Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темирлан Аскеров: “Биз байыркы баатыр элбиз, эч качан кул болбойбуз”

Темирлан Аскеров: “Биз байыркы баатыр элбиз, эч качан кул болбойбуз”

16-сентябрь, 16:24
808 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 -- Чек арада атышуу кайталанды. Бүгүн дүйнө олку-солку учурда тышкы саясатыбызга өзгөчө көңүл бура тургандай болуп турабыз. Бул жагынан абалыбыз кандай?

-- Азыркы бийликтин тышкы саясатына туура эле баа берем. Анткени көп тараптуу кыргыз элинин кызыкчылыгына жооп берген аракеттер болуп жатат. Биз көргөндөй арбын чет элдик сапарлар болууда. Министрдин, ага чейин президенттин жана министрлер кабинетинин төрагасынын сапарларын айтсак жарашат.  

Парламент дагы отура бербей тышкы саясатты колдоп, системалуу түрдө бийликтин ар бир бутагы иштеш керек. Кыргыз элинин, өлкөнүн кызыкчылыгын алдыга койгондо гана эл тарабынан оң баа берилет. Анткени дүйнөдө олку-солку болуп турган учурда бул жакта отура бербей уюмдарды, диаспораларды түзүп, алардын таасирин да колдонуу шарт. Керек болсо кыргыздардын таасирин күчөтүү зарыл. Заманбап күчтүү мамлекет болуу үчүн кайсы мамлекет эмне иш кылат (?), ошолор менен иштешели. Кандайдыр бир деңгээлде экономикалык же бизнес керек болсо саясый максатты көздөйлү. Акыркы убактарда чек арада ушундай оюндарды уюштуруп жатышат. Ал жакта көп криминалдык кызыкчылыктар бар. Ошол эле Рахмондун жанында топтор болушу мүмкүн. Аны да далилдөө зарыл. Кечиримдүүлүк менен сабырдуулуктун да чеги болушу керек. “Биз өзүбүздүн жерибизди эч кимге бербейбиз” деп коргогонду үйрөнөлү. Аябай катаал иретте жооп берүүнүн да убактысы келди. Ар бир жаран “элбизби же кимбиз?” деп өзүбүзгө суроо узаталы. 

“Жашоо жаман” деп эле чет жакка агылбай, керек болсо Баткенге баарыбыз көчүп барып, 1 миллиметр жер берүүгө да каршы туралы. Илгерки карталардан алсак, Жерге-Тал менен Мургаб бизге караган жерлер эле. Ошон үчүн тарыхты карап, ой жүгүртөлү.

-- Кыргыз-Кытай темир жолуна Россия тарап каршыбы? Ушул таризде оюңду билдирдиң...

-- Темир жол боюнча айтсам, оор жумуштар болот. Бул жакта Индия, Пакистан, Афганистан бар. Дүйнөгө чыга турган чыйыр. Долбоорду дээрлик 30 жыл бою күткөнбүз. Ошон үчүн учурдагы президенттин демилгеси жагабы-жакпайбы колдошубуз керек. Бул келечек муундарга кала турган иш. 

Улуу Жибек-Жолунда Кытай менен соода илгертен болгон. Муну биздин улуттук салт катары айтсак да эп келет. Бирөөлөр токтото албайт. Биз да жол бербешибиз керек. Анткени, бул улуттук кызыкчылыктарга жооп берет. Темир жол сөзсүз керек. Оор күндөр болсо дагы ошолорду жеңип, сыноодон өтүп, улуттук долбоор катары иштетишибиз зарыл.  

Бул жерден соода жолубуз кеңейип, көз карандысыздыгыбызды бекемдейбиз. Өзүбүздү чабал мамлекет катары баалап, кул мүнөздүктөн арылбаганыбыз үчүн алар бизди багынып берген “колония” катары баамдайт. Ошон үчүн алар каршы. Украинага кандай фашисттик аракеттер болуп жатканын да көрүп жатабыз... Биз байыркы, баатыр элбиз. Өзүбүздүн тарыхыбызды эстеп, каалагандай соода жүгүртөлү. Элибиз эч качан кул болбойт. Ошондуктан саясый эрк, соода эркиндиги болушу шарт. Биз артта калып калбайлы. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер