Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президент Сооронбай Жээнбеков дарыгер Жүзүм Көкүмбаеванын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын жакындарына көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков дарыгер Жүзүм Көкүмбаеванын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын жакындарына көңүл айтты

04-май, 21:18
574 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүм Көкүмбаеванын кайтыш болгондугуна байланыштуу анын жакындарына көңүл айтат. «Бишкек шаарынын №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүм Көкүмбаеванын коронавирус илдетинен дүйнөдөн кайтты деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Бул илдет менен күрөштө ак халатчан медиктерибиз алдыңкы сапта турушат. Илдетти жуктуруп алуу коркунучуна карабай, жабыркап жатышса да, өтө бийик каармандык жана тайманбастык менен жарандарыбызды өлүмдөн, оорудан сактап калышууда. Тилекке каршы, бул күрөштө ак халатчан дарыгерибизден  айрылып отурабыз», - дейт мамлекет башчысы.

Ал Жүзүм Көкүмбаева өзүнүн дарыгерлик милдетин толугу менен аткарып, көп жылдык эмгеги менен элдин саламаттыгына кызмат кылып,  жүздөгөн  жаштарга насаатчы болгондугун баса белгиледи. «Дүйнөлүк апааттын биздин өлкөгө келиши менен, анын  жайылышын токтотууда алдыңкы сапта жүрдү. Жүзүм Көкүмбаеванын элеси ар дайым ар бирибиздин, анын колунда дарылангандардын, кесиптештеринин жана жакындарынын эсинде өчпөй, сакталат. Ак жүрөк дарыгерибиздин бир туугандарына, жакындарына жана балдарына жүрөктөн көңүл айтам, аза кайгысын тең бөлүшөм», — дейт Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер