Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан Акматбек: “Бул саам Рахмон чындыгында чарчаган көрүнөт”

Руслан Акматбек: “Бул саам Рахмон чындыгында чарчаган көрүнөт”

21-октябрь, 12:02
348 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- КМШ президенттеринин жолугушуусунда Рахмондун сүйлөгөн сөзү талкуу жаратты. Сиз кандай саясый боёкту көрө алдыңыз?

-- Мага Рахмондун сүйлөгөндөрү Кремль тарабынан атайын шыкакталгандай сезилди. Жөн эле жалынып жиберди го! Өзүнүн атынан сүйлөгөн жок. Борбор азиялыктар тарабынан сүйлөгөнгө аракет кылды. Башында эле жетекчиге кайрылгандай кайрылды. Кудум, тээ СССР убагында Москвадагы генсекке сурангандай жалооруй карап, безилдеди. Эч кандай теңата, суверендүү, көз карандысыздыктын, өнөктөштүктүн жыты да жок. Колхоздун башкармасы партиянын жетекчисине сүйлөгөндөй эле болду. Менин таңгалганым, бирөө да “өз атыңан айт”, же “ал сенин көйгөйүң” деп тыйып койгон жок. Путикем мисирейип карап турду. Мирзиёев такыр түшүнгөн жок. Кремлдин ички аудиториясына “көрдүңөрбү, биз СССРди кайра калыбына келтирели дегенибиз туура, биздин (орустардын) тарыхый миссиябыз бар. Ал эми украиналыктар түшүнбөй жатат..." деп багытталган месседж. "Малые народы" деп айтканга кантип дити барды? Же аны "маленькие диктаторы" деп түшүнүү керекпи?

Душанбе анча-мынча Москванын жоруктарын кагып коймой адаты бар эле, бирок бул саам Рахмон чындыгында чарчаган көрүнөт. Бир жактан талибан, бир жактан кландар, бир жактан балдары келише албай, тиги жактан Бадахшан, экономика, турмуш, чек ара... 

Рахмон ролун жакшы аткарды же айласы кетти, кыскасы


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер