“Манас” жана Касым Тыныстановдун ачыла элек сырлары


Элибиз Касым Тыныстановду биринчи иретте атактуу тилчи-окумуштуу, таланттуу акын, драматург, алгачкы агартуучу, коомдук ишмер катары жакшы тааныйт. Бирок анын тунгуч Манас таануучу болгондугу жөнүндө окурман журтунун ушу күнгө чейин ачк-айкын кабары жок. А чындыгында XIX кылымдагы Ч.Валиханов, В.Радловдон кийин ХХ кылымдын 20-30-жылдарында Кыргызстанда “Манас” темасын көркөм өздөштүрүүгө жана изилдөөгө биринчилерден болуп киришкен Касым Тыныстанов болгон. Ал бала кезинен өзү айткандай, “Манас театрын” көрүп, далай манасчыларды угуп чоңойгон. 20-жылдары чоң манасчы Чоюке менен көзмө-көз жолугуп, баарлашкандыгы жөнүндө Тыныстановдун өзүнүн эскерүүсү бар. Касым Тыныстанов “Манастын” чоң билерманы болгон. Манасчы Саякбай Каралаев алгач Фрунзеге келгенде Тыныстановдун алдында “Каныкейдин тайторуну чапканын” айтып, анын сыноосунан өткөн. Кыскасы, “Манас” эпосу менен Касым Тыныстановдун каны-жаны бирге болчу. Мына ошон үчүн совет бийлигинин алгачкы жылдарында кыргыз акындарынын ичинен биринчи болуп Манастын күмбөзүнө ыр арнаган. Биринчи болуп “Манас” пьесасын (“Академия кечелеринин” биринчи бөлүгү) жазып, ал драмалык чыгарма 30-жылдардын башында кыргыз театрында коюлган. Касым Тыныстанов эпостун “Чоң Казат” бөлүгүн орус тилине которууга катышкан.
1935-жылы кыргыз өкмөтү Фрунзеде биринчи жолу “Манас” эпосуна арналган илимий конференцияны уюштурган. Ага интеллигенция өкүлдөрү, студенттер, өкмөт жетекчилери, манасчылар катышып, башка республикалардан да окумуштуулар келишкен. Жыйындын аягында Саякбай Каралаев 30 мүнөт манас айткан. Бул чоң иш-чараны уюштуруучулардын, андагы докладчылардын көбү 1937-жылы репрессияга кабылгандыктан, 1935-жылкы конференция тарыхтан сызылып, илимий жыйындын стенограммасы КГБнын архивине катылып, эгемендүүлүккө чейин ачыкка чыгарылган эмес.
Конференцияда башкы илимий докладды Касым Тыныстанов жасаган. Анын бул конференциядагы докладын Манас таануу илиминин Ала-Тоодогу алгачкы карлыгачы катары эсептесек болот. Докладынын башында Тыныстанов “Манастын” кыргыз элинин турмушунда орчундуу орун ээлеп келгендигин, көлөмү жана ыр байлыгы жагынан салыштыргыс экендигин, профессионал жомокчулар аны айлап айтса түгөнбөгөндүгүн, эпикалык чыгармалардын ичинен “Манас” эл арасында өтө популярдуулугу менен айырмаланарын, эпостогу Бакай аттуу каармандын эл оозуна ылакап болуп кирип кеткендигин баса белгилеп, үчилтиктин чыныгы элдик чыгарма экендиги жөнүндөгү логиканы туюндурган. Касым Тыныстанов андан ары “Манас” өткөндүн маданий мурасы катары дүйнөлүк адабияттын казынасынан алдыңкы орундардын бирин ээлөөгө татыктуу деген идеяны айткан. Оратор эпостун мындай салмагы анын көлөмүндө гана эмес, анын бай жана кызыктуу мазмунунда жаткандыгын, ошондой эле эпостун дүйнөлүк мааниси кыргыз элинин гана эмес, Орто жана Борбор Азия элдеринин байыркы турмуш-тиричилигин, нраваларын, психологиясын, салттарын ар тараптан чагылдыргандыгында, тарыхый илим үчүн, этнографиялык иликтөөлөр үчүн бай материалдарды бере тургандыгында деп тастыктаган. Ушундай зор мазмундагы чалкыган “Манастын” дүйнө окумуштууларынын арасында али белгисиз экендигин белгилеп, эпосту кеңири масштабда даңазаланууга татыктуу (!) деген ойду ишаралаган. Ал докладында Сагымбай Орозбаковдун илгерки турмушту өтө колориттүү сүрөттөгөндүгүн белгилеп, аны биринчи жолу “Улуу жомокчу” деп атаган. Ал 30-жылдарда Сагымбай Орозбаковдун али китеп болуп чыга элек араб арибиндеги том-том кол жазма вариантын чоң мээнет жумшап окуп, талдап чыккан. Жаңы эле калыптанып жаткан тунгуч интеллигенция өкүлү Касым Тыныстановдун “Манаска” мындай масштабдуу караганы – анын терең ой жүгүрткөн, билимдүү, даанышман инсан экендигин далилдеп турат.
Докладчы эпосту театралдык чыгарма катары атап, манасчы бир жагынан каармандардын ролун аткарган актёр, экинчи жагынан ал эпостун музыкасын жөнгө салып турган дирижер деген ойду конференцияда биринчи болуп айткан. Касым Тыныстанов музыкалык жагынан алганда, “Манас” ыргактуулукка, ритмге абдан бай экендигин, кээде уйкаштар жыйырмага чейин созулуп кете берерин, ыр жолдору ассонанстарга, аллитерацияга ширелгендигин, эпикалык тексттердин музыкалуулугун, жомокчулар түркүн сюжеттик кырдаалдарга жараша түркүн обон менен айтарлыгын, манасчыларда 21 түрдүү обон мотивдери бар экендигин ырастаган.
Касым Тыныстанов өткөндөн калган жазма мурастар жок экендигинин шарттарында оозеки түрдө жашаган “Манас” эгер анын поэтикалык байлыгын мыктылап пайдалана билсе, ал советтик кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө өзүнүн орошон салымын кошорун, эпос көркөм тилге, лексикага, грамматикалык формаларга, түркүн стилге жана композицияга бай экенин баса көрсөткөн. Ал эпостун каармандарына учкай кайрылып, “Манастын” көркөм типтеринин идеалдаштырылып түзүлгөндүгүн белгилеп, бирок Манас баатырдын образы шаблондуу эмес курулгандыгын, оң жагы, сол жагы да көрсөтүлгөндүгүн айтып келип, “Манас бирде мыкты уюштуруучу катары көрүнсө, бирде улуу адам катары улуу катачылыктарды да жасайт” деп башкы каармандын көркөм элесинин өзгөчөлүгүн, мындайча айтканда, карама-каршылыктуулугун, демек, анын баатыр катары, пенде катары да шөкөттөлгөндүгүн туюндуруп, өз докладында “Манасты” көркөм дөөлөт катары карап, эпостун мазмунуна гана эмес, анын көркөм формасына да көңүл буруп, чыгарманын поэтикалык кооздугун көрсөтүп, өзүн эстетикалык табити кылдат сынчы катары байкаткан.
Айта кете турган нерсе, Касым Тыныстанов ошол кездин идеологиясына ылайык докладында “Манасты” саясатташтырып караган жагдайы да бар. Анткени ал “Академия кечелери” драмалык трилогиясында Манасты, Шабданды даңазалап, феодалдык заманды идеализациялаган делип, саясый жактан айыпталып, 1932-жылы драмалык чыгармасы атайын өкмөттүк токтом менен сахнадан алынып ташталган. 1935-жылкы докладында Касым Тыныстанов саясый жактан сак болуп калгандай. Анын кыргыз бай-манаптары, феодал төбөлдөрү “Манасты” өздөрүнүн элге жат идеологиясы үчүн пайдаланышкан деген ою өз мезгилинин саясый конъюнктурасына ылайык айтылган кеп катары кабыл алынат.
Анткен менен “Манас” эпосунун кайсы социалдык-экокномикалык формацияда пайда болгондугу жөнүндөгү Тыныстановдун идеясы кызыгууну туудурат. Ал өз докладында эпос кандай социалдык кыртышта жаралган деген суроону коюп, бул соболго “Манас” экономикалык жактан мал чарбачылыгына негизделген кыргыздын көчмөн феодализминин тушунда пайда болгон деп жооп берген.
Тыныстановдун бул аныктамасын даана түшүнүш үчүн салыштыруу ыкмасына кайрылууга туура келет. Бул үчүн, байыркы грек эпосу “Илиада”, “Одиссейдин” каармандарына байланыштуу окумуштуу В.А.Шкуратовдун төмөндөгү жазганын окуйлу: “Илиада” менен “Одиссейде” каармандардын жүрүм-турумунун, жасаган жорук-жосунунун, таштаган адамдарынын чыныгы автору каармандардын өзү эмес, асмандагы кудайлар болуп эсептелет. Кудайлар каармандарга жогортон белгилүү бир сезимдерди жана ойлорду тартуулап турат. Афина кудай каарданган Ахиллди чачынан кармап туруп, Агамемнондон ажыратып, ага жакынкы келечекке көрсөтмө берет. Афродита кудай Паристи эрөөлдөгү өлүмдөн сактап калат. Аполлон кудай жарадар Гекторду аскерлердин катарына келип турууга буйрук берет. “Илиаданын каармандары өздөрүн кудайлардын марионеткалары сыяктуу алып жүрүшөт” (В.А.Шкуратов. Историческая психология. – Москва, “Смысль”, 1997, 243-б.).
“Манастын” сюжети кыргыз журтунун реалдуу социалдык турмуш тиричилигине негизделгендиктен, эпостун негизги каармандары кандайдыр бир мифологиялык кейипкерлер эмес, кадимки эле жердеги жандуу кишилер.
“Илиада”, “Одиссейге” салыштырмалуу карасак, “Манас” эпосунун каармандарынын жүрүм-туруму асмандагы түркүн мифологиялык кудайлардын эрки жана буйругу менен эмес, негизинен өздөрүнүн эле жердеги турмуштук максаттары, кызыкчылыктары, жана муктаждыктары менен аныкталат. Миф бар болсо да, ал “Манаста” каармандардын тагдырында аныктоочу ролду ойнобойт. Мына ушундай жагдайды көрөгөчтүк менен байкагандыгынан улам, тунгуч Манас изилдөөчү Василий Радлов XIX кылымда Санкт-Петербургда жарык көргөн “Түндүк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү” аттуу томдукка жазган кириш сөзүндө “Манастын” образдары жомокко, фантастикага караганда, реалдуу турмушка жакын экендигин белгилеп, кыргыз эпосун элдин бүткүл оюн, умтулуштарын, духун чагылтып көрсөткөн эң зор эпикалык классика катары мүнөздөгөн.
Байкасак, кыргыздын “Манас” эпосу “Илиада”, “Одиссейди” жараткан байыркы мифологиялык грек дооруна караганда, өнүгүүнүн өйдөгө көтөрүлгөн башкача тарыхый стадиалдык деңгээлинде жаралган экен. Чыңгыз Айтматов В.Радлов сыяктуу эле “Манас” эпосундагы реалисттик башталмаларды (фольклордук реализм) байкап, дастандын структуралык негизинде жаткан кыргыздын көркөм ойлоо аң-сезиминин өтө өнүккөндүгүн туура белгилеген.
Кыскасы, “Манас” эпосунун пайда болгон, жаралган социалдык чөйрөсү көчмөндүк феодализмдин чөйрөсү катары аныкташы Касым Тыныстановдун кыргыз эпосунун спецификасын терең билгендигин жана окумуштуулук көрөгөчтүгүн даана айгинелеп турат. Дегеле, Касым Тыныстанов өз мезгилинин билимдүү чыгааны болгон. Замандашы профессор Е.Д.Поливанов, “Орто Азиядагы гуманитар илимпоздордун ичинен Касым менен салмакташары жок” деп бекеринен айткан эмес.
Касым Тыныстанов докладында кечээки кыйын заманда ырчы-жомокчулар, манасчылар көп учурда жакыр социалдык катмарлардан чыккандыктан, бийлик төбөлдөрүнө экономикалык жактан көз каранды да болушкандыгын, кээде ырчылар, манасчылар ири феодал-манаптардын карамагында кызмат кылгандыгын, мелдештерде жеңилип, кожоюндун короосунан айдалып чыкпаш үчүн алар өз өнөрлөрүн кайрап, бүлөп, өркүндөтүп турушкандыгын, кожоюндардын талабы менен кай бир учурда “Манаска” жасалма өзгөртүүлөрдү да киргизип жиберишкендигин маалымдап өтөт. Тыныстанов айткандай, манасчылык эл ичинде абройлуу өнөр болгондуктан, манасчылыкты кесип кылган таланттарды өз короосуна кызматка алган манаптар да аз эмес болгон. Мисалы, атактуу манасчы Чоюке Таласта Кызылбаш Кудайберген деген чоң манаптыкында 5-6 жыл, Чүйдөгү Айылчы аттуу манаптыкында 3-4 жыл манасчы болуп кызмат аткарган. (Бул жөнүндө караңыз: К.Рахматуллин. Манасчылар. – Фрунзе, Кыргызмамбас, 1942, 98-бет).
Корутундулап айтканда, Касым Тыныстановдун 1935-жылкы илимий жыйында жасаган доклады Манас таануунун тарыхында олуттуу мааниси бар, фольклористикага өзүнчө из калтырган, оригиналдуу ойлорго бай, баалуу илимий тунгуч эмгек болуп саналат. Докладда “Манастын” төмөндөгү өзгөчөлүктөрү белгиленген:
-- улуттук гана эмес, дүйнөлүк мааниси бар экендиги;
-- башка эпосторго караганда “Манастын” эл ичиндеги ченемсиз популярдуулугу, чыныгы элдик чыгарма экендиги;
-- эпос кадимки тарых эмес, бирок “Манастын” эл тарыхынын издерин алып жүргөндүгү, демек, эпостун калктын тарыхый тагдырынын негизинде жаралгандыгы;
-- көркөм формасынын кооздугу, тилдик байлыгы, стилдик түркүмдүүлүгү, Манас айтуунун актердук мүнөзү;
-- эпостун кыргыз профессионал адабияты, маданияты үчүн казына, көрөңгө экендиги;
-- эпостун жаралган доорун кыргыздын көчмөн феодализминин доору деп аныктагандыгы;
-- эпостун замандар агымында дайыма кыймылда, динамикада туруп, улам жаңы мотивдер менен толукталып тургандыгы.
“Мына ушундай динамиканын натыйжасында аскердик казаттардын башына коюлуп, идеялизацияланган Манас сыяктуу тип бара-бара көз карандысыздыкты, боштондукту коргогон баатырга айланган” деп бүтүм чыгарган окумуштуу.
Бир сөз менен айтканда, Касым Тыныстановдун 1935-жылкы конференцияда жасаган доклады бир катар олуттуу ойлорду, кылдат байкоолорду өз ичине камтыйт жана өзүнүн илимий мүнөзү менен айырмаланат. Эпостун мазмуну менен формасын чогуу карап сөз кылганын окумуштуунун методологиялык жетишкендиги катары баалоого болот. Ал өз докладында мурдагы Чокан Валиханов, Василий Радлов айтпаган жаңы ойлор менен Манас таануу илимин толуктап, өзүнүн сейрек жаралган аналитик экендигин тастыктаган. Октябрь төңкөрүшүнөн кийинки Манас таануунун жаңы саамалыгы болуп эсептелген Касым Тыныстановдун доклады кийинки эпос боюнча изилдөөчүлөр үчүн кээ бир тематикалык-проблематикалык багыттарды тартуулаган. Бирок тилекке каршы, окумуштуунун 1937-жылы репрессияга кабылышына байланыштуу доклад мамлекеттик коопсуздук комитетинин архивине бекитилип, эгемендүүлүккө чейин коомчулукка белгисиз болуп кала берген жана аны изилдөөгө да тыюу салынган.











