Акыркы кабарлар
» Коом » Эгемендүүлүк күнүнө карата Чуңкурчакта 200дөн ашык милиция жол коопсуздугун карайт
Эгемендүүлүк күнүнө карата Чуңкурчакта 200дөн ашык милиция жол коопсуздугун карайт
30-август, 19:21
231 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Эгемендүүлүк майрамына жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата 31-августта президенттин катышуусунда Чуңкурчак капчыгайында майрамдык иш-чара өтөт. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт. Жалпысынан патрулдук унааларга 200дөн ашык МАИ кызматкерлери тартылат.
Ыңгайлуулукту түзүү жана унаалардын жол тыгында токтоп калышына жол бербөө үчүн 11 унаа токтотуучу жай каралып, эвакуаторлор да колдонулат. Маршруттук таксилер элди унаа токтотуучу жайдан аянтчага чейин жеткиришет.
Фильтрациялоочу посттордо техникалык жактан бузулган унаалардын капчыгайга киришине чектөөлөр киргизилет, анткени алар бузулган учурда тыгын жаратышы мүмкүн. Буга байланыштуу ыңгайлуулук үчүн кичи автобустар жана маршруттук таксилер элди ташып турат.