Максатбек Казакбаев: “Абактагы саясатчы, активисттер ырайым сураганга барышпайт”
-- Кемпир-Абад иши менен башаламандык уюштурууга айыпталышкан саясатчылар, активисттер дале камакта жатышат. Алардын сот процесстери эмне себептен улам артка жылдырылып создугууда?
-- Кемпир-Абад маселеси азыркы тапта чоң көйгөйгө айланды. Бийликтин күткөнү бир эле нерсе, ал – кемпирабадчылар ырайым сураса экен (!) деген мүдөө. Албетте, абактагы саясатчы, активисттер андайга барышпайт. Ошол эле учурда бийлик, тескерисинче, көшөгө артында, ортомчулар аркылуу кемпирабачыларга өздөрү кайрылып калышы толук ыктымал. Дегеним, ал кайрылуунун мазмуну – ынтымакта биригүү, анын башкы себеби учурдагы мамлекеттин социалдык-экономикалык оор кырдаалга кептелип, саясый жана кадрдык кризис, коррупция, өлкөнүн багыты терс болгону ошого алып келатат. Азыр сот процесстеринин болбой создуктурурулуп жаткандыгы да ушул жогоруда айтылгандандардан кабар берет го...
"Азия Ньюс" гезити