Акыркы кабарлар
» Коом » Казакстанда вирустан 3 адам көз жумду, жуктургандар 343кө жетти
Казакстанда вирустан 3 адам көз жумду, жуктургандар 343кө жетти
01-апрель, 14:16

Коңшу Казакстанда коронавирус оорусунан үчүнчү адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-апрелде билдирүү таратты.
Министрликтин маалыматына ылайык, каза болгон адам Караганда облусунда катталган. Буга чейин коронавирустан каза болгон эки жаран Нур-Султан шаарында болгон.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус оорусун 343 адам жуктуруп алышты.