Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ден соолукка зыянын тийгизген диеталар кайсылар

Ден соолукка зыянын тийгизген диеталар кайсылар

24-октябрь, 12:16
280 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Диетанын кайсы түрлөрү зыян экенин "Известия" агенттиги дарыгер-терапевт Ольга Александровага шилтеме берип жазды.

Ал айрым диеталар кишиге медициналык көрсөтмөлөргө байланыштуу түзүлөрүн, аларды адистин консультациясы жок арыктоо максатында колдонуу кооптуу экенин айтты.

"Мисалы, кетодиета бардык ооруну күчөтүп жиберет. Углеводдорду азайтуу же таптакыр баш тартуу организм үчүн көндүм нерсе эмес. Бат сиңе турган углеводдорду бир аз азайтса болот. Эгерде адамдын углевод алмашуусу начар болсо, ого бетер ден соолугу начарлап, өлүмгө чейин алып барышы ыктымал", — деди дарыгер.

Чийки тамак диетасы айыз циклин бузат. Мындай тамактанууда холестерин азайып, жыныс гормондору аз иштелип чыгат. Ошондой эле адамдын сөөк массасына жана булчуңдарына терс таасирин тийгизет.

"Суюктук ичип жүргөндөр, жадагалса пюре менен ботко эле жей бергендер чарчаңкы тартып жүрүшөт. Анткени суюктук адамга керектүү өлчөмдө энергия бере албайт. Адам тамакты чайнап жегенде тоет, бул азыктануудагы маанилүү нерсе", — деди адис.

Ошондой эле бир-эки азык менен диета кармоо ичеги-карындын иштешин буза турганын кошумчалады.

Мындан сырткары, жалаң жашылча-жемиш, өсүмдүк менен тамактанган кишинин организми жетиштүү деңгээлде белок албай калат. Тери, тырмак, чач жана булчуңга терс таасири тиет.

Адис диета ден соолук үчүн стресс экенин, арыктайм дегендер диетолог менен кеңешиши керектигин билдирди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер