Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келдибек Ниязов, КР эл артисти: “Асанкул байке ыйлаганда Асек Жумабаев арканды жерге чаап...”

Келдибек Ниязов, КР эл артисти: “Асанкул байке ыйлаганда Асек Жумабаев арканды жерге чаап...”

22-март, 22:35
992 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Келдибек байке бу саам Асанкул Шаршенов менен Асек Жумабаевдин бир жолку жоругун эске салды.

-- Өткөн кылымдын 70-жылдары опера-балет театры оңдоо-түзөө иштерине жабылды, баарын филармонияга көчүрүп келишти. Кудай бетин салбасын, 10 баланы араң багып атканда үстүнө дагы 15 бала бапырап кирип келип калгандай болду. Тиги жакта бийчилер тыйрактап, бу жакта сурнайчылар дүкүлдөп, ырчылар озоңдоп, ызы-чуу...

Эртең менен эшиктин алдында Асек Жумабаев, Хусейн Муктаров, Кыдырбек Чодронов, Токтоналы Сейталиев сындуу опера ырчылары менен филармониянын аксакалдары кошулуп күнүмдүк жаңылыктарын ортого салып, таш-талканын чыгарып аткан кез экен. Асанкул Шаршенов байке экөөбүз радиого барып, “Кутмандуу болсун күнүңөр” берүүсүнө катышып келатканбыз. Аларды алыстан көрдүк. Анан Асанкул байке мага “азыр барып учурашкандан кийин Асек Жумабаев байкеден “мобу Асанкул байке силерге согум таап берди беле?” деп сурасаң. Эстээр бекен?” деди. Барып учурашып калдык. Асек байке бизди карап, “окшошуп, чекисттердей болуп кайдан чыга калдыңар?” деди. Анткени кийингенибиз окшош кара шляпа, кара плащ бар болчу. Мен “Асек байке, Асанкул байкем кайсы бир учурда силерге согум таап берди беле?” десем, Асек байке алаканын шак уруп, “ой энеңди-и, мунун кылбаганы жок да. Ушуга жапырт ишенген биз келесоо экенбиз. Эми мен аны жакшы айта албайм. Андан көрө өзү айтып берсин” деди. Асанкул байке мойнун ары созуп, бери созуп, эриндерин кынаптап туруп эстеп турганы:

“Анда азыркы спорт сарай турган жерде барак үйлөр бар эле. Болгон аттуу-баштуу артисттер турушчу. Менин да бир бөлмө үйүм ошол жерде болчу. Сыртта ар бир үйдүн очоктору: бирөө бозо кайнатып, бирөө эт салып дегендей. Ал жердин азыркыча домкому Асек байке баарын башкарчу, түзүрөөк жерге ордо чийинин чийип коюп ордо атышат. Башкалары тилин алчу. Ноябрь айынын орто чени, кечки тамактан кийин үч жерге бөлүнүп алып түн бир оокумга чейин лото ойномой. Арасында катын-калач да бар. Ал күнү мен да лото ойной калдым. Үч айланганда баардык акчамды уттуруп ийип, шалпыя түштүм. Асек байке шыпылдап атып акчанын көбүн шыпырды. Анан Асек байке “эй, убакыт өтүп баратат, күз да аяктап калды, төрт киши бириге калып согум сойбойлубу? Жаш кунаажын болсо сонун болмок. Баш-шыйрагын, ичеги-карын, майда-баратын бир казанга салып чогуу ооз тийели. Калган этин туздап койсок, жазга чейин жетебиз” деп калды. Чыдабай кетип Асек байке “өткөн жумада үйгө барсам, атам кысыр калган 3 жашар кунаажынын эмдиги базарга алып чыксамбы...” деп айтып оозду жыйгыча Асек байке адатынча алаканын шак коюп бакырып жиберди, “ой, ал деген “өрүк” экен да. Кысыр калса тез жөнө. Ашып кетсе 60 сом болот. Ме, сага өзүнчө 10 сом. Эй, кунаажынды оттотпой жай жетелеп кел. Пишпек жакка келгенде жакшы сугарып кой. Ичеги-карыны таза болот” деди. Ошентип колума 70 сом тийери менен кеттим. Жанагы 10 сомго Төкөлдөштөгү досторум менен чардадым. Түнү менен пиво, вино ичип, эртең менен жетелеген кунаажыны жок келсем, баягы төртөө турат. Бирөөнүн колунда кайрак, бирөөнүкүндө бычак. Асек байкеникинде аркан. Командирдей болуп ары-бери чыкылдап басып жүргөн экен. Мени көрө калып, “Эй энеңди... Кана кунаажын? Качырып ийдиңби?” деп үнү өктөм чыкканда, мен сүйлөй албай өңгүрөп ыйлап ийдим да, “Асек байке, атам былтыр кунаажынды жайлоого жибербей, өзү айылдын четиндеги коого откозчу. Анан табити ачылып кетип ошол кунаажындын башын кучактап алып өпкүлөп кирет. Аны чукул жерден башкарма, жанында жүргөн колхоз активдери көрүп калып, эртеси элди чогултуп алып жыйналышка салат. Атамды каргап-шилешип, “элде жок жорук-жосунду кылганың үчүн айылдан көчүп кет же болбосо ошол кунаажыныңды кошуп өрттөп ийебиз” деп атышыптыр” деп өңгүрөп ыйлап ийдим. Тигил төртөө баштарын жерге салып карап турушат. “Асек байке, сиз менен кеңешейин деп келдим. Ошол кунаажын адалбы, же арам кунаажынды жей бересиңерби?” деп ого бетер өңгүрөп ыйлап сала бердим. Асек байке башын көтөрүп, “энеңди-и десе, бул эмне деп дөөрүп атат ыя?!” деп колтугундагы арканды жерге бир чапты. Мен солоктогон бойдон колумду чөнтөгүмө салып 10 сомду берейин дегенде Асек байке “ок энеңди десе, ошол 10 сом баштан-көздөн садага, кунаажынды жанталашып өөп-жыттагылаган атаңа бер. Атаң өпкүлөп эле тим калбай, башка жагына да барса керек...” деп жерге түкүрүнүп алып, ары басып кетти. Беркилери мени ашата сөгүп, “согум жебей балээ жейли” деген бойдон Асек байкемдин артынан түшүштү. Мен алар кеткенден кийин каткырган бойдон качып кеттим” деп сөзүн бүтүрдү. Ошол жерде тургандар бир каткырып күлүп алганбыз...          


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер