Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев, эксперт: “Өзгөчө абал киргизилгенде свет өчпөйт”

Расул Умбеталиев, эксперт: “Өзгөчө абал киргизилгенде свет өчпөйт”

06-апрель, 21:03
647 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

--Бүгүнкү күндөрү карапайым адамдар карантинде отуруп, электр энергиясына каражат табуу кайгысын тартууда. Жеңилдиктер кандай берилсе болот?

--Азыр жоопкерчиликтүү оор күндөр болуп жатат. Карапайым адамдарга, колунда жок кыйналып тургандарга өкмөт толук кандуу жардам бериши керек. Көп адамдар бир күндүк тапкан акчасын тамак-ашка жана ушундай түрдүү төлөмдөргө жумшашат. Бүгүнкү күндө көп жарандар мындай төлөм түгүл күнүмдүк тамак аштын кайгысын ойлошуп, ачка калбастын айласын издешүүдө. Ошол сыяктуу карапайым адамдардын тизмесин такташып, өкмөт төлөп берсе, бир топ жеңилдик болмок. Электр энергия төлөмдөрү эле эмес, башка дагы түрдүү төлөмдөр бар.

Азырынча өчүрүүлөр болбойт. Өзгөчө абал киргизилгендиктен энергетиктер бүгүн өчүрбөйт. Бирок бул абалдан чыгып алсак, төлөөгө милдеттүү болушат. Акча каражаты жок адамдарга өкмөт тарабынан сөзсүз көңүл бурулушу шарт.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер