Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Майып баланын төрөлүшүнө ата-эне өзүн күнөөлөбөшү керек

Майып баланын төрөлүшүнө ата-эне өзүн күнөөлөбөшү керек

15-ноябрь, 13:06
452 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Психолог Жылдызай Кудайбердиева мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомго аралашуусунун маанилүүлүгүнө токтолуп, балдар өздөрүнүн кемчиликтерин сезбей чоңоюшуна ата-энесинин таасири күчтүү экенин “Спутник-Кыргызстанга” маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, баланы кандай болсо ошондой кабыл алып, эч кандай шарт-талабы жок эле жакшы көргөндө гана бала толук кандуу жетилет.

"Негизинен бардык эле адамдар үчүн коомго аралашуу абдан маанилүү. Анын ичинен мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн өзгөчө шарттар керек болот. Эл арасында эркин жүрүүгө жана коопсуздугу үчүн ыңгайлуулук жаратуу зарыл. Бул жерде өзгөчө ата-энелерге басым жасагым келет. Анткени алар баласы үчүн керектүү шарттарды түзүп берсе, кемчиликтерин сезбей чоңоюшу мүмкүн. Сөзсүз түрдө атайын окуулардан өтүш керек. Инклюзивдүү атайын мектептер, класстар бар. Андан сырткары, кичинекей балдарды эгер ойной албаса да паркка алып барып, жөн гана ал жердеги атмосфера менен тааныштырып, көрсөтүү маанилүү. Ата-эне мүмкүнчүлүгү чектелген бала төрөлгөндө эч качан өзүн күнөөлөбөшү керек. Жасай алган нерселерине көбүрөөк басым жасап, өнүгүүсү үчүн шарт түзүп берүү зарыл. Ата-энеден алган мээрим абдан маанилүү. Ар бир ата-эне ден соолугу жакшы бала күтөт жана тилеги орундалбай калганда абдан оор абалга тушугат. Психолог катары алардын адиске кайрылып, жардам алуусун сунуштайм. Бул мындай оор учурду жеңилирээк көтөрүүгө көмөк болот" деди психолог.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер