Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңы версия: Алманбет Анапияевдин өлүмүнө Мелис Турганбаевдин кандай тийешеси бар?

Жаңы версия: Алманбет Анапияевдин өлүмүнө Мелис Турганбаевдин кандай тийешеси бар?

08-декабрь, 11:10
26 619 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2015-жылы февраль айында Алманбет Анапияев Минскиден өлтүрүлгөн. Күбө катары анын ашпозчусу Гүлжигит Абилазизов Москвадан ИИМ өкүлдөрү Мирлан Каниметовго, Жаныш Гаипкуловго, Таалай Мамбетакуновго жолугуп, Бишкекке чогуу учуп келишкен эле. Кандуу окуядан кийин булар кандайча байланышып калышкан? Агезде ар кандай божомолдор, күмөн саноолор айтылып, коомчулукта түрдүү талкуулар жаралганы эсибизде. Андан бери жети жылдан ашык убакыт өттү. Биз жашыруун маалыматтардан алынган өзүбүздүн версиябызды ортого салалы. 

ИИМге берген көрсөтмөсү боюнча Гүлжигит Абилазизов өлтүрүүгө катыштыгы бар негизги адамдар катары Жаныш Бакиевди, Айбек Абдразаковду сыпаттайт. Айыптоо да бул экөөнө багытталат. Бирок, конкреттүү түрдөгү фактылар менен негизделген эмес. А реалдуу логикалык өнүгүүдөн алсак, Алманбет Анапияевди өлтүрүүгө Жаныш Бакиевдин, Айбек Абдразаковдун кызыкчылыгы болмок эмес. Себеби, үчөө бир команда эле, душмандары Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана андагы ички иштер министри Мелис Турганбаев экени ырас. Демек, оор, кысталыш кезеңде бакиевчилердин бири-бирине кол салышын элестете албайбыз. Берилген көрсөтмө алдын ала акылдашуу менен ойлонулган “жомок” болушу ыктымал.

Албетте, биз таккесе бүтүм чыгаруудан алыспыз. “Уккан кулакта жазык жок” дегендей, кыйыр маанисинде, суроо берүү таризинде чындыкка жакындаганга аракет жасайлы... Өз бөлмөсүндө Алманбет Анапияев акча санап отурса (көп өлчөмдө), кокусунан Гүлжигит Абилазизов эшиктен башбагып калганбы? Уруксаты жок киргени үчүн кагуу жеп, кайра артка кетсе керек. Бир канча убакыттан кийин Алманбет ашканага кирсе, Гүлжигит шакарап даярдап атканын элестетип көрөлү. Чыңалуу. “Эмне эшикти ачасың?!” деп көчүккө бир тепкени... Күтпөгөн жерден Гүлжигит кайрыла берип, колундагы бычакты Алманбеттин мойнуна шилтегенби? Жыгылып түшкөндө үстүнөн штанга менен бастырып, экөө алыша кеткени, жаракат алган Алманбет “көзүң жаман эле...” деп айтканга үлгүргөнү, ошол арада кайрадан бычак көкүрөк тарапка удаа-удаа урулганбы? Айтор, чай кайнамга жетпеген убакытта канабайрам көрүнүштү элестетсе болот бекен?..

Каргашадан соң Гүлжигит Абилазизов жакын адамын чакырып, Айбек Абдразаковдун машинасынын багажына жансыз денени салышып (Алманбет убактылуу айдап жүрсө керек), үйдөн 2 миллион доллар чамасындагы каражатты алып кетишкенби? Минскиден түз Москвага барып, анан ал жактан ИИМдин өкүлдөрүнө жолугуп, Бишкекке учуп келип атышпайбы. Мирлан Каниметов, Жаныш Гаипкулов жана Таалай Мамбетакунов – бул үчөө тапшырманы “лам” дебей аткаруучулар. А буйрукту Мелис Турганбаев берип атса, кандай мандем бар? Айтмакчы, Жаныш Гаипкулов менен Гүлжигит Абилазизовдун жакын туугандыгын эске алалы. Москвадан жолугушууну алдыртан сүйлөшүп алышы мүмкүн да, туурабы? Көмүскөдө өч алуу былыгы жатабы?..

Бишкекке келген соң Гүлжигит Абилазизов “пландалган” көрсөтмөнү берип, ИИМ оперлери аны беш ай кайтарып жатышканы, “карга-кузгунга чокутпай” Европага аты-жөнүн өзгөртүү менен качырып жиберишкени кандай? Бул жерде татаал деле маселе жок, ириде кылмышка шектүүнү Москвадан бери калкалап келишкендерди, андан сурак алышкандарды, кайтаргандарды профессионалдуу деңгээлде тергөөгө алышса, көмүскө сырды ачыкташабы? А баса, агездеги министр Мелис Турганбаев шопур Икрам Илмиянов менен сүйлөшүп, президент Алмазбек Атамбаевге чейин кирип, кандай көрсөтмө алууну акылдашканбы? “Кан коё бербейт” дейт. Эгерде Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча чындыкка жетүүгө азыркы бийлик кызыкса, көп кыңыр иштер ачыкталары шексиз. Арабызда жүргөн арбын адамдар шурудай тизилүү менен айыпталып калышпайбы? Мелис Турганбаев сап башына чыгып, кылмышка кандай фигурант болгону тастыкталабы? Албетте, суроолор көп. Мындан аркысына Камчыбек Ташиев менен Улан Ниязбеков ынтызар болушса, тез эле кандуу түйүндү чечип коюшабы?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер