“Тың лидер чыккан жок. Өтө начар калк экенибизди моюнга алалы”


Матчество боюнча талкуу дале жүрүп жатат. Бул боюнча коомдо өз орду, үнү бар айымдарыбыз төмөнкү пикирлерин жолдошту.

Ленара Ниязбекова, коомдук ишмер:
-- Кылымдар тогошуп, доорлор алмашкан учурда адамзат, адам жашаган коом да түрдүү саясый, экономикалык, социалдык өзгөрүүлөр менен гана эмес, ар кыл абалдардын толкунуна кептелерин мезгил далилдеп отурат.
Албетте, коомдо резонанстуу жагдай жаралганда, тилекке каршы, ошол эле коомдун түрдүү катмарлары кызыкчылыктардын сересинен талкуулап, өз пайдасына тартып кетүүгө аракеттер жасалып келатат. Себеби, бүгүн биздин коом миңдеген тараптарга бөлүнүп, түпкүрүндө жеке кызыкчылыктардын тегерегине бириккендердин саны улам көбөйүүдө. Алар кайсылар? Алар түрдүү уюмдар, топтор, популисттер, манипуляторлор ж.б. Ар кандай глобалдык саясаттын “бөрк ал десе баш алган” аскерлери, аткаруучулары, желдеттери. Бирок, ар кандай абалда медалдын эки жагы бар эмеспи. Бир караганда социалдык адилеттүүлүктүн өзү матчествого жол берип жаткандай. Мунун тамыры тереңде. Ал кезеги келгенде айтылып, так баасы берилээр. “Эки алакан тең чабылат” деген кеп бар. Бир жактуу бирөөнү каралап, “аял күнөөлүү” же “эркек күнөөлүү” деп айтууга такыр мүмкүн эмес. Жогоруда айткандай, себеби тереңде. Ар кандай мыйзамдарды кабыл алуу – бул жөн эле калемдин учун шилтеп коюу эмес. Бул узак жол, кайсы бир тарап үчүн атайын стратегиялык мааниси бар аракет. Бирок баягы эле "миссионерлер" өз популизми менен калың журттун башын тумандатып, манипуляция менен алек. Бүгүн мындай ыкма атом бомбасынан да күчтүү куралга айланды.
Эмне үчүн атанын атын алып жүрүү вазийпасы биздин эл үчүн маанилүү эле? Кан, жан менен барабар эле? Себеби, ал элдин өзүн өзү сактап, андан ары улануусунун өзөгү, канды таза сактоонун, генетикалык жактан дени сак болуунун кепилдиги. Ошондуктан кыргыз эли жети атасын сүрүштүрүп, кыз берген, уул үйлөгөн. Жети ата өтмөйүнчө баш кошууга тыюу салынган. Арийне азыр көп баалуулуктар экономикалык, социалдык жактан гана каралып, ошол середен гана баа берилип жаткандыктан, элдүүлүк үчүн өтө баалуу, жазылбаган элдик баалуулуктар экинчи планга жылып кеткени өкүнүчтүү. Ошол эле учурда эркек баланы, кыз баланы тарбиялоо адаттары жоголуп, баары көроокатка байланды. Айрыкча кыргыз элин улут катары талкалоо, деградацияга кептөө аракеттери кечээ эле пайда болгон жок. Бул ичтен да, сырттан дагы кылымдар бою тынымсыз иштелип келе жаткан аракеттер.
Эгер бала тууралуу кеп кылсак, анда бала үчүн толук кандуу үй-бүлө керек. Ата-энелүү баланын маңдайы да, келечеги да кең болорун ким танат? Тилекке каршы, ааламдашуунун оту оп тартып, туш-туштан ышкырып бара жатканда кыргыз коому, кыргыз үй-бүлөсү, ата-эне ичинен бүлүнүп, түрдүү талкалоочу факторлорго курмандык болуп келатканына баарыбыз күбөбүз. Мунун себептерин күндөп-түндөп айтсак да аздык кылар. Бирок ошол себептерди кыскартып, жоюп, элдин өзүн өзү сактап калуусуна өбөлгө түзчү аракеттерди издеп, талкалоочу эмес улоочу, жаратуучу механизмдерди ийлеп чыгуу зарыл болуп турат.
Бурулкан Карагулова, акын:
-- Мен бул көрүнүшкө каршымын. Буга эркектер күнөөлүү: балдарын карашпайт, таштап кетип калып, алимент төлөшпөйт. Аялдар эптеп чоңойтушат. Бирок, акылсыз аялдар да көп. Эркектин ичкич, начар экенин, иштебегенин көрүп туруп кантип ошондой макоодон төрөшөт? Атанын аты өчүп баратканы – улутка доо кетүү дегендик! Биздин салтка “өкүрбө, кошок кошпо, мал сойбо” дегенде эле жарака кеткен. Аны бир эле киши токтотуп калса болот. Бизде ал киши алсыз. Алы жетпейт. Себеби, эки жактан тең добуш керек болот. Дегеле начар калк экенибизди акыры моюнга алышыбыз керек. Өтө начарбыз! Эми жакында оңолбойбуз. Оңолуш үчүн жакшы лидер чыгыш керек. Лидерди жагдай жаратат. Бизде жагдай көп болду, бирок тың лидер чыккан жок.
А атың өчкүр матчество дегенди киргизүү, салтка кол салуу, Манасты жерүү дегендердин үстүндө бир күч турат, ал – кыргыздын душманы. А аны иш жүзүнө ашырып аткандар ошо дөбөттүн күчүктөрү! Сөөккө алданып, мекенди жоготуп алуу коркунучунда турабыз!
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











