Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Исаев: “Билим алуу менен тажрыйба топтоп, элибизге кызмат өтөөгө дилгирмин”

Чыңгыз Исаев: “Билим алуу менен тажрыйба топтоп, элибизге кызмат өтөөгө дилгирмин”

21-июль, 15:30
272 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маектешим белгилүү саясатчы Канатбек Исаевдин уулу. Өлкөбүздөгү шаардык, айылдык кеңештердеги депутаттардын ичинен эң жашы. Билим алууга ынтызар, таза муундун өкүлү. Шахмат боюнча КР спорт чебери. Ат оюндарына ышкыбоз.  

-- Чыңгыз, алгач сурообузду кайсы окуу жайды бүткөнүңөн баштасак...

-- 2017-жылы мектепти бүтүп, Москва шаарындагы мамлекеттик юридикалык академиясына тапшырып, юриспруденция факультетин 2021-жылы бүткөм. Төрт жыл Москва шаарында жашап, билим алдым. Андан соң Бишкек шаарындагы Дипакадемиянын эл аралык мамилелер кесибинде окуп, ийгиликтүү аяктадым. Быйыл армияга кызмат өтөө милдетимди аткарып, жакында эле Балыкчыдан бир айлык сборго катышып келгенимди айта кетейин. 

-- Эрте курагыңда Токмок шаардык кеңешине талапкерлигиңди койгон турбайсыңбы?

-- Ата-энем саясатта жүргөнүнө байланыштуу эрте жашымда эле бул чөйрөгө аралашып, жардам берип жүрчүмүн. Токмок шаардык кеңешине 2021-жылы жазында шайлоо башталып, партиялаштар, штабдагылар шайлоого катышууга сунуш кылышып, добуш алсам депутат болууну айтышкан эле. Чындыгында ниетиме туура келип, элге кызмат кылууга батындым. Жыйынтыгында, жетиштүү добуш алып, “Патриот ынтымагы” партиясы аркылуу экинчи орун менен келдим. 

-- Фракцияңарда канча депутат бар

-- Жалпы Токмок шаардык кеңешинде 31 депутат болсо, биз 5 мандат менен коалицияга киргенбиз. Азыр жаңы мэрдин саясаты туура жолдо бараткандан улам, биз колдоо көрсөтүп жатабыз. 

-- Мындан сырткары кандай иштер менен алектенип атасың

-- Өкмөткө караштуу соттук өкүлчүлүк борбордо эксперт катары эмгектенем. Реорганизациядан кийин юстиция министрлигинин карамагындабыз. Биз Кыргыз Республикасынын, өкмөттүн кызыкчылыктарын эл аралык жана өзүбүздөгү соттордон коргойбуз. Мисалы, Кумтөр маселесин караганбыз. Инвестициялык, арбитраждык талаш-тартыштар болот. Негизинен өкмөттүн чечимдерине доо арыздар түшсө, биз ушул багытта иштейбиз. 

-- Москвадан юридикалык факультетти бүтүпсүң, бул жактан Дипакадемияны аяктапсың. Өзүңө кайсы кесип жакын сезилет?

-- Мага юрист кесибин аркалоо жагат. Жумушума байлыштуу юристмин, дипломатия болсо жашоомо керек. Ар кандай кырдаалдарга жараша. Ал эми юриспруденцияны улантуу боюнча дагы окууга тапшырууну ойлоп атам.

-- Айтмакчы, менин угушума караганда, Кыргызстан боюнча шаардык, айылдык кеңештердеги депутаттардын ичинен эң жашы экенсиң. Бул дагы жөн жерден болбосо керек?

-- Мен жаңы 21 жашка толгондон кийин шайлоо башталып калды. Буйрукка жараша талапкерлигимди коюп, жетиштүү добуш менен мандат алдым. Башында жаш курагым боюнча ойлонгон эмесмин. Эң башкысы, жоопкерчилик бар. Тескери сөздөн, жаман адаттардан алысмын. Өзүмдү таза кармаганга аракет кылам. Жаңы идея, демилгелер менен ишимди көрсөтүүгө кызыкдармын. 

-- Келечекке карай кандай пландарың бар?

-- Мен дагы билим алышым керек. Ошондой эле өз кесибим боюнча тажрыйба топтоп, элибизге кызмат өтөөгө дилгирмин. Депутаттык мөөнөтүм бүткөнчө дагы эки жыл бар. 

-- Чоң саясатка аттанууга, кийинки парламенттик шайлоого катышууга оюң барбы?

-- Азырынча андай пландарым жок. 

-- Хоббиң боюнча да айта кетесиңби?

-- Бош убакытта шахмат ойногонду жакшы көрөм. Жети жашыман бери кызыгам. Шахмат боюнча Кыргызстандын спорт чеберимин. Москвага окуу жайга тапшыргандан кийин профессионалдык карьерамды таштап койгом. Мурда Кыргызстандын курама командасында ойноп жүрдүм. 

-- Айылга барып турасыңбы? 

-- Сөссүз. Демалыш күндөрү айылга дайыма барып турам. Бала кезимен бери атам, иним болуп ат минебиз. Бул салтка айлангандай десем болот. Ал эми кышында жума сайын улак тартуу биздин адатыбыз...


Асланбек Сартбаев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер