Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Казинолорду кайрадан жабуу жагын караш керек”

Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Казинолорду кайрадан жабуу жагын караш керек”

18-ноябрь, 12:00
360 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нуржигит мырза, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окуудан колдоп бердиңиздер. Бул долбоорго сиздин жеке пикириңиз кандай?

-- “Бир жерге топтоп туруп көзөмөлдөйбүз” дешет. Негизи, мамлекет айыл-апада, кычык-пычыкта болсо да, эшигин бекитип, терезесин бүтөп алып иштеп жатса дагы көзөмөлдөш керек да. Анан “көзөмөлдөй албай жатабыз, бир жерге топтойлу” деген мамлекеттин мыйзам аткаруудагы алсыздыгын көрсөткөнгө окшоп калат. Өзү казинолорду кайрадан жабуу жагын караш керек. “2-3 млрд. сом киреше табат” дечү эле, бүгүн уктуңуздар, 70 млн. болуптур. Бүгүн кумарпоздордун мууну пайда болуп атат, алар наркомандардан да коркунучтуу. Ошондон улам мен “казинолорду дегеле жабуу жагын карасаңар” деп сунуш киргиздим.

-- Жогорку Кеңеш казинолор менен күрөшүүгө көп эле аракет жасады. Бирок, эмне үчүн натыйжа чыкпай жатат?

-- Натыйжа болгон. Мурдагы чакырылыш аны жабууга жетишкен. Тилекке каршы, биздин чакырылыш кайрадан күчтөп берип койду. Экинчиден, кайсы жерде коррупция, кылмыш дүйнөсү болсо, бири-бирин “крышевать” этип, бири-бирине колдоо көрсөтүп иштей берет экен да. Ошондуктан, бир жерге топтогонго караганда, көзөмөлдөөчү органдардагы коррупцияны жок кылса, көбүрөөк пайда алып келмек.

-- “Казинолорду мыйзамдуу жолго коюп, туура пайдаланса бюджетке укмуш киреше алып келет” деген пикирге макулсузбу?

-- Кылмыш дүйнөсү, бирөөлөрдү тоногон каракчылар деле укмуш киреше табат, бирок кеп алардын кандай жол менен тапканында болуп атпайбы. Алар ишкана иштетип, бирдеке өндүрбөйт. Адамдарды азгырып келип, акыркы тыйынын кагып алат, карызга батырат, үй-бүлөсүн бузат. “Аларга лицензия берели, салык төлөтөлү” деп отура берели анда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер