Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ысык-Көл форуму жана Султан Раевдин сонатасы

Ысык-Көл форуму жана Султан Раевдин сонатасы

16-июнь, 11:32
398 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз азыр улуу жердешибиз Чыңгыз Айтматов түптөп кеткен “Ысык-Көл форумунун” 40 жылдык юбилейине карата дүйнөлүк интеллектуалдардын чогулмасынын астанасында турабыз. 1986-жылы Ысык-Көлдө дүйнөлүк акыл-эстин дөө-шаалары, Нобелдик сыйлыктын ээлери Чыке менен чогуу адамзаттын келечеги жөнүндө акыл калчашкан. Себеби ал кезде тирешкен эки система (СССР, АКШ) ядролук коркунучтун апогейине жетип, эгерде ядролук согуш жүз берсе адамзаттын жашоосу бүтүп, жер өз огунан чыгып кетүү коркунучу реалдуулукка жакындап калган кезде чогулушкан (Ысык-Көл форуму жана андагы Горбачев, Ч.Айтматов, А.Масалиев жөнүндө башка материалда кенен сөз болот). Бул форумдун жыйынтыгында ошол согушту баштаган жана ошол кнопканы баскан конкреттүү адам болгондугунан адамды акыл эске чакырган. Ал эми андан кийин “ковид” мезгилинде адамзатка баш ийбеген да коркунуч бар экенин көпчүлүк түшүндү. 

Мына эми азыр адамзат алдында жаңы чакырыктар, жаңы маселелер пайда болду. Бул дүйнөдөгү ааламдашуу, илим-билимдин жетишкени, жасалма интеллектин пайда болушу, адамзатка менталдык өзгөрүү алып келди. Ушунун баардыгы акыркы чейрек кылымдан көбүрөөк мезгилде эле пайда болду. Бизде, кыргыздарда  “элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” деп айтылчу эмеспи. Ал эми бул маселени изилдеген окумуштуулар 100, 200, ал эле эмес 500 жылда кандайдыр бир өзгөрүүлөр жөнүндө айтып келсе, азыр ал өтө тез, көз ачып жумганча жүз берип жатпайбы!

Мына кечээ эле эгемендүүлүккө жеткен жылдарыбызда биздин каалообуз, максатыбыз батыштын маданияты, батыштын демократиясы, батыштын турмуш образы эмес беле. Азыр биз ошондо пир туткан ошол батыш өзү Макрондун тили менен айтканда  “жинди болуп кетти”. Же башкача айтканда, ким кайда жашабасын алардын пейли бузулуп, кыямат кайым жакындап калгандай ой калтырат. Бул глобалдык эле эмес, жалгыз, айрым адамдардын өзүндө, алардын ой тутуму, баскан-турганы, жасаган иштерине карата өздөрүндө кыямат кайым болуп жатат.

Мына ушундай эпикалык ойлордон куралган Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин “Арал. Жалгыздыктын сонатасы” деген метафизикалык драмасын Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры койду. Койгон режиссёру тажикстандык Барзу Абдураззаков. 

Чындыгында Султан бүгүнкү күндөгү адамзат тушуккан чындыкты театрдын тилине өтө билгичтик менен салган. Ар бир кыймыл, ар бир айтылган сөз, ар бир монолог чоң жүктү көтөрүп турат. Драманын аннотациясында минтип көрсөтүлгөн: “Бүткүл дүйнөлүк Топон каптаган суудан кийин бир үй-бүлө кургак жерге туш болот. Суу каптап көтөрүлүп көбөйө берет. Топон суудан качып, өздөрү менен өткөн-кеткен таарынычтарын, сокурлугун, бири-бирин уга билбегенин ошол аралга ала келишет. Бири-бирине жакындап, колдоп жана сүйүп жашоонун ордуна, алар аралдын мейкиндигин, эскерүүлөргө, коркууларга, үмүттөнүүгө, кыялдарга, жеке меники туура жана ким күнөөлүү экенин издөөгө толтурушат... Демек, кырсык алда канча эрте башталган”.

Драмадагы Топон суу бул бүт жер жүзүндөгү турмушту жок кылып, төрт адам гана кандайдыр бир аралчада тирүү калышат. Жубайлар жана алардын эбак эле бойго жетип калган уул кызы. Мына эми алар кыямат кайымда, акыр заманда, өлүм көзгө көрүнүп турган мезгилде турушса да кайдагы бир өткөн турмуштарындагы болбогон бир маселелерди козгошуп, ошондон ары-бери айтышып, пенделик кылышат. Эми мындан ары кантип жашайбыз, кандай болот, биздин эртеңибиз эмне болот (?) дегендей суроолор бул төртөөсүнүн башын оорутпай улам эле өткөндөгүлөрүн эстешип, бирин-бири күнөөлөмөй. Бул биздин бүгүнкү күндүн көрүнүшү, театрдын тили менен айтканда, турмуштагы ар бирибиз өзүбүздү көрөбүз.

Драмадагы төрт адам кыргыз же орус эмес, бул улуттан жогору турган кейипкерлер жалпы адамзатка тиешелүү маселелерди чагылдырып турган инсандар.

Эми мен аталган чыгарманы баштан аяк комментариялабай эле бир сөз менен айтканда, бул эмгек адамдары өлүм алдында турушса да, же башкача айтканда, кыямат кайым менен бетме-бет келишсе да, кандай абалда болгондугун көрсөткөн чыгарма.

“Арал” – дегенде мен башта бу казактардын соолуп бараткан аралы го (?) деп ойлодум эле, жок, көрсө ар бир адамдын өз аралы, өз жалгыздыгы, өз маселеси жөнүндө экен...

Эми аягында айтаарым,  мен театрдын өтө эле күйөрманы жана билерманы эмесмин. Ошондуктан жеңил-желпи мелодрамага, көзүнө жаш алып көргөн жасалма окуяларга көнүп калган биздин театр сүйүүчүлөр кандай кабыл алаарын биле албайм. Ал эми мен Г.Маркестин “Жалгыздыктын жүз жылы” же Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармаларын окугандай эле рахат алдым. Өркүнүң өсө берсин, калемиң төшөлө берсин, атың ааламга жетсин Султан  иним!

                                                                                                                            Жолборс Жоробеков

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер