Акыркы кабарлар
» Коом » Түркияда жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны 30га жетти
Түркияда жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны 30га жетти
24-март, 12:18

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттер аркылуу берген маалыматында: «Коронавирустан дагы 9 киши каза болуп, жаңы 289 бейтап катталды. Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миң 236га жетти»,-деди.
Министр Кожа бүгүнкү күнгө чейин 20 миң 345 тест кылынганын белгилеп: «Этият бололу. Өлкө бул коркунучка каршы жеңилүүгө учурабайт»,-деп айтты.











