Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алишер Козуев: “Жаңы аэропорттун курулушу биз үчүн абдан пайдалуу долбоор болот”

Алишер Козуев: “Жаңы аэропорттун курулушу биз үчүн абдан пайдалуу долбоор болот”

23-январь, 09:00
608 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алишер мырза, кечээ жакында аба ырайынын шартына байланыштуу самолёттор убактылуу учпай калганынан улам аэропорттордо жүргүнчүлөр үчүн жагымсыз абал түзүлгөнүн өзүңүз айттыңыз. Мындай болбошу үчүн сиздин оюңузча эмне кылыш керек?

-- Бул жерде биринчи кезекте аэропорттун дагы жалпы шартын караш керек. Ошону менен бирге эле авиакомпаниялардын милдеттенмелерин күчтөндүрүү зарыл. Авиакомпаниялар, мисалы, Москвадан Бишкекке же Ошко чейин билет саткандан кийин айтылган дарекке милдеттүү түрдө жеткириши керек. Жанагындай кырдаал түзүлүп, самолёт өз учурунда учпай калса, жүргүнчүлөрдү убактылуу жайгаштырып, ысык тамак менен камсыздоого да милдеттүү. Алардын өз милдеттенмелерин аткаруусу боюнча аэропорттун жетекчилиги тыкыр иштеши зарыл.

-- Декабрь айынан баштап Ошту такай туман каптап, көп каттамдар өз учурунда аткарылбайт. Ушуга байланыштуу Ош аэропортун башка жакка көчүрүү боюнча маселе көтөрүлгөн, атүгүл жер да бөлүнүп берилген. Ошол жумуш ордунан жылчудайбы?

-- Бул боюнча менин толук маалыматым бар. Биздин Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Мады, Катта-Талдык айыл өкмөттөрүнүн аймагынан 500 гектарга жакын жер бөлүнүп берилип, трансформациялоодон да өткөн. Ал эл аралык аэропорт курганга эң ыңгайлуу жер. Эгер жакшы инвестор табылса, аны бериш керек. Себеби, Ош  аэрпорту биз үчүн стратегиялык да мааниге ээ. Жаңы аэропорттун курулушу биз үчүн абдан пайдалуу долбоор болот.

-- Пайдалуу экени талашсыз деңизчи, бирок инвесторду дагы канча күтөбүз?

-- Бүгүнкү күндө аны курганга мамлекеттин каражаты жетпейт да. Ага чоң суммадагы акча талап кылынат. Ошон үчүн сырттан инвестор издөөгө туура келет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер