Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эл-журтуңдун сыйысың

Эл-журтуңдун сыйысың

05-сентябрь, 19:30
355 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдык юбилейине карата)


Өткөн өмүр – тизген жылдар шуруга,

Өтөлгөсү – шаттыгы да, муңу да.

Адал жандар алмустактан аз болот, 

Алданбаган атак-даңктын нуруна.


Баштан сылап бакыты да, куурал да,

Баары өттү баш-аяксыз жылдарда,

Билсең дагы эрежесин турмуштун,

Бийлик үчүн суу куйбадың кумганга.


Үйрөтө албай мансап деген азоону,

Үлкөндөр көп күндө болгон баш оору.

А сен тандап алыптырсың Кудайдан,

Татаал тагдыр, анан таза жашоону.


Тагдырдын таш казанында жуурулуп,

Тай кезиңде топтон чыктың суурулуп.

Өзүңдөй жүз жигит болсо канакей,

Өмүрдө бир иш кылбаган уурулук.


Эс тартканы эмгек кылып “элим” деп,

Улуулуктун убайымын жедиң көп.

-- Аттигиң ов! Аалымдар аз өзүңдөй 

Айта билген агын ак деп, көгүн көк. 


Илимде чоң из калтырып артыңа, 

Илгертеден кызмат кылдың калкыңа.

Жетимиш жыл жең ичинен иш кылбай,

Жете билдиң өз атыңдын баркына.


Унутушуп мекен тургай улутун,

Чапкандар да өтөр бийлик кылычын.

Абдыганы деген атты көтөрүп,

А сен дале адилдиктин кулусуң.


Жапа чеккис жашоо берип Жараткан,

Орошон ой айтып дилди агарткан...

Жандүйнөңдүн асылдыгын жоготпой.

Жолуң ачык болсо деймин бараткан,                 


Жакшылыкка жылоолошуп жакшылык,

Жетимиш жаш келди мына шаштырып.

Өлкөңдү эле өмөчөктөп ойлобой,

Өзүңдү да сүйө жүрчү, жактырып.





Эмне экенин билбей өскөн эркелик,

Элден чыгаар бекен жигит сенчелик?..

Эми Абыке, аман-эсен жете көр, 

Сексен жаштын сересине сеңселип.


Баратканда Бурул экөөң улгайып,

Баарыңарды термеп турсун бир кайык.

Балдарга да өмүр берип, кут берип,

Бакыт кушу турсун дайым жылмайып.


Туунун түбүн, мара түбүн сагына,

Тулпар турат келип эми табына.

Кандай гана оор болбосун баскан жол,

Кайрыла жүр досум бала чагыңа...


Молдоакмат Бапаков, акын, 

Нарын шаары 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер