Арсланбек Кененбаев, финансылык талдоочу: “Бизде пенсиялык система начар иштейт”

-- Ипотекалык насыя алууда карапайым адамдарды кыйнаган жагдайлар көп болууда. Ушуну кантип жеңилдетсе болот?
-- Ипотекага узак мөөнөттүү каражат керек. Анан ипотеканы доллар эмес, улуттук валюта менен берген оң. Бизде болсо узун финансылык ресурс жок. Ипотекага 10-20 жылдык акча керек. Бул эмнеден болуп атат? Биринчиден, бизде пенсиялык система начар иштейт. Топтомо пенсиялык камсыздандыруу жок. Ошондуктан, пенсиялык фонддордон жакшы акча келбейт. Социалдык фонд болсо бүт акчаны же мамлекеттик кагаздарга берет, же банкка 2-3 жылга салат. Пенсиялык акча – бул узак каражат, аны ипотекага ресурс кылып колдонуш керек. Экинчиси, камсыздандыруу. Бизде милдеттүү камсыздандыруу бул жылы дагы болбой калды. Менимче, бийлик ар дайым социалдык жарылуудан коркот. Милдеттүү камсыздандырууга, автокамсыздандырууга биздин эл көнбөй жатат. Балким, компаниялар, уюмдар 1-апрелден автокамсыздандырууну башташы мүмкүн...
"Азия Ньюс" гезити