Канат Мурзахалилов, диниий эксперт: “Маркум Чубак ажы өзгөчө бир уникум инсан эле”
-- Канат мырза, дин ишмерлеринин арасынан мен билгенден Чубак ажы диний билими, светтик билими да жеткилең инсан эле. Дин башкармалыгында иштегендер баары ошондой төгөрөгү төп келген адам болушу үчүн эмне кылыш керек? Айтайын дегеним, ислам университетин бүтүргөндөр мечитте, же казыят, муфтияттарда гана иштей алышат. Алар универсалдуу кадр боло алышабы?
-- Маркум Чубак ажы өзгөчө бир уникум инсан эле. Анын эки жакты тең алып кеткен билим деңгээли бала кезден калыптанып, тынбай изденип, окуп, өзүнүн үстүнөн иштегендигинин натыйжасы да. Бул сапатка ээ болуу адамдын өзүнөн гана көз каранды го. Аны бир гана муфтиятка байлап койгон туура болбой калат. Бирок, уучубуз куру эмес. Азыр диний көз карашы мамлекеттик түзүлүшкө бап келген, билим деңгээли жогору аалымдарыбыз менен имамдарыбыздын көптүгү кубандырат. Себеби, диний кызматкерлердин коомду руханий жактан тарбиялап, өзгөртүүдө ролу чоң. Бул потенциалды мамлекет туура багытта гана пайдаланып, иштөөсү зарыл. Учурда өлкө боюнча исламий билим берүү багытында иштеген Кыргызстан ислам университети, 10дон ашуун ислам институттары, 100гө жакын медреселер иштеп жатышат. Мындан тышкары, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз -Түрк "Манас" университетинде теология факультеттери бар. ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультети дагы ислам чөйрөсүнө адистерди даярдашат. Сиз айткандай, мындан бир нече жыл мурда диний окуу жайлардын дипломдорун мамлекет тааныган эмес. Себеби, алар билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аттестациядан жана аккредитациядан өткөн эмес эле. Мындан сырткары, чет өлкөлөрдөн диний билим алып келген студенттердин документтерин нострификациядан өткөрүүдө кыйынчылык жаралган. Ошондуктан, биздеги жана чет жактан диний билим алган жарандарыбыздын дипломдору бир гана диний структураларда иштөөгө мүмкүнчүлүк берген. Учурда Кыргызстан ислам университети баш болгон бир нече ислам институттары менен медреселер билим берүү жана илим министрлиги койгон талаптарды аткарып, лицензияга ээ болушту. Бул деген эми алардын бүтүрүүчүлөрү диний, светтик дагы мекемелерде иштесе болот дегенди билдирет. Бирок, диний окуу жайлардын лицензия алуусу мажбур түрүндө болбош керек. Кайсы медресе, же ислам институту кааласа аттестациядан өтүп, лицензияга ээ болсун. Ошондо аларга тапшырып жаткан абитуриенттер менен алардын ата-энелеринде дагы тандоо мүмкүнчүлүгү жаралат. Мындан сырткары, мамлекет тез арада чет жактан диний билим алып келген биздин жарандардын дипломдорун таанууну жолдору табыш керек. Маселени комплекстүү изилдөө үчүн тез арада комиссия түзүлүп, анын корутундусунун негизинде Министрлер кабинети токтом же тескеме чыгарса муз ордунан жылмак. Сырттан билим алган бир нече миңдеген биздин мекендештердин көйгөйү чечилмек. Качан гана эркин конкуренция, тандоо мүмкүнчүлүгү жаралганда сиз айткандай универсалдуу кадрлар жаралат.
-- Дин аалымы болуш үчүн билимди сөзсүз эле чет элден алыш керекпи? Биздин окуу жайлардын деңгээлин ошолордукуна жеткирсек болбойбу?
-- “Көч бара-бара түзөлөт" демекчи, биздин диний окуу жайлардын дагы материалдык-техникалык базасы, окутуучулук курамы калыптанып, жогорку деңгээлге чыга баштады. Башында, эгемендүүлүктүн алгачкы 15-20 жылына караганда диний билим чөйрөсүндө топ позитивдүү өзгөрүүлөр бар. Эми аны муфтияттын ички локалдык документтеринин, мамлекеттин тийешелүү укуктук-ченемдик документтеринин негизинде чыңдоо зарыл. Анан окуу жайлардын толук функционалдуу иштөөсү үчүн туруктуу каржы булагын табуу керек. Ошондо гана биз чет өлкөлүк окуу жайларга альтернатива жарата алабыз.
"Азия Ньюс" гезити