүк, авторитардык, дос, куда-сөөктүк экспериментке убакытты кетирбейли!
Исмаил Исаков, “Азаттык” демократиялык партиясынын төрагасы, генерал
2023-жыл, 28-ноябрь
"Азия Ньюс" гезити