Элмурза Сатыбалдиев, ЖК депутаты: “Курманбек Салиевичтин үйүндө отурганга шарт болгон жок”

-- Элмурза иним, Беларусь өлкөсүндө Курманбек Бакиев менен жолукканың тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер тарап кетти. Ушу тууралуу өз оозуңдан уксак дедим эле...
-- Биздин делегация Беларуска жумушчу сапар менен барып, президенти Александр Лукашенко кабыл алды. Ооба, Курманбек Салиевич менен жолукканым чын. Атайын а кишиге барбагандан кийин убакыттын ченемине жараша кол алышып учураштык. Саламаттыгын сурап, үй-бүлөсү жөнүндө учкай кеп болду. Саясат туурасында бир да сөз болбоду.
-- Кай жерден жолуктуңар, Курманбек Бакиевдин үйүндөбү?
-- Айтып атпаймынбы, убакыт ченелүү болгондуктан, кыргызча бутту чечип Курманбек Салиевичтин үйүндө отурганга шарт болбоду. Мындай эле жерде жолуктук.
-- Анан “менин президентим” деп келесиң. Бу жолу да...
-- Ооба, анткени мен а киши менен иштешкем. Акыркы жылдары президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болчумун да. Аны баары эле билет, танбайм.