Акыркы кабарлар
» Коом » Фейсбук күнүгө миллиондогон фейк аккаунттарды өчүрүүдө
Фейсбук күнүгө миллиондогон фейк аккаунттарды өчүрүүдө
20-февраль, 22:00
387 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Фейсбук күн сайын миллион фейк аккаунттарды өчүрүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Маалым болгондой, соцтармактын негиздөөчүсү Марк Цукерберг бул иштер саясый кампаниялар менен байланыштуу экенин билдирди.
“Учурда биз күнүгө миллиондон ашуун жалган аккаунттарды өчүрүп жатабыз. Көбү катталган соң бир нече мүнөттөн кийин эле билинет. Алардын негизги бөлүгү шайлоолорго таасир этүүгө аракет жасаган мамлекеттик субъектилер менен байланышта эмес. Алар түрдүү иш жасоону көздөгөн спамерлер жана кишилер. Бирок, албетте, айрымдары өкмөттүк кампаниялардын бир бөлүгү” деди Цукерберг.
"Азия Ньюс" гезити