Руслан Жакышев, ЖК депутаты: “Жаңы мыйзам долбоорунда айып пулдарды азайтуу каралган”


-- Руслан мырза, айыл чарба жумуштары үчүн жылына 300 миң тоннадай жер семирткич керектелсе, анын дээрлик баары импорттолуп келет экен. Кандай дейсиз, жер семирткичти өзүбүз өндүрсөк болбойбу?
-- Бүгүн бул боюнча мен айыл чарба министрлигинин өкүлүнө кайрылдым. “Эмне үчүн биз жер семирткичтерди сырттан ташып келебиз, өзүбүдө жок дегенде чакан ишкана ачсак болбойбу?” деп сурасам “анүчүн чоң суммадагы каражат керек, бирок келечекте ачуу боюнча пландарыбыз бар” деп жооп берди. “Өзүбүздөн ишкана ачабыз” деген ички инвесторлор чыга турган болсо, “Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан” каражат бөлүп, жардам бербейсиңерби деген сунуштарыбызды айттык.
-- Чет элдик инвесторлорчу?
-- Чет элден келген инвесторлор жер бөлүп берүү боюнча шарт коюшат тура. “10-20 жылга ал” деп сунушташса, алар макул болбой, биротоло берүүнү талап кылышат экен. Мамлекет биротоло бере албайт да. Ошондон келише албай жатышыптыр.
-- Бүгүн айрым кесиптештериңиз “мамлекет жер семирткич өндүрүүчү ишкана ачканга кызыкдар эмес окшойт” деген күдүктөнүүсүн билдирди. Сиз кандай ойлойсуз?
-- Андай болушу мүмкүн эмес го. Мамлекет деле ишкана ачылышына, жер семирткич өзүбүздөн өндүрүлүп, дыйкандар арзан азот, фосфор менен камсыздалышына кызыкдар. Бирок, чындап эле каражат жагы кыйын болуп жатса керек. Экология жагын да карап жатышкан чыгар.
-- Сизге айып пулдар боюнча да кайрылуулар көп түшүп жаткан көрүнөт?
-- Ооба, бир нече киши кайрылды. Мен бир-экөөнү эле мисалга тартайын. Дыйкандар жыл бою акча чогултуп, чет өлкөгө эс алганы баратышкан экен. Анан Казакстандын чек арасына жеткенде биринин миң, экинчисинин 3 миң сом төлөнбөгөн штрафы бар үчүн чек арадан өткөрбөй, натыйжада билеттери күйүп кеткен. Мындайча айтканда, бир жылдык эмгеги күйүп кетип атат. Дагы бир коляскада отурган майып киши кайрылды, “машинамды үч жыл мурда саткам, бирок айып пулдары мага келип жатат. Мен болсо айла жок өзүмдүн ден соолугума деп чогулткан акчамды коротуп атам” дейт.
Мен бул боюнча ИИМге кайрылдым. Буюрса, жакында жаңы мыйзам долбоору келет. Анда айып пулдардын көлөмүн азайтуу, пеняларды жок кылуу каралган.
"Азия Ньюс" гезити











