Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Соке, Опумбаев, Жунушалиев үчөө стресс алышып, ичип атышкандарын айтышууда”

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Соке, Опумбаев, Жунушалиев үчөө стресс алышып, ичип атышкандарын айтышууда”

31-октябрь, 09:00
892 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мээрбек мырза, Кой-Таш соту эмне болду?

-- Кой-Таш соту бешинчи жылга кетти. Дагы деле уланып атат. Кечээ “Альфа” кызматкери келип көргөзмө берип кетти. “Жараткандын алдында, Кудайдын алдында күнөөкөр болгум келбейт. Ниязбековду 1-кабатта атышкан. Ал жакка Атамбаевдин эч кандай тиешеси жок. А киши 3-кабаттан түшкөн эмес. Ал эми Орозбек Опумбаев менен Кашкар Жунушалиев эркек болушса, качпай, арабызда жүрөт эле. Мына ушул адамдар күнөөкөрлөр!” деп катуу айтты. Акырындап Кой-Таш окуясы акыйкат жолуна түшүп, чындыктын бети ачыла баштады окшойт. Менимче, ошо кездеги бийликтин пландары катары Ниязбековду ошол эле Жунушалиевдин буюртмасы менен атып, аны Алмазбек Атамбаевге шылтап коюшмак. 

-- Сооронбай Жээнбеков сотко келдиби?

-- Ар бир сот болгон сайын “Сооронбай Жээнбеков сотко келсин, ачыгын айтып берсин. Мына ушу киши келип чындыкты айтып бермейинче адилеттүү чечим чыгара албайт” деп айтып эле атам. Андайды соцтармакта өзүмдүн баракчаларыма жана туугандарына да айттырып, жайгаштырып келем. Анткен менен Соке келбейт, бети чыдабайт. Сотко келди дегиче, болгон айыбы ачылып, шерменде болот.

-- Опумбаев, Жунушалиевдерден кабар барбы?

-- Орозбек Опумбаев менен Кашкар Жунушалиев Бишкекке келип-кетип жүрүшөт. Биз аны билебиз. Анча-мынча той-топурда, ага-тууган, жек-жааттардын жамандык-жакшылыктарына катышып атышат. Сооронбай Жээнбековго караганда бул экөө эл көзүнө көп көрүнгүлөрү келбей, жашырынып жүрүшөт. Анткен менен Соке баш болуп, Опумбаев, Жунушалиев үчөө акыркы мезгилде аябай катуу стресс алышып, баштары арактан чыкпай ичип атышкандарын айтышууда. Арак ичип атып боорлору эзилип кетип, аркы дүйнөгө узап кетишпесе, эртели-кеч биз буларды кылмыш ишине тартып, өмүр бою түрмөгө отургузабыз!  


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер