“Жогорку Кеңешке “Ыйман Нуру” келсе, аялдар хиджап, эркектер дамбал кийишет”
“Динчил Нуржигит Кадырбеков баштаган “Ыйман Нуру” Жогорку Кеңешке келсе, Конституция, салт бузулуп, аялдар хиджап, эркектер дамбал кийишет!” деп теңирчи Абдымамбет Сариев Фейсбуктагы баракчасына жазган.
Бизде Башмыйзамда дин саясатка аралашпаш керектиги бадырая көрсөтүлгөн эй! Аныгында, Кыргыз Республикасы светтик мамлекет. Россия стратегиялык өнөктөшүбүз, мындай шартта динге чылгый сугарылган, Исламды идеология катары көтөргөн “Ыйман Нуру” парламенттик шайлоого катышканын кандайча түшүнөбүз? Мыйзамды тебелеп өтүшкөнү ушулбу? Эмне үчүн укук коргоо органдары баа беришпейт? Же Ислам мамлекетин куруу идеясы менен Афганистанга кайтабызбы? Айтор, олуттуу суроолор көп!
Бул партиянын лидери Нуржигит Кадырбеков кыргыз элинин түптүүлүгүнө, салтына, үрп-адатына шек келтиргени калдыбы? “Жамынгандардын” акчасына азгырылса, тек гана өзүнүн башы менен кетпейт беле? Эмне үчүн бүтүндөй коомчулукту азгырууда?!
Aryba.kg